Гапыр Мадаминов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими: “АГАЙ” ТАСМАСЫНДА МЕН КӨРГӨН КЫЙЫНЧЫЛЫКТЫН ЧЕТИ ГАНА ЧАГЫЛДЫРЫЛГАН”

Учурда “Агай” сериалы элди экранга байлап, ыйлатып да, намыстантып да, сыймыктантып да жатат. Айтор, белгилүү мугалим Гапыр Мадаминовдун өмүр таржымалынын негизинде тартылган фильм көрүүчүнү кайдыгер калтырган жок. Элдин бийик урматына ээ мугалим, устат, “азыркынын Дүйшөнү” атыккан Гапыр Мадаминов менен маектештик.

– Саламатсызбы, агай? Сиздин эмгек жолуңуз чагылдырылган “Агай” сериалы кандай тартылыптыр, өзүңүзгө жактыбы?

– Салам. Биринчиден, интервьюга чакырганыңарга рахмат. Режиссёр Руслан Акун жана анын командасы коомдук пикирди изилдеп, анан коомчулуктан түшкөн сунуш боюнча биздин ишибизди тандашыптыр. Сериал боюнча Руслан Акунга жана анын командасына чоң рахмат. Болгонун болгондой табигый кылып өтө чоң эмгек менен көркөм иштеп чыгып, элге тартуулашты. Ал жердеги актёрлорго, тартуучу жамаатка, баарына рахмат айтам, ыраазымын. Баарын туура чагылдырышкан.

Түпкүрдөгү бир айылдын турмушун чагылдыруу менен Руслан Акун Кыргызстандын бардык 7 облусундагы айылдардын абалын көрсөтүп берген. Бул чоң маселе. Фильм социалдык аң-сезимге таасир бере тургандай деңгээлде тартылыптыр. Бул сериалдын артынан ата-энелер арасында билимдин баалуулугу көтөрүлөт деген ойдомун. Тасмада билимге ата-энелердин көңүлүн буруу, баягы Дүйшөндөй кылып кайрадан азыркы заманда элди билимге кызыктыруу, андан кийин адилеттүүлүк, бюрократияга жооп бериш маселеси, окуучулардын жан дүйнөсүн, дүйнө таанымын өстүрүү, ошондой эле ата-энелерге педагогикалык билим берүү аркылуу алардын тарбиячылык, ата-энелик маданиятын жогорулатуу сүрөттөлөт. Акырында эң чоң көйгөй – окуучулардын өз алдынча билим ала билүү, 21-кылым – глобализация заманында эркин дүйнөлүк мейкиндикке чыгуу маселелери чагылдырылган.

– Жеке гимназия ачууда сиз кабылган кыйынчылыктар оңой болбоптур, эркиңиз күчтүү экен...

– Кыйынчылыктар бул фильмде жакшы чагылдырылыптыр. Бирок бул тасмада чагылдырылганы – чыныгы турмушта мен кездешкен татаалдыктын, тоскоолдук-кыйынчылыктын тогуздан бири гана. Калганы экрандан сыртта калган. Мына ушундай маселелерге, жаңычылдыкка мындан ары коомчулук, жетекчилик колдоо көрсөтүшү керек. Ошондо ушундай жүздөгөн мектептер ачылып, жүздөгөн зээндүү балдар чыгат деген ойдомун.

Гимназияны жаңы ачканда адегенде бир эле бала келди, ал да сынактан өтпөй турат. Балдарды топтоп алып келсем, бир аз окугандан кийин баары кетип калышты. Ошондо үйлөрдүн эшигин каккылап кыдырып чыктым, кээ бирөөсү кагып-силкет, “гимназияңдын кимге кереги бар, сен адамды жинди кылат экенсиң, алдамчысың” дегендер болду. Айрымдар шылдыңдап, мыскылдашты. Анан башкаларга уят болбоюн деп үйлөрдү түндө кыдыра турган болдум. Ушундай жүктүн баарын көтөрүшкө туура келди, бул түйшүк ден соолукка таасирин тийгизди.

Карим Ташбалтаевич, Убайдулла Муратов, булар айыл чарбасынын адамдары. Ушулар менен бирге 2 гектар жерге жүзүм, 2 гектар жерге буудай айдаганбыз. Тасмада велосипед тептирип жакшы кылыптыр, мен куржунга кетмен салып, аны эшегиме артып алып, талаага таңга маал барып, Убайдулла агай менен буудайды карап, сугарып, андан кийин сабакка барчумун. Ошентип алгачкы түшүмдү тегирменге тарттырып келип балдарга ысык тамак, пирожки, атала кылып бере баштадык. Ошол буудайды сактап койгонбуз, баягы Шералы хандын чокоюндай кылып. Балдарыбызды гимназияга окутууда ошол ысык тамактын жардамы чоң болду.

– Учурда гимназияңыздын абалы жакшы элеби?

– Мурдагыдан жакшы, компьютерлер жетишип калды. Бирок дагы деле жатакана ача элекпиз. Биздин гимназияга Бишкектен, Оштон, Кыргызстандын дагы башка аймактарынан барып окугусу келгендер көп, бирок жатаканабыз жок. Андан сырткары спорт зал, жыйындар залы керек. Башында компьютер жана спорт зал жоктугунан балдарыбыз ага тийиштүү сабактарды башка мектепке барып окуп келчү. Гимназияда компьютердин сүрөтүн илип алып сабак өтчүбүз. Айтмакчы, информатикадан алгачкы сабакты Убайдулла агай өткөн. Фильмдеги Убайдулла агайдын прототиби, ал киши ушундай универсал адам эле, орус тилчибиз жок болсо, ал сабак өтөт, математик жок болсо ал өтөт. Ушунчалык жөнөкөй, токтоо адам эле, 2019-жылы көзү өтүп кетти. Фильмдеги Кочкор агай, Нарбүбү эжеке жана башка окуучулардын прототиптери бар. Кочкор агай менен Нарбүбү эже азыр да гимназияда иштешет.

№3 эксперименталдык гимназия 1996-жылы ачылган, 2 корпустан турат. Бүгүнкү күндө 230 окуучу окуйт, 18 мугалим иштейт. Биздин гимназияда автордук акыл эмгек сабагы, инсан таануу сабактары өтүлөт. Андан сырткары “Мыкты эне”, “Мыкты үй-бүлө” сынактары өткөрүлүп турат, “Энелер мектеби” бар. Биздин мектептеги негизги максат – билим берүү гана эмес, негизгиси, инсан тарбиялоо, адамды гумандуулук, маданият, адамгерчиликке тарбиялаганга көп көңүл бурабыз. Ушул жылдар аралыгында биздин мектептин окуучулары республикалык олимпиадаларда алдынкы орундарды, жалпы республикалык тестирлөөдөн да жогорку упайларды алып келишет. Жыл сайын бүтүрүүчүлөрдүн 100 пайызы жогорку окуу жайларга өтсө, алардын 95 пайызы бюджеттик орундарга илинишет.

– Сиздин иштеп чыккан ыкмаларыңыз, колдонмолоруңуз дагы кайсы аймактарда колдонулуп жатат?

– 7 облуска тарап жатат. Жаңы министрибиз Каныбек Капашович дагы колдоого алып, “Акыл эмгек маданияты” сабагыбызды Кыргызстандагы мектептерде ийримдердин, тандоо сабактарынын, тарбиялык сабактардын эсебинен өтүү маселесин колго алып жатышат. Андан мурун Алмаз Бейшеналиев “Гапыр Мадаминовдун программасынын негизинде “Энелер мектеби” жети облуста ачылсын” деп буйрук чыгарды эле. Ага да рахмат.

Менден “Акыл эмгек маданиятын” каяктан алдыңыз?” деп көп сурашат. “Шыбактын, жүзүмзардын арасынан” деп жооп берем. Биз чет элден келген ыкмаларды “оо, бул англис методикасы, япон методикасы” деп жогору баалап үйрөнүп калганбыз. Ооба, дүйнөлүк тажрыйбадагы алдынкы методиканы алыш керек, бирок аны менен катар өзүбүздүн да методикалар болушу шарт. Бул эмгекти өзүбүздүн тажрыйбанын негизинде жазгам. Бул балдарга, студенттерге өз алдынча билим алуунун ыкмасы.

Мугалимдер үчүн жазган китебимде эркиндик аркылуу билим берүү ыкмаларын жаздым. Мунун аркасынан эртең чоң цивилизацияга аралашканда балдар кайсы жерде болбосун өзүн суудагы балыктай эркин сезет. Сабактарга кирип көрсөм, жаш мугалимдер өтө кыйналат экен. Ошол үчүн да мугалимдик кесипти таштап кетишет. Бул үчүн “Устаттык өнөрү” деген китепти жаздым, жаш мугалимдердин мектебин түздүм. Азыр бул Кыргызстан боюнча иштеп жатат.

– Билимдин сапатын кантип жакшыртып, мугалимдердин имиджин коомчулукта кантип көтөрө алабыз?

– Бул жагынан алганда, бардык эле айыл мектептериндеги көйгөйлөр окшош. Айылдагы элдин, ата-энелердин көз карашын акырындык менен өзгөртүш керек. Эгер сериалды көрсөңөр, башында “ташта сабагыңды, мектебиң курсакты тойгузат беле?” деген ата-энелер бара-бара кантип өзгөргөнүн көрөсүз. Жеке экспериментиме таянып айтсам, ата-энелер менен иштеп ата-энелерди өзгөртүп, мугалим менен иштеп мугалимди өзгөртүп, окуучу менен иштеп окуучуну өзгөртүп, коомдук уюмдар – айыл өкмөттөрү, аялдар кеңеши, эркектер кеңеши, аксакалдар кеңеши, жаштар уюмдары аркылуу социумду өзгөрткөндөн кийин гана билимдин сапаты жакшырат.

Мугалимдик кесиптин кадырын кантип көтөрөбүз дегенге келсек, албетте, айлыктын жогору болушу деле мааниге ээ. Бирок айлык менен эле мугалимдик кесиптин имиджи көтөрүлбөйт. Ал үчүн коомдун аң-сезими, мугалимге болгон көз караш өзгөрүш керек. Ал эми аны өзгөртүү, “сууга чөгүп бараткан адамдын куткарылышы ошол адамдын өзүнөн” дегендей, мугалимдин өзүнөн. Мугалим күчтүү, таза, профессионал болсо, аны окуучу да, коом да сыйлайт.

– Чоң рахмат, бар болуңуз, агай!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан