Көпчүлүк арасынан дароо көзгө урунчу адам. Кийген кийими өзгөчө, заманбап, нукура. Баарлашуу да кызык бул инсан менен. Маек төрүбүздө – учурдагы кыргыз интеллигенциясынын жаш өкүлү, философ, дизайнер Миррахим Опош.
Туулган жылы – 1988-жыл, 1-январь
Туулган жери – Ош облусу, Алайкуу өрөөнү
Билими – Жогорку, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин философия жана илимдин методологиясы кафедрасынын бүтүрүүчүсү
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү
– Саламатсызбы, Миррахим мырза? Философия илимин окуп, изилдеп жүрүп, кантип мода дүйнөсүнө келип калдыңыз?
– Философия илимин 10 жыл окудум, изилдедим. Алгач Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен философия багытында билим алдым. Андан соң Москвадагы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетинен окууну уланттым. Жогорку окуу жайда 5 жылдай мугалим болуп иштедим.
Бул жаатта билим берген агай-эжейлериме ыраазымын. Анткени мага эркиндик беришти, эркелетишти. Философия илими өзүмдү издөөдө, өзүмдү таанууда чоң руханий мектеп болду. Илимий иштердин артынан жүрүп, бирок анын аягына чыкпай, мода дүйнөсүнө аралашып кеттим (күлүп).
2012-жылы Москвадан окуп келип, Индияга кеттим. “Ал жакка баргандар мурдагыдай бойдон кайтпайт” деп коюшат. Мен үчүн да чоң руханий ачылыш болду. Ошол жактан келгенден кийин акырындык менен чыгармачылыкка кириштим.
Эсимде, 11-класста окуп жүргөндө кийимдердин сүрөтүн тартчумун, бирок уялып баарын өрттөп салгам. Анткени кантип эле эркек бала кийим тиксин деген түшүнүк бар эле. Болбосо эркин үй-бүлөдө чоңойгом. Биздин үйдө баланы басынтуу, шылдыңдоо жок болчу. Көрсө, мээмде ошол кезде таракандар көп болчу экен да (күлүп).
– Учурда бул жаатта атаандаштык күч алган заман...
– Максатым кийимден акча табуу болбогондуктан, бул жатта эч ким менен атаандашпайм. Ар ким өз пейилине жараша ырыскысын алат. Мен үчүн буюмдун руханий мааниси бийик. Андыктан кийим аркылуу кандайдыр бир маанини, идеяны, ойду көрүүчүгө жеткиргим келет.
– Бир кездери улуттук оюм-чийим түшүрүлгөн кийимдер модада эле. Азыр кайсы тренд актуалдуу?
– Мода дүйнөсүндө “бул жылы мындай түс же кийим тренд” деген өзүнчө мыйзам бар. Бирок ал субъективдүү нерсе да. Ар бир дизайнер өзү каалаган түсүн тренд кыла алат. Мисалы, менин “ЭЭЛҮҮ” деген көргөзмөмдөгү кийимдердин түсү кочкул кызыл. Бул жашоонун, тирүүлүктүн түсү. Ал эми кыргыз кийимдерин караңызчы – өзүнчө эле түстөрдүн майрамы.
– Демек, жан дүйнөңүзгө илимден да чыгармачылык жакын окшойт?
– Азыр деле өзүмдү дизайнермин дей албайм, менден да күчтүүлөр бар. Кийимге, диний, руханий темаларга кызыкканым апамдан, ал эми уюштуруучулук жөндөмүм атамдан өткөн десем болот. Апам уз болсо, атам көп жылдар бою уюштуруучу, башкаруучу болуп иштеген адам эле.
Башында ачыла албай жүрдүм. Анткени дизайнерлик билимим жок эле. Бара-бара такшалдым, тажрыйба топтоло берди. Учурда маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча арт-менеджермин. Бул жаатта Ташкенттеги Орто Азиядагы маданий академияны бүтүрүп, Германиядан да атайын билим алдым. Бул менин үчүнчү кесибим.
Балага апа көп таасир этет экен. Баланын ички дүйнөсү, дүйнө таанымынын калыптанышына, жүрүм-турумуна эненин таасири чоң. Мен да энемдин таасири менен ушул чөйрөгө келип калдым десем болот. Эң алгачкы кийимдер көргөзмөмдө да апам жардам берген. Азыр да эң чоң колдоочум, жардамчым – апам.
Кийим мен үчүн жөн эле чүпүрөк, денени орогон нерсе эмес. Кийим – менин соотум. Бул нерсе адамды тең салмактуулукка алып келиши керек. Андыктан кийим жаратууда анын ар бир бөлүгү маанилүү. Демек, кийим мен үчүн – өзүмдү таануу.
– Сизди көбүнчө бай айымдарды кийинтет дешет...
– Менде бай, бай эмес деген түшүнүк такыр жок. Менин кардарларым – эл-жер көргөн, түшүнүгү, дүйнө таанымы, көз карашы эркин, өз ою, түшүнүгү бар адамдар. Мага келген ар бир адам менен алгач баарлашып, анан ошол адамдын маанайына, мүнөзүнө жараша кийим бычылып, түсү тандалып тигилет. Баары колго токулган кездемелер, саймасы болот. Баасы да ошого жараша коюлат.
– Бир кийим орточо канча сомго тигилет?
– Айта кетчү нерсе, бизде эмгекти баалоо деген түшүнүк жокко эсе. Баары арзан алгысы келет. Мисалы, базардан кардар жалпы массага арналып тигилген кийимди алат. Бизде жеке адамга ылайык иштелип чыккан, ага тилек кылып тигилген кийим болот. Кийимдердин баасы
3 миң сомдон башталат.
– Чет жерде кыргыз модасын көрсөтүү пландарыңыз барбы?
– Ушул жумада атайын кийимдер көргөзмөсү менен мода дүйнөсүнүн борбору Париж шаарына алгачкы жолу сапар алганы турам. Анда шырымалданган, колго сайма түшүрүлгөн, нукура кездемеден тигилген күнүмдүк жашоого, Европа элине ылайыкташкан кийимдер көрсөтүлөт. Анда апамдын, колуктумдун колу, батасы тийген кийимдер бар. Ниетим түз, каалоом күч баратам, кандай өтөрү Жараткандын буйругунан. Буюрса, сапарымды андан ары улап, Европа музейлерин кыдырганы жатам. Бул мен үчүн өзүнчө арт-зыярат десем болот.
– Маегиңизге рахмат, сапарыңыз ийгиликтүү болсун!
Турсунай Алымкулова