Нурайым Бактияр кызы, төкмө акын: “7 ЖЫЛДАН БЕРИ УЯЛЫП ЖҮРӨМ”

Төкмө акын кыздарыбыздын бири Нурайым Бактияр кызы Казакстандын Чымкент шаарына эл аралык айтышка катышып, 2-орунду алып келди. Ошол айтыш, атаандаштары, дегеле Нурайымдын чыгармачылыгы тууралуу сүйлөштүк.

– Нурайым, салам! Байге кут болсун! Айтыш кандай өттү?

– Салам! Бул айтышка мени казак акыны Нурлан Эсенгулов чакырды. Жамал апага (ред.: Бибижамал Аблазимова) арналган айтыш болду. Жамал апа бүткүл Казакстанга да таанымал, жасаган иштери кеңири айтылып келет экен. Балдары айтыш уюштуруптур. Кыргызстандан мен, Өзбекстандан бир казак жигити келди. Жарым финалда Нурлан Эсенгулов менен айтыштым. Негизинен кыз-жигит айтышы болду. Анын жубайы, бала-чакасы бар, бирок кыз-жигит айтышы элге жакшы маанай тартуулайт да. Финалда Нурлыбек Мейрманов деген акынга туш болдум. Ал менен да кыз-жигит айтышын курдук. Эки элдин достугун даңазалап, калкка ыраазычылыгыбызды айтып ырдадык.

Казак эли жакшы тосуп алды, конок кыз деп колдошту, сыйлашты. Кыргызча төксөм да, казакча төксөм да түшүнүп кол чаап жатышты. Таптаза кыргызча ырдаганымда гана анча түшүнбөй калып жатышты окшойт.

– Казак акындары казак тилинде айтышса биздеги көрүүчүлөр жакшы эле түшүнөт болуш керек...

– Бизге казак акындары көп келет да, бир чакырганда 8-10 акын чакырабыз го. Анын үстүнө кыргыз эли казак айтыштарын да көп угат, ошондуктан жакшы түшүнөбүз. Кыргызстанга келген казак акындары деле бизге түшүнүктүү болушу үчүн кыргызча аралаштырып, жумшагыраак кылып ырдашат негизи. Өзүм кичинемден кыргыз-казак айтышын, казак элинин айтыштарын тынбай укканым үчүн казакча билем, айтышта кээде казакча да төгүп жаттым. Ошентип 2-орунду беришти. Казакстанга биринчи жолу бардым да, кандай кабыл алышат деп башында коркуу сезими, толкундануу болуп жатты. Казакстанга айтышка биринчи жолу барып жатам, али жашмын, жаңы чыгып келе жатам, адам ийгиликке мүдүрүлүп, чалынып жетет да. 2 айтышта тең мага эки жолудан 9 упай берилип калды. Алгачкы эки 9 берилгенде алпаруучу болгон Биржан Байту “бул конок кыз го, бир эле 9 койсок кантет?” деп калды. Аны угуп аябай ыраазы болдум. Казак акындарынын айтышын көп угам дебедимби, азыркы кыз-жигит айтыштарында нарктуулук, салттуулук, кызды урматтоо жогураактай сезилет. Мени кемсинтип, ыңгайсыз абалга калтырышсачы деген да ой келген. Бирок андай болгон жок, кыргыздан келген сулуу деп сыйлап ырдашты. Бул айтыш мага дем-күч берди, ойготту десем болот. Бир аз жалкоолонуп бараткам. Акча деген заман болуп калбадыбы, ошол агымга кирип бараткан жеримден өнөр желкемден кармап тартып алды го деп ойлоп жатам.

– Төкмөлүк өнөрдү аркалап келатканыңызга 2 жыл болуп калды. Бул тармактын сизге берген эң чоң сабагы эмне болду?

– Өнөр жолуна түшкөнүмдүн өзү чоң сабак. Көптү үйрөнүп келатам, үйрөнүп бүтө элекмин. Устат барында (ред.: Элмирбек Иманалиев) көп нерсе үйрөнүп алышым керек эле, аттиң арман. Азыркыга чейин “эмнеге жанына эрте келбедим” деп өзүмдү жемелейм. Башка шакирттери 5-6 жыл жанында жүрүп калышты да. Мен жанында 2 ай гана жүрүпмүн. Устат барында андан алган билимим, сабагым эң чоң сабак. Ошону эле колдонуп келе жатам. Башка нерсе үйрөнө элекмин десем жаңылбайм.

– Учурда эмне менен алексиз? УТРКда иштеп жатасызбы дале?

– Жок, ал жактан кеткем. Азыр “Манас” театрында төкмө акынмын. Устатым “акындыктын гүлдөгөн доору келет. Аны биз көрбөйбүз, силер көрүп каласыңар” дечү. Ошол гүлдөгөн доордо жашап жатабыз деп ойлойм. Интернетте бардык маалымат бар, мамлекет айлык төлөп жатат, айтыштар өтүүдө, тойго, иш-чараларга, минтип маектерге чакырышат. Азыр мектеп окуучулары “акын болгум келет, кандай кылсам болот?” деп жазышат, абдан кубанам.

– Тойлорго көп чакырышабы?

– Чакырышат, бирок эмнегедир тойго чыккым келбейт. Бирок туугандар суранып калганда барам.

– Акын жигиттер “кыздарга туш келсек экен, кызыктуу айтыш болот” дешет экен. Сиз кимдерге туш келсем дейсиз айтыштарда?

– Улуу акындарга туш келсек нарктуу айтыш болот. Тең курактуулар айтышсак элге кызыктуу айтыш болот. Анткен менен бир жолу Таласта Абдували Акимбеков менен жуп болуп чыккам. Оштон бир аз кечигип келген эле. Жаш болгонмунбу, билбейм, тийишип ырдагам. “Кечигип айтышка келдиңиз, убагында Эстекени да ушинтип кечигип күйдүрчүсүз да” дегем. Анан ал “жашым 50дөн ашып калды” деген мааниде ырдаса, “сизди кары деп айтпайм, 18деги эле жигиттейсиз” дегем (күлүп). Мага тийише турган, кызыктуу айтыш куруп берчү бойдок жигиттер менен туш болсом деп ниет кылам. Үйлөнгөнү деле “токол кылып алам” деп тийишип ырдайт.

– Негизи реалдуу жашоодо “токол алам” дегендерге кандай карайсыз?

– Каршымын. Бирок чындап сүйүп калсам, көңүлүм болсо, ал сүйүп, ардактап турса, билбейм. Каршы да, макул да эмес экенмин. Мени, өнөрүмдү сыйласа, турмушка чыккандан кийин да айтышсам дейм. Ырдатпайм, айтыштырбайм дегендер менен сүйлөшпөйм.

– Чыгармачылык жолдо жүрүп түгөй табуу оорбу?

– Оор аябай. Ишенчээк, сезимталмын, жүрөгүм назик. Ишенчээктигимдин айынан көп запкы чектим деп айта алам. Бирөөнү оңою менен жакшы көрбөйм, жакшы көрүп калсам оңою менен кетирбейм. Күлүп жүргөнүм менен ичимде көп нерсе бар. Устатымдын “буулуккан булут болдум мен, буркурайт жамгыр ичимде” дегени бар. Ошондой кездерди көп өткөрдүм. Дале өткөрүп келатам.

– Учурда жүрөгүңүздө сүйүү барбы?

– Азырынча жок. Аябай күтүп жатам. Кээ бирлер акын кыз, бизди тоготпойт деп даап жаза алышпайт экен. “Сени бирөө сүйөт” деп көп айтышат.

– Буга чейин сүйүүгө кабылгансыз да?

– Ооба, студент кезде кабылгам. Ал жигитти унуттум же унута элекмин деп айта албайм. Биринчи сүйүүм болуп кала берет го. Ал азыр үй-бүлөлүү, бала-чакалуу. Экөөбүз бир жылдай сүйлөштүк. Ошондо ырлар жазылды. Ал турмуш курганда ырлар жазылды. Устатым айтып жатпайбы “Алтын-күмүш дүйнөңдөн эмне пайда?! Ак сүйүүсүз жүргөндөн уялгыла” деп. Ошондо мен 2016-жылдан бери уялып жүрөм (күлүп).

– Сүйүү да, ийгилик да ээрчишип келе берсин! Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан