“ОСКАР” ТАРЫХЫНА АТЫН ЖАЗГАН МИШЕЛЬ ЙЕО

Оскар” алган алгачкы азиялык актриса...
Бир аптадан бери Мишель Йеонун персонасына дүйнө элинин кызыгуусу артып, “ким эле?” деп бир сыйра Гуглдан сурап чыгышты окшойт. 60 жашка чыкканда алгачкы ирет “Оскар” алганы эле болбосо, актрисанын өмүр баянында толгон-токой кызыктар, ийгиликтер жазылган.

Туулган жери: Малайзия, Ипох шаары (теги этникалык кытай)

Туулган жылы: 1962-жыл, 6-август

Жылдыз белгиси: арстан

Бою: 163 сантиметр

Кесиби: актриса

Тартылган белгилүү тасмалары: “Жеймс Бонд: Эртең эч качан өлбөйт”, “Гейшанын эскерүүлөрү”, “Мумия: Ажыдаар императорунун күмбөзү”, “Галактиканын сакчылары-2”, “Ашынган бай азиаттар”, “Шан-Чи жана 9 шакектин уламышы”, “Аватар: Суунун жолу”, “Баары, бардык жерде” жана башка

Мишель – балерина

Балет дегенде эмнегедир Чайковскийдин “Ак куулар көлү” балетинде бийлеп жүргөн балериналар эске келе берет. Мишель Йео да кичинесинен балетке кызыгып, 4 жашында балеринанын формасын кийген. Ата-энеси чыгармачылыктан алыс болгону менен, искусствону сүйгөн адамдар. Андыктан кызын театр, балетке ээрчитип барып жүрүп келечектеги багытын таап беришти окшобойбу. 15 жашка чыкканда атасынын жумушуна байланыштуу Лондон шаарына көчүп келишкен. Ал жактан Падышалык бий академиясынан билим алды. Келечекте прима балерина болмок... Бирок омурткасынан алган жаракаты багытын өзгөртүп, аны кино дүйнөсүнө алып келди.

Мишель кайсы бир уруш өнөрүн атайын үйрөнгөн эмес. Ошентсе да балеттен алган тажрыйбасы, өзүнүн фантазиясы жана устаттардын жардамы менен уруш өнөрлөрүнүн кыймылдарына өзгөчөлүк кошуп аткарат.

Мишель – сулуулар ханышасы

Мишель тасмада кимдин ролун аткарбасын, андан Чыгыш маданиятын, ийкемдүүлүгүн, сулуулугун, назиктигин көрсө болот” дешет кино сынчылар. Чыгыш элдери болсо эбак эле актрисага “Азия ханышасы” деген наамды берип койгон. Атактуулуктан улам келген бул наамга чейин Мишель “Сулуулар ханышасы” аталган. Анда 21 жаштагы кыз Малайзияда өткөн сулуулар сынагына катышып, башына жеңүүчүнүн таажысын кийген эле. Андан ары Лондондо өткөн “Дүйнө сулуусу” сынагына жолдомо алган. Дал ушул сынактар кызга кино дүйнөсүнүн эшигин ачты. Модель катары жарнамага тартылуу сунушун алып, кытайдын алп актёрлору Жеки Чан, Чоу Юнь-Фат менен иштешкен.

Мишель – “Оскар” ээси

Мишелдин тасма талаасындагы чеберчилигин, керекпи, жаракаттарын Жеки Чан менен салыштырып келишет. “Полициянын окуялары” тасмасына тартылып жатканда Жеки өзү “Мишель, болду токтотолу. Сен унаанын үстүнөн секирсең, мен сенден кыйын көрүнүш үчүн үйдүн үстүнөн секиришим керек. Сен үйдөн секирсең, мен вертолёттон секирем. Минте берсек, мен эрте эле жок болом го” деп актрисанын талантын баалаганы бар. Кызыгы, Мишелге “Оскар” алып келген “Баары, бардык жерде” тасмасынан Жеки Чан баш тартып койгон экен. Муну уккан актриса Жекиге “сенин жоготууң” деп телефонуна билдирүү жазып жиберген. Жекиге жоготуу болгону менен, актрисага көптөн күткөн “Оскар” келип, анын Мишель Йео аты Азиядагы алгачкы статуэтка алган актриса катары тарых барактарына жазылып калды.

Мишель – экшн чебери

Жарнамалардан Мишелди “D&B” кино компаниясынын жетекчиси Диксон Пун байкап, алгач жарнамаларга тартып, көп өтпөй толук кандуу актриса болуу тууралуу келишим сунуштаган. 1984-жыл. Моделдиктен актрисалыкка оогон Мишель “Филин жана Бамбо” тасмасында жөнөкөй мугалимдин ролун аткарып тушоосун кескен. Бирок Гонконгго жаңы жүз, болгондо да айым экшн чебери керек эле. Компания жетекчилери Мишелдин бийчилик тажрыйбасын эске алып, андан жаңы форматтагы адам жасап башташкан. Бир нече ай күнүнө 10-12 сааттан каскадёрлор, уруш чеберлери менен машыгуулар өттү... 1985-жылы “Ооба, мадам!” тасмасы жарык көргөндөн кийин кино дүйнөсүндөгү жаңы жүз тууралуу узун кеп тарады. Кызыгы, тасма мекенинде өтө популярдуу болбой, тескерисинче, батыш өлкөлөрүнө жакшы алынып кеткен. Бул Мишелге Голливуд эшигин ачып жатат деген белги болчу.

Бирок актриса 3 жылдык тыныгуу алып калды. Анткени өзүн толугу менен үй-бүлөгө арнайм деп Диксон Пунга турмушка чыгып, түгөйлөрдүн идиллиясы 3 жылга гана созулган.

Актриса кино ааламына болгондо да Жеки Чан менен бирге “Полициянын окуялары-3” тасмасы менен кайткан. Ошондон бери Мишелдин карьерасы жогору карай гана бара жатат. Чыгыш өлкөлөрүнөн чыккан актрисалардан Голливудда өз ордун тапкандар аз санда гана. Алардын арасында Мишель Йео да бар.

Мишель – сүйүктүү аял

Мишель Йео колуна тийген сценарийлердин ондон бирине гана макул болот. Ананчы, Азиядагы эң жогорку гонорар алган актриса болсо, ашыкча түйшүктүн кереги жок. “Mythical Films” аттуу өзүнүн кино компаниясы бар. Маал-маалы менен тасмаларга продюсерлик, режиссёрлук кылат. Ырчы катары өзүн сынап көрүп, анан менден башкасы эле жетет экен дегендей 1 альбом чыгаргандан кийин токтоп калды. «People» журналынын тандоосу боюнча “Эң сулуу адамдардын” ТОП-50 тизмесинде. Анын аркасынан дүйнөнүн эң бай адамдары чуркайт. Азырынча алдыда Эл аралык автоунаалар федерациясынын мурдагы президенти (FIA) Жан Тодт келе жатат. Жан 2004-жылдан бери Мишелдин колун коё бере элек. Расмий түрдө нике кагазын албаганы менен, аларда баары жакшы.

Мишель – эртең...

Аялдарды 30 жаштан ашкандан кийин эле карыгандардын катарына кошкон акылсыздык. Мени да “карып калыптыр, трюктарды 60 жаштагы аял кантип аткармак эле?” дегендер бар. Бирок мен көптөгөн жылдар аралыгында организмимди таанып, эмне керек экенин билдим, чыдамдуулукка үйрөндүм”,- деген актриса ар бир күнүн йога, медитация менен баштайт. Спорттук даярдыгын 20 жаштагы ким менен болсо да бетме-бет чыгып далилдегенге даяр. 2023-жылдын аягында хитке айланган “Ведьмак” сериалынын кезектеги сезону чыгат. Анда Мишель Йео да болот, андан сырткары “Трансформерлер”, “Аватар” тасмаларынын да кийинки бөлүктөрүнөн экшн ханышасын көрө алабыз, буюрса.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sancho-
2023-04-02 00:34:00
Бул актриса Джек Чан менен да киного тартылган элего . Ал кино эсепке кошулбайбы
0
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан