ЧАЧКА СЕБИЛЧҮ ЛАКТЫ ДАГЫ ЭМНЕГЕ КОЛДОНСО БОЛОТ?

1. Кагазга тарткан сүрөт же түрдүү тамак-аштардын рецепттери жазылган барактар көпкө сакталсын десеңиз, чачка арналган лакты барактын үстүнө сээп коюңуз.

2. Ийненин көзүнө жипти оңой киргизиш үчүн жиптин учуна лак сээп, кургаганча күтө туруңуз. Анан оңой эле ийнеге жип саптап коёсуз.

3. Кийимге түшкөн калем саптын сыясын же косметикалык каражаттардын тагын кетирем десеңиз, так болгон жерге лак сээп, ным чүпүрөк менен сүртүп коюңуз. Бул ыкманы так кеткиче кайталап колдоно бересиз.

4. Үй эмеректеринин үстүндөгү көзгө көрүнбөгөн чач, жүн жана башка майда-чүйдөлөрдү тазалайбыз. Ал үчүн кадимки резина мээлейди кийип, ага чачка арналган лакты чачуу керек. Анан мээлей менен эмеректин үстүн сүртө бериңиз.

5. Айнек идишти жылтырактар менен кооздогуңуз келсе да чачка арналган лак жардамга келет. Идиштин ичине тегиз лак себилет. Анан каалаган түстөгү жылтырак упасы менен идишти толтурабыз. Бир нече мүнөттөн кийин жылтырак упасын башка кутуга бошотобуз. Кооздогуңуз келген айнек идиш даяр, ага косметикалык кисточка, тарак жана башка буюмдарды салып коюңуз.

6. Вазадагы розага же башка гүлгө лак сээп койсоңуз, көпкө чейин соолубай турат. Лак себилген гүл кургагандан кийин да көпкө чейин кооз бойдон калат.

7. Капрон колготкиге көйнөк, юбканын этеги жабышып ыңгайсыздык жараткан учурда да лакты колдонуңуз. Колготкиге аз өлчөмдө лак себебиз, кургагандан кийин каалаган көйнөгүңүздү жабышат деп коркпой кие бересиз. Баса, лак капрон колготкинин бат ыдырап кетишинин да алдын алат.

8. Бут кийим бир аз чоң болуп, бутуңуз шыпырылып тайып жатса, таманга лак сээп коюңуз. Андан сырткары эскирип, өңү өчүп бараткан бут кийимге лак сээп койсоңуз, жылтырап калат, өзгөчө лакталган кездемеден тигилген бут кийимдер.

9. Үйгө кирген жөргөмүш, таракан сыяктуу курт-кумурскаларды кармаардан мурун ага лак себиңиз. Кыймылы жайлаган жандыкты оңой эле кармап аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан