КАЙСЫ МАНАСЧЫГА КАНДАЙ АЯН ТҮШКӨН?

Манасчылык – кыргыз элинин энчисине мөөр болуп басылып берилген өнөр, касиет. Алгачкы манасчы ким болгону белгисиз. Манас баатыр өлгөндө айтылуу чоро Жайсаң ырчы аза туунун түбүндө туруп 40 күн, 40 түн Манастын туулгандан өлгөнгө чейинки кылган иштерин, жасаган эрдиктерин даңазалап кошок ырга салган, ошол кошок манасчылык жолдун башаты болгон деген маалыматтар бар. Манасчылар “аян болбой, баян болбойт” деп айтышат. Кайсы манасчы кандай аян берилгенден кийин манас айта баштаган?

Замир Баялиев: “ТҮШҮМДӨ ЭМНЕГЕ МАНАС АЙТПАЙСЫҢ ДЕП ОПУЗАЛАШКАН”

– Манасчылык өнөрдүн ыйыктыгын, бийиктигин, касиетин бала кезимден сезип, туюп келе жатам. 6-7 жашымдан тарта алп адамдар түшүмө кирип, мени кармайбыз деп кубалаган учурлар көп кайталанар эле. Уйкудан чочуп ойгонуп, ыйлаган учурларым көп болду. Ал кезде эмне болуп жатканын аңдаганга кудуретим жетпептир. 15 жашымда баатырлар түшүмө өңүмдөгүдөй кирди. Ошондон кийин түшүмдө көргөн адамдар мени өңүмдө коштоп жүргөндөй сезиле баштады.

Абдан бук болуп, ээн талаага барып эч кимге көрүнбөй Манас айтып жүрдүм. Айтсам сергип, көңүлүм ачылып калат.

Бир күнү койлорду тоого айдап жеткизип, үйгө кечки убак келдим. Тамак бышкыча жата турайын дегем. Бир аздан кийин апам “тамак ич” деп чакырды. Ордумдан турайын десем туралбайм. Ата-энем тургузайын дешсе сөөктөрүм чачылып кетчүдөй зыркыратып ооруйт. “Мени кыймылдатпагыла” дедим. Эптеп ооруканага алпарып жаткырышты, врачтар бруцеллёз деп болжолдошту. Ошондо түнү менен манас айтып чыкканымды эртеси палатада чогуу жаткандар айтышты. Аны өзүм билбейм. Ойгонсом куландан соо болуп, сергип калыптырмын. Сыртта басып жүрсөм врачтар таң калышты. Тапшырган анализдерим да таза чыгып, дагы бир ирет баарыбызды таң калтырды.

Арадан убакыт өтүп, бир күнү түшүмө “Манастагы” баатырлар кирип “эмнеге Манас айтпайсың?” деп опузалашты. Мен коркконумдан “айтам” дедим. Түшүмдү үйдөгүлөргө айтсам, Манас атанын күмбөзүнө барып мал союп, түлөө өткөрүшүп, элден бата алып беришти. Ошондон кийин Манасты жашырынбай элге айтып калдым.

Бекжан Базарбаев: “МАНАС АЙТЫП ЖАТКАНЫМДА АРТЫМДА БИРӨӨ ТУРАТ”

– Манас айтып жатканымда артымда ак калпак кийген бирөө турат. Түшүмө алп адам кирет, Манас атам окшойт, ал мага күч берет. Башында жай, анан бара-бара катуулап айтып баштайм. Манастан каада-салтты, нарктуулукту үйрөндүм. Башында Манастын туулганын, Көкөтөйдүн ашын, Каныкейдин Тайторуну чапканын айтчумун. Кийин башкаларды да айтып баштадым. Келечекте Саякбай атамдай манасчы болом, ал күнү-түнү тынбай айтчу.

Мээрим Кыштообаева, Бекжандын апасы: – Бекжан 4 жашынан манас айтууга кызыга баштады, учурда 8 жашта. Сыналгыдан манас айткандарды көрсө “мен да айтам” деп калпагын кийип, алынын жетишинче айтып кирчү. Эске тутуу жөндөмү күчтүү болгондуктан укканын жаттап ала турган жайы бар. Бала бакчадан бери манас айтат. 2021-жылы “Манас” эпосу күнүнө” карата өткөрүлгөн сынакта 1-орунду, “Наристе манасчы” сынагында баш байгени, “Жаш манасчылар” сынагында баш байгени ээледи. Манас айтканда транска кирип кетет, бүткөндө эмнени айттың десек, көбүнчө билбейм дейт. Сыягы колдоочулары кулагына куюп айттырат окшойт. Кичинесинде көп ооруду, кийин манас айтып баштагандан тарта оорубай калды.

Улан Исмаилов: “САЯКБАЙ АТА, БАЛЫК МАНАСЧЫ АЯН БЕРГЕН”

– Чынында адам манасчылыкка башка күчтөрдүн кийлигишүүсү менен келет. Аян — манаска кирүү эшиги, андан кийинки сапар эмгекти, түйшүктү талап кылат. Айрымдар жүктү көтөрө албай ооруп калышат.

Мен бой тарткан кезиме чейин чоң атамдын колунда чоңойдум. Жайлоодо жүргөнүбүздө Саякбай манасчы түшүмө кирип аян берген. Ошондон кийин бир күн кечке манас айткан күндөрүм болду. Кээде өзүмдү жоготуп койчумун.

Кийин телеберүүгө тартылуу үчүн Таластагы Манас Ордодо жүргөндө түш көрдүм. Түшүмдө баламды көтөрүп алып Манастын күмбөзүнүн ичине кириптирмин. Кирсем 1 киши отурат. Саламдашсам “мен Балыкмын манас айткан” дегенде ойгонуп кеттим. Анан кайра уктап калдым. Телеберүүгө эртеси түшкү саат 12де тартылмакмын. Баламды көтөрүп күмбөздүн жанына барсам күндө бекилип турчу эшиги ачык экен. Ичине кирип, куран окуп чыктым. Саат 12де манас айтып жатып бир кызыктай боло баштадым. Анан эмне болгонун билбейм, өзүмө келсем элдин баары мени тегеректеп туруптур. Эсимди жоготконумда “манасты 14 муунга (урпагына) жеткирип айт, айтпасаң сууга чөктүрөм деп жатышат” деп сүйлөптүрмүн. Жулкунуп качыптырмын.

Бишкекке алып келип ооруканага жаткырышты. 24 күн жаттым, диагноз коё албай убара болушту. Улам бир дары жакпай кайра алмаштырышат...

Асаналы Калил уулу: “АЛМАМБЕТ БААТЫР ТҮШҮМӨ КИРГЕН”

– Мени эл кытайлык манасчы катары тааныйт. Кызыл-Суу облусунун Улуу-Чат районунун Терек айылында туулгам. Кыргызстанга 2010-жылы көчүп келгем.

Улуу жомокчу Тыныбек Жапый уулунун окуучуларынын бири Мусакун Мырзамамбет манасчынын небереси болом. Ата-бабамдан бери манас айтып келген. Манас айтууну чоң атамдан үйрөнгөм. Башында Семетейден үзүндү айтып жүрдүм.

Аянды кийин көрдүм. 14 жашымда жайлоодо кой кайтарып жүрүп уктап калыпмын. Манастын жакын досу, баатыр Алмамбет түшүмө кирип, “бул тулпар Кылжейрен, мен Кытайдан Ала-Тоону көздөй бет алдым” деп айтты. Мен аттын өңү-түсүн ачык көрө албадым. Ичимден “Алмамбеттин атын Сарала дешчү эле го, бул Кылжейрен экен, ошондо кандай болуп кетти?” деп ойлонуп жатам. Алмамбет ата “Кылжейрендин куйругун кармап артымдан ээрчи” деди. Ойгонуп кеттим, карасам тегерегимде аттын туягынын чоң-чоң издери түшүп калыптыр. Алмамбет атабыз биздин ата-бабаларыбыздын баарынын түшүнө кирип, аян берген экен. Чоң атама да аян бериптир.

Камил Мамадалиев: “МАНАС АТА 40 ЧОРОСУ МЕНЕН ТУРАТ ДЕП КЫЙКЫРЫПМЫН”

– Чоң атам Мамадалы Талас өрөөнүнө таанымал санжырачы болгон. Манастан үзүндү айтчу. Манас айтууга тамга тааный электе кызыктым. Тал-терекке чыгып алып “Манас, Манас болуптур, Манас атка конуптур”, “Кечээ күнү кечинде, Кең Таластын четинде...” деп билген саптарымды айтып кыйкыра бергеним эсимде. Манас китептериндеги баатырлардын сүрөттөрүн көрүп абдан таасирленчү элем.

13 жашка чыкканымда талаада мал кайтарып жүрүп уктап калдым. Түшүмө бир абышка кирип “Уулум, тур! Сен баатырлардын жолунда уктап калыпсың. Эми алар тууралуу улуу баянды айтышың керек” деди. Ошондон кийин манасты өзүмдөн өзүм шыр айтып баштадым.

Дагы бир ирет үйдө уктап жаткам. Ата-энем менин жанымда чай ичип отурушкан. Түшүмдө чыгыш жак караңгы тартып, анан эле баатырлардын элестери дааналана баштады. Мен “Манас ата, Бакай ата 40 чоросу менен турат. Көрдүңөрбү?” деп кыйкырып жатам. Аны түшүмдө эмес, сартымдан эле кыйкырып айтыпмын, көрсө.

Саякбай ата да түшүмө куюндай болуп кирип, элеси көрүнгөн. Каныкей апанын да элесин көргөм.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1059, 24-30-март, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан