ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАСМАСЫ - «БААРЫ, БАРДЫК ЖЕРДЕ»

Бүт ааламдын тагдыры бир кир жуучу жайдын кожойкесинин колунда турат... Көрөрманды сыйкыр дүйнөгө жетелеген “Баары, бардык жерде” тасмасы көптөгөн сыйлыктар менен кошо кино дүйнөсүндөгү эң башкы наам делген “Оскарга” да татыды. Болгондо да 7 статуэтканы багынткан тасма эмнеси менен баалуу да, эмнеси менен кызык?

Жылдын мыкты тасмасы: “Баары, бардык жерде”

Тарткан өлкө: АКШ

Чыккан жылы: 2022-жыл, 24-март

Жанры: фантастика, комедия, боевик

Узактыгы: 2 саат 19 мүнөт

Режиссёр жана сценаристтери: Дэниел Шайнерт жана Дэн Кван

Башкы ролдордо: Мишель Йео, Стефани Сюй, Ке Хюи Кван, Женни Слейт, Гарри Шам (кичүүсү), Жеймс Хонг, Жейми Ли Кёртис жана башка

Бюджети: 25 миллион доллар

Топтогон каражаты: 107,3 миллион доллар

ТАСМАНЫ КӨРӨ ЭЛЕКТЕРГЕ КЫСКАЧА СПОЙЛЕР

Эвелин Вонгдун (Мишель Йео) жашоосу, бир сөз менен айтканда, “бардак”. Бир үй-бүлөнү баккан кичинекей кир жуучу жайды сактап калыш керек, салыкчыларга отчёт түзө албай убара. Күйөөсү Вэймонддон (Ке Хюи Кван) жардам күтүп кереги жок, тескерисинче, ажырашам деп жүрөт. Эвелиндин атасы карып, кыял-жоругу өзгөрүп, өзүнө көп көңүл бурууну талап кылып жатат. Кызы да сүйлөшкөн кызын тааныштырганы алып келип, энесин нес абалга кептеди... Мм-даа...

Бир күнү Эвелиндин жашоосун астын-үстүн кылган окуя болду. Болгондо да илимий-фантастикалык. Ал биздикине параллель бир нече дүйнө бар экенин билет. Кызыгы, Эвелин ал дүйнөлөргө барып, өзүнүн ар башка жашоодо жашаганын көрөт. Эвелиндердин эс-тутумуна, акыл-эсине кирүүгө, таланттарын бир заматта өзүнө сиңирүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Эми ал кааласа опера ырчысы, актриса же башка кесиптин ээси боло алат. Укмуш, ээ? Бирок баары эле жылмакай болбойт эмеспи. Эвелин эми бүт ааламды жок кылам деп жаткан зулум Жобу Тупаки менен кармашуусу керек... Жобу Тупаки ким? Эмнеге аны менен кармашууга Эвелин тандалды? Аны тасманы толук көргөндөн кийин түшүнөсүз, окурман.

ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Кино сынчылар тасманын эң алгачкы өзгөчөлүгү катары көптөгөн жанрларды кошуп ашыкчасы-кеми жок “даамдуу коктейль” жасаган тасма болгонун айтышат. Айрыкча илимий-фантастика жанры жакшы ачылган.

МААНИСИ

Тасманын мааниси – бакыт жашоодогу ар бир жакшылыкка, боорукерликке, сүйүүгө толгон көз ирмемден куруларын айтат. Адамзаттын максаты – ошол бакытка жеткире турган майда көз ирмемдерди убагында кармап калуу. Башкаларды түшүнүш үчүн укканды билиш керек, анан, албетте, өзүңдүн арабаңды өзүң тартып, жашоого нааразы болбой, жакындарыңа ачылышың зарыл. Анткени үй-бүлө – адамдын эң негизги байлыгы.

МЕШЕЛЬ ЙЕОНУН БЕНЕФИСИ

Кино сынчылардын көбү “Баары, бардык жерде” тасмасы актриса Мишель Йеонун карьерасындагы эң татаал жана эң мыкты ролу болгонун айтышат. Буга чейин жүздөн ашык тасмага көрк кошкон актриса “Баары, бардык жерде” тасмасындай комплекстүү образ жарата элек болчу. Бир учурда драма, комедия, боевик жана башка жанрларын бир адамдын образына камтуу мүмкүнчүлүгү эми жаралып, натыйжада актриса алгачкы “Оскар” алган азиялык актриса болуп калды. Дэниэлдер деп аталган Голливуддагы атактуу Дэниел Шайнерт жана Дэн Кван дуэти Мишель Йео үчүн бенефис уюштуруп беришти десек болот.

“ОСКАРДАГЫ” ТААСИРЛЕНТКЕН КӨЗ ИРМЕМ

“Оскар” кино сыйлыгын тапшыруу учурунда көрөрманды жашытып, таасирленткен актёр Ке Хюи Кван болду. “Баары, бардык жерде” тасмасындагы ролу үчүн “Экинчи пландагы мыкты актёр” номинациясында жеңишке жеткен актёр сахнадан 84 жаштагы апасына кайрылып, “апа, мен “Оскар” алдым!” деп көзүнө жаш алып, элдин баарын жашытты. 40 жылга жакын актёрлук кесипти аркалаган Ке Хюи Квандын “америкалык кыялын” да Дэниэлдер дуэти ишке ашырды окшойт.

ТАСМАГА БАЙЛАНЫШТУУ КЫЗЫКТАР

– Тасмада Эвелин актриса болгон дүйнөдө Мишель Йеонун чыныгы кызыл килемден өткөн эпизоддору алынган.

– Сценарий алгач Жеки Чанга арналып жазылган. Ал баш тарткандан кийин аялдын ролуна ылайыкталып өзгөртүлгөн.

– Негизи фантастика жанрындагы тасмаларда визуалдык эффекттердин үстүнөн ондогон профессионалдардан турган команда иштейт эмеспи. “Баары, бардык жерде” тасмасында тескерисинче болгон. Тасмадагы спецэффекттерди 5 адам, болгондо да үйрөнчүктөр жараткан.

– Режиссёрлор бир нече тасмадан таасир алганын айтышат. Ал тасмалардын катарында “Матрица”, “Убить Билла”, “Индиана Джонс”, “Эта замечательная жизнь” жана башкалар бар.

7 “ОСКАР” СТАТУЭТКАСЫ КУРЖУНГА ТҮШТҮ

“Баары, бардык жерде” тасмасы “Оскар” кино сыйлыгынын 11 номинациясында ат салышып, 7 номинацияда жеңүүчү аталды:

1. “Эң мыкты тасма”

2. “Эң мыкты режиссёрлук иш” – Дэниел Шайнерт жана Дэн Кван

3. “Эң мыкты актриса” – Мишель Йео

4. “Экинчи пландагы мыкты актёр” – Ке Хюи Кван

5. “Экинчи пландагы мыкты актриса” – Жейми Ли Кёртис

6. “Эң мыкты сценарий” – Дэниел Шайнерт жана Дэн Кван

7. “Эң мыкты монтаж” – Пол Роджерс

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан