КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бала кезимде мени доктурга эч ким алып барган жок. Төшөккө сийип койгонумдун айынан доктурга барганым эсимде жок. Башка себептер менен доктурга баргам, ооруканада жаткам. Апамдын эри катуу сабап коюп, 2-3 жолу ооруканага түшкөм, балдар менен мушташып ооруканага түшкөм. Бирок ушул оорунун айынан ооруканага барганым эсимде жок... Менин мушташкым келчү эмес дебедимби, ошентсе деле 8-9-класстан тартып көп мушташа баштадым да. «Сийгек» дегендин баарын сабап койчумун. Тиги кишинин балдарын деле сабап койчумун. Ошондон кийин гана мени эч ким бетиме «сийгек» дебей калган. Ошондо деле көбү «жинди» дегенин токтоткон жок. Айрыкча улуу кишилер. «Жинди», «Айнагүлдүн жинди баласы» деп эле чакырып жүрүштү. Чоң кишилерди сабамак белем? Унчукпай эле тим болчумун. Апамдын эрин сабаган жокмун. Көп эле жолу сабагым келди, бирок сабаган жокмун. Үйдөн кетпесем, балким, сабамакмын. Жадакалса эмгиче өлтүрүп коёт белем, билбейм... Бирок мен үйдөн кетип калдым да. Мектепти бүткөн жокмун, 10-класста окуп жүргөндө кетип калгам. Ошол бойдон кайра үйгө кайтып барган жокмун...»

– У-у-уф! Ушундай сөздөрдү уктум. Ушундай тагдыры бар адамдын сөзүн уктум. Мен сага анын сөздөрүнүн көбүн кылмыш ишине байланыштуу моюнума илинген жоопкерчиликтен улам айтып бере албайм, айтып берсе боло турган жерлерин кайра өзүндөй кылып кайталап айтып бере албайм. Ирети менен да айтып бере албайм. Врачтар да демейдегидей ирети менен сурамжылай алган жок. Кылмышкерим өзү да ирети менен сүйлөй алган жок. Темадан темага секирип кетип жаттык... Бирок ушуга чейин такыр сүйлөбөгөн кылмышкерим бул жолу башкача сүйлөдү. Кудум бирөөнүн жашоосун айтып берип жаткансып сүйлөдү. Кеп өзү тууралуу эместей, жер тиктеген бойдон, колун ушалап отуруп сүйлөдү. Ошол жерде өзү жок, бирок бар дагы... Башынан аягына чейин өзүн ыңгайсыз, оңтойсуз сезип отурду, бирок бир жолу да ачууланганын, баштагыдай кыжыры келгенин байкаган жокмун. Угуп отуруп өзүн өлтүрө албаса да, эмоциясын өлтүрүп тынганбы деп ойлоп кеттим. Ушул жашка чейин он жолу өлүп алса жарашмак экен деп ойлоп кеттим. Анан врачтар анын денесин текшерди. Алар кокус кылмышкерди менин алдымда чечинтип калса, мен ар дайым тескери карап турам, тескери карап туруп котором. Бул жолу тескери бурулган жокмун. Анын денеси толтура так, тырык экен. Башы да ошондой. Соо жери жок...

ххх

– Адам издеп жүрдүм. Тирүү адамды издеп жаткам, өлүгүн таптым. Өлүкканадан табылды. Мендейди «бешенеси жок» десе керек... Көп эле киши издеп, издешип жатканбыз. Ошончо адамдын ичинен өчөшкөнсүп жоголгон кишини мен таптым. Үч-төрт жерге телефон чалып эле таап алдым. Жолдо баратып эле жүрөгү токтоп калыптыр. Эми анын аялы, жакындары «жакшынакай эле жүргөн, жапжакшынай эле болчу!» деп ыйлап жатат. Жакшынакай жүргөн киши өлмөк беле? Анын жакшынакай эмес экенин, абалы жаман экенин эч ким байкабай калып, анан өлдү да... Жаш эле киши экен... Жоголгон кишини эле табышып коём деп ойлогом. «Груз-200» жиберүүгө да чала-була аралашып кеттим. Өлүк «биздики» экенин тастыкташ үчүн туугандарын өлүкканага ээрчитип бардым. Оорукананын катар тизилген корпустарын, аларга тынбай кирип-чыгып жаткан адамдарды аралап өттүк. Өлүккана деле ошол короодо, ошол корпустардын катарында жайгашыптыр. Өзүнчө тосулган коргону деле жок. Бирок баары бир айырмаланат экен. Өз алдынча, обочодо тургансып көрүнөт экен. Тирүүлөрдү, тирүүлүктү аралап өтүп эле жашоо бүткөн жерге келип калгансыдым. Алдына жеткенде, биз азыр аралап өткөн кайнаган, күүлдөгөн жашоонун үнү дароо угулбай калды. Негедир айлана тымтырс боло түштү. Муздай түштү. Өлүккананын алдында бирин-серин адамдар туруптур. Биз да ошол “үмүтү үзүлгөндөрдүн” арасына барып кошулдук. Тирүү табабыз деп алып, өлүгүн таап берип жатканым өзүмө катуу тийди. Табылды деп бир жакын тууганына айткам, өлүкканага ошол эле келсе керек деп ойлогом. Андай болбоду. Биздин артыбыздан дагы көп кишилер келди. Алардан сырткары өлгөн кишинин аялы, бойго жетип калган кызы, эки карындашы келди... Кимиси ким экенине маани бербей эле тургам, бирок эки карындашы келип эле өлгөн кишинин аялын чачтан алды. Алар шордуу аялды «сен жедиң, сен түбүнө жеттиң! Акмак! Жетесиз!» деп кыйкырып, жулмалап кирди. Аял да кыйкырды. «Силер жедиңер! Табагыңарга чейин акеңерге алдырып, эриңерге чейин кошо бактырып жүрүп силер жедиңер! Силерди багам, тындырам деп жүрүп...» деп кыйкырды. Үчөө тең кишинин өлүмүнө өзүн күнөөлүү сезип, бирок күйүтүнө чыдабай эле бири-бирине асылып, бири-бирине күнөөнү оодарып жаткандай көрүндү мага. Сөздөрдүн жарымын ый жутуп кетти. Аялдар кыйкырып да жатты, ыйлап да жатты. Апасын калкалаганы аракет кылган кыз гана кыйкырган жок. Көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп, алдынкы эрдин кесе тиштеп, улам апасын эки эжесинин колунан сууруп чыгып, улам ортого түшө калат. Эки аял кызды башка-көзгө койгулап жиберди. Алар кыздын апасын урмак, бирок ортого түшө калганынан улам шапалак деле, муш деле кызга тийди. Бир эркек ашатып сөгүндү. Аялдардын кайсы бирин, кимисин сөктү билбейм, бирок ыйлап да, «энеганаңды!» деп ашатып да жатты. Башка жакта, башка жерде ушундай окуя болсо жок дегенде эл үймөлөктөп, таң калып карап, бирөө-жарым полиция чакырат эле. Бирөө болбосо бирөө сөзсүз “тойгуздуңар!”, “тажаттыңар!” деп айтмак. “Маданиятсыздар, өз өлкөңөргө кеткиле!” демек. “Жапайылар!” демек. Бирок өлүккананын алдында андай болгон жок. Биздин ызы-чууга маани бербей, көрмөксөн болуп өтүп кеткендер болду. Кайрат айткандар болду. Кошулуп ыйлагандар болду. Өлүккананын ичинде “ээсин” күтүп жаткандар эле бирдей абалда го деп ойлогом. Өлүккананын сыртында тургандар деле бирдей абалда экенбиз. Баарыбыз бири-бирибизди түшүнүп, аяп тиктеп, окшошуп бозоруп турдук. Бөлүнө албай турдук. Өлүмдүн алдында баары бирдей деген ушул болсо керек... Аялдарды эптеп ажыраттык. «Койгула! Пендечилик... Кудайдын буйругу экен... Кудай бешенесине ушуну жазган экен» деди кишилер. Төрт аял төрт жерде уңулдап отуруп калды. Мен ыйлап жаткан адамдарды, алардын көздөрүн такыр тиктей албай четте турдум. Аларды соорото да алган жокмун, аларга кошулуп ыйлай да алган жокмун. Экөө тең колумдан келбейт экен. Бир четте жер тиктеп тура бердим. Жердин көзү жок экенине сүйүндүм. Ошого ырахмат!

– Эже, сиз келгенче, Осмондун башы 3000 долларга бааланып кетти. Дин фанаттарына каршы сүйлөп койгон экен, эми алар аны туш-тараптан талап, ал тургай башына акча сайып жиберишти.

– Чала-чарпыт көрдүм.

– Тиги Осмондун башына акча сайган адам мугалим экен. Окуянын эң трагедиялуу жери ушул...

– Мага иним акча сурап жазган экен. «Осмондун башын алып барып бер» деп койдум.

– Сиз экөөбүз ушул гүлдөгөн, өнүп-өскөн өлкөнүн акыны болобуз, буюрса...

– Аны экөөбүз көрбөйт окшойбуз. Ырыбыз көрөт. Бирок «ыр жазган күнөө» дей башташты. Бул кетиште экөөбүз аянтта көчүктү тыттырып, балактан өлөт окшойбуз.

– Анан кийин биз тууралуу «көчүгү тытылып баланчанчы жылы өлгөн» деп жазышабы?

– Ооба, «Ала-Тоо» аянтында сиңдиси 100 балакка чыдаган, эжеси 200 балакка барып жан берген» деп жазышат.

– Мен 50дө эле тынчыйм. Мен тынчыгандан кийин тыта беришет.

– Кызыксыз болот турбайсыңбы анда...

– Эми эмне болот, эже?

– «Көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» деген адамдар азаймайын, бир муун тазаланмайын, абалыбыз ушул эле болот го. Ага чейин ушундай дин десе баш кесет деп түшүнгөн түркөйлөр кенен тамыр жайып кетсе, мамлекет түгөнөт.

– Өлкөнү күрөөгө коюп жиберишти...

– Осмондун башына сыйлык сайган адамдын кылыгын кара. Мен жазган эмесмин, менин атымдан бирөө жазыптыр, мен телефонумду он күн мурда сатып жибергем деп жанын жеди. Жалган айткан динде күнөө эмеспи эмне?

– Адамдын башына акча сайылып жатса, бир акын жазып жатат, «Осмон түрк дагы эмнени баштады?» деп. Бул акындын сөзү, акындын деңгээли, акындын акынга болгон мамилеси! Аны адамдын башы кетери ойлонткон да жок. Осмондун ким экени ойлонтуп жатат...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
asdef
2023-03-27 12:31:00
Каша кылбай кичине түшүнүктүрөөк кылып жазгылачы?
0
rtuiop
2023-03-28 23:45:00
asdef Кунт коюп арасынан таштап койбой катары менен окусан тушунуктуу эле. Эки адамдын маегинен, баарлашуусунан, кат жазышуусунан келип чыккан чыгарма
0
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан