Ата-энемдин эң кичүү кызы болуп эрке чоңойдум. Баткендин алыскы айылдарынын биринен болобуз. Ата-энем “кызыбыз окусун, билим алсын” деп мектепти бүтөрүм менен мени Бишкекке жиберишти. Тагдырдын жазганы белем, 2-курста бир жигитти жактырып калып ага турмушка чыктым. Жаш болгон экенмин, сүйүү деген ушул тура деп эле коркпой азыркы күйөөмө баш байлаптырмын. Жигитим Ысык-Көлдөн, мен Баткенден, биз Бишкектен таанышып, борбор шаардан баш кошуп, университеттин жатаканасында жашап калдык. Ата-энелерибиз бири-бири менен таанышкан жок, чакан нике кыюу кечесине эки тараптан эки жеңебиз гана катышты. Кайын журтум “ата-энеңдин алдынан быйыл өтөбүз, кийинки жылы өтөбүз” деп жатып арадан 5 жыл өтүп кетти. Бул арада жолдошум экөөбүз тең окууну аяктап, өз алдынча иштей баштадык. Баш кошконубузга 5 жыл болгондон кийин кайнене, кайнатам кызыбызга жентек той бермей болушту. Бул кабарга маңдайым жарыла кубанып “биротоло кудаларын тосуп милдетинен бир кутулат экен” деп сүйүнгөнүмдү сурабагыла. Бир күнү кайненем телефон чалды:
– Ай келин, мага сенин туугандарың тараптан келчү коноктордун тизмесин сурап берчи...
– Канча киши чакырабыз, апа? Баткенден апам чалды, куда тарап 20 киши – эки союштук болуп баралы деп жатат.
– 20 киши?! Койчу айланайын, 20 киши тосконго шартыбыз жок. 8 киши келсин, бир туугандарың, анан ата-энең...
– Апа, тойго 200 киши келет да, куда тарапка 20 орун бергениңиз туура эле го. Өзүңөр биринчи жолу жолугуп, таанышып жатсаңар...
– 200 киши болсо, баарынын өз орду бар. Кошумча кошчуларды чакырам да, бул куда тосуу тою эмес, жентек той. Кудаларды тосуу өз жолу менен. Кандай түшүнбөгөн келинсиң?!
Ушинтти да телефонду өчүрдү. Мейли, келин болгондон кийин үйдүн улууларын угам да деп отуруп калдым. Той күнү менин туугандарым Баткенден 10 киши болуп келишти. Бирок кайын журтум аларды кудалардай сыйлап тосушкан жок. Кайненемдин кылыгы мени таң калтырды. Өмүрү көрбөгөн кудаларына сый көрсөтмөк тургай, туугандарым отурган столго бир жолу басып барып ал-абалын сурап койгон жок. Кызыгы, сыйлуу устукан – учаны биринчи жолу таанышып жаткан, алыстан келген менин ата-энеме эмес, мындан 10 жыл мурун күйөөгө чыккан кызынын кайнатасына тартышты. Апам аябай таарынды, “алыстан жол арытып, кой эми, кызыбыздын бактысы үчүн деп намысыбызды жыйыштырып конок болуп келсек, кайын журтуңдун кылганы бул. Силердин кызыңардын жентек тою болуп жатат, биз биринчи жолу таанышып жатабыз, учаны бизге тартышы керек болчу” деп туугандардын көзүнчө мени бир сыйра урушту. Ошондон кийин апам кудалары менен катышпайт, той кылса жолдошум экөөбүздү эле чакырат. Менин кайын журтумду айтсам “айтпа мага аларды, каадасын кылбаган кудаларды мен эмнеге жакшылыгыма чакырмак элем?” деп мени урушат. Билбейм, апамдын бул таарынычы туурабы же туура эмеспи. “Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт” дейт кыргызда. Ата-бабадан келе жаткан салт-санаа, үрп-адаттарды биле жүргөнүбүз жакшы окшойт...
Айдай