(Башы өткөн сандарда)
Мына, алдында турат! 17 жылдан бери издеп, “бир көрсөм” деп ийненин көзүндөй үмүттү эш кылып күткөн баласы. Эмирдин гитара кылын кыңгыратып коюп отурганы, ырдаарда өзүнө окшоп тамагын кырып оңдонгону, ырдап жатканда көздөрүн жумуп алганы бүт баары өзүнө тааныш. Өзүнө окшош. Жүрөгү жарылып кете жаздаса да, жанына жакын бара албайт, чачынан сылап “мен сенин апаңмын” деп айта албайт. Көкүрөгү күйүп жатса да четте карап турушу керек. Сабакты жакшы өтө албай койду Айдай. Улам көзүнө жаш толуп эмне деп айтарын билбей сыртка чыга качат. Муну шакирттери да байкап калышты. Дайыма “антип ойнобо”, “минтип ырдаба” деген талапчыл устаты бир жерди тиктеп калып, өзү менен өзү алышып жатканын байкашты. Бири-бирине көздөрүн ымдап жатышты. Сабак бүткөндө адатынча Эмир кетпей калып калды. “Жанына барсам эле өзүмө ээ боло албай калам, кетсин, кетип калсын” деп жатат бир сезими. Бир чети жанынан кетиргиси келбей жатты. Акыры Эмир өзү жанына келди.
– Айдай эже, сизге эмне болду?
– Эмне болуптур? - деди Айдай жылмайганга аракет кылып.
– Бир башкачасыз го.
– Башкачасы кандай?
– Ойлонуп эле, мени бир да жолу караган жоксуз. Сабакта дайыма сиздин энергияңыз билинип турчу. Бул жолу сиз барсызбы же жоксузбу, билинген жок. Мага айта берсеңиз болот, сыр жашыра алам. Илим байке менен урушуп калдыңызбы?
Айдай аргасыз жылмайып алды, сезимталдыгын кара. Башын көтөрүп Эмирдин көздөрүнө тике карады. Капкара көздөр! Куду өзүнүкүнө окшогон көздөр. Оозу, мурду атасын тартыптыр. Турушу да атасындай экенин байкады. Эмир болсо эмнеге Айдай өзүнө мынча кадала тиктегенин түшүнбөй турду. Желкесин кашый берди. Бул кыймыл да аргасыз Айдайга анын биринчи күйөөсүн эске салды. Кызык, ушуга чейин деле эмнеге байкабады экен? Оозуна сөз келбейт, тек гана тиктеп тура берди.
– Ошондо эмне болду?- деди Эмир ийинин куушуруп.
– Эч нерсе. Жөн эле сени бир адамга окшоштурдум.
– Апама окшоштурдуңуз го...
– Билбейм, балким,- деди Айдай көңүлсүз гана. Бул бала апасын оозунан түшүрбөйт.
– Мени баары эле апама окшоштурушат.
– Хм, ошондойбу?
– Ошондой!- деди жигит ишенимдүү. Эмнегедир Айдайга жини келип кетти. Кызыктай аял ушу. Апасы тууралуу айтса эле маанайы түшүп калат. Оюна келген нерсени балп эттире берди.
– Сиз мени апамдан кызгангандай сезиле бересиз.
Айдайдын көздөрү бакырайып кетти. Эмирдин көздөрү куду “мен баарын билем, жашырыштын кереги жок” деп тургандай.
– Жок, апаңдан эмнеге кызганайын.
– Мейлиңиз анда, мен кеттим. Бүгүн сиз менен сүйлөшпөй эле туруш керек окшойт.
Ушундай чечкиндүү, анан эч нерсени ойлонбой туруп сүйлөп салмай мүнөзү бар. Эмир рюкзагын алды да, чыгып кетти. Аркасынан ойлуу карап калды Айдай. Кечке маал үн жаздырган студиясынан чыгып жатып аны Эмирдин баккан атасы Эмил эшикти алдында күтүп турганын көрдү. Көрмөксөн болуп өтүп кетерде тиги каруусунан кармай калды.
– Мени тааныбай калдыңызбы, чоң кыз?
– Тааныш белек...- деп чырт эте жооп берген Айдай каруусун бошотуп. Тиги алдын торой берди.
– Биз сен ойлогондон да жакшы таанышпыз.
– Сиздейлердин көбүн көргөм. Жолумду торобоңуз!
– Жок, мендейлерди көрүшүң мүмкүн, бирок мени көрө элексиң.
Кытмыр күлгөн Эмил аны сынай карады. Бул эмнеге минтип табышмактуу сүйлөп жатат? Эмнени билет? Айдай аргасыз токтоду.
– Эмне керек сизге?
– Сен!
Мындай арсыз сунушту такыр күткөн эмес, Айдай таң кала тиктеди.
– Мен түз сүйлөгөн адаммын, сени бир көргөндө жактырдым. Эми-и, жактырдым дегенден да чоңураак, сүйүп калдым. Картайгандагы сүйүү жаман, билесиңби?
– Сиз кандай адамсыз? Аялыңыз оору менен алышып жатса, уулуңузду ойлобойсузбу?
– Уулумду сен ойлосуң да, а аялымдын абалын өзүң билесиң. Акыркы стадия...
– Коё бериңиз мени!
Жулкунуп бошонгон Айдай машинасын көздөй басты.
– Эмир тууралуу мен баарын билем!
Айдай тык токтоду. Бурулбай туруп далысы менен Эмилдин кытмыр көз карашын сезди. Бул кайдан билет? Балким, өмүр бою эле билгенби? Акмак десе... Эмне кыларын билбей шалдайды.
– Журналист сөрөйүң бул акыбалыңда сени куткара албайт. Бир гана мен куткара алам. Мага ишен! Тигини ташта. Болбосо...
– Эмне болбосо?
– Эмирге баарын айтып берем. Болгондо да сени бизге өз колу менен акчага сатып жиберген деп айтам. Ал баланы билесиң, мындайды укса ал өмүрү сенин бетиңди карабайт. Апа деп айтыш бул жакта турсун... Кыска убакытта аны билип үлгүрсөң керек, туурабы?
Айдай үстүнөн бирөө жугунду куюп жибергендей эле туруп калды. Мындай адамдардан сак болуу керек. Чындап айтып салса, баласына аны кичинесинде жоготуп алганын кантип далилдейт? “Мээңди иштет Айдай, бул кырдаалдан чыгыштын бир жолу болушу керек” деди өзүнө-өзү. Тиги болсо талуу жерин тапкандай мыйыгынан жылмайып турган.
– Айдай, сен акылдуу аялсың. Мен сени жакшы билем. Даяр болгонуңда мага телефон чал.
Визиттик карточкасын карматты да, машинесине түшүп жөнөп кетти. Айдай караңгыда кала берди.
ххх
– Уулум, сен эмнеге мынча ойлуусуң?- деди Ажар Эмирге карап.
– Апаке, сизди ойлонуп жатам. Балким, дагы бир жолу башка ыкманы колдонуп көрөрсүз. Мен бүгүн бир адам тууралуу интернеттен окудум.
– Эмир, биз бул тууралуу сүйлөшпөдүк беле? Сен баарын билесиң. Мен дагы билем.
– Апа, балким, дагы бир аз аракет кылсак... Билем, аябай чарчадыңыз, улам үмүт менен аракет кылып, болбой калып жатат. Бирок бул нерсени күрөшүп жеңебиз. Мен көп ойлондум. Сиз кетсеңиз мен эч кимге керек эмес экенимди ойлондум. Сиз болсоңуз мен баарын кылам. Мурун эркелеп кылбаган нерсенин баарын кылам, апа, сөз берем. Университетте окуйм. Сиз каалагандай жигит болом. Мурун сизге “үйлөнбөйм” дечү элем го, сиз айыксаңыз ага да макулмун. Болгону жакшы көргөн адамыма үйлөнөм. Англис тили ийримине да калтырбай барам. Сиз эле айыксаңыз...
Ажар мындан ары уга албады. Баласынын жалдырап караган көздөрүн көрбөш үчүн көздөрүн жума берди. Балким, көкүрөгүндөгү оор жүктөн кутулуш керектир. Өлүм жакадан алгыча Эмирге чындыкты айтып, өз туугандарын, ата-энеси тирүү болсо аларды изде деп айтыш керекпи? Кантип айтат? Айтканда деле бир илинчек билбейт, бул бала кантип табат туугандарын? Ары эмес, бери эмес болуп эки жолдо калсачы? Жашоого болгон ишеничин жоготуп алсачы? Эне жүрөгү тыбырчылап жатты. Эмирдин колундагы нерсени акырын алды.
– Мен сага бир нерсе айтайын деп жүрөм, уулум.
– Эмнени?
– Мурун эле айтышым керек эле, бирок...
– Мени аябай жакшы көрөрүңүздүбү? Аны билем, апакем!
Эмир апасын кучактай калды. Куду кичинесиндей көкүрөгүнө башын жөлөй эркелеп кетти. Ажардын кайра эле тили буулду. Айткыча өз тилин сууруп ыргытып жиберген жакшы эмеспи. Калтыраган колдору менен уулунун чачтарын сылады.
– Мен сени аябай жакшы көрөм, уулум. Сен муну эч качан унутпа, макулбу?
Эмир ыйлап жаткан экен, анын көз жашы энесинин алаканына тамып кетти...
(Уландысы кийинки санда)