ДАРЫЛАРДЫ САКТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ

Дарылар дарылык касиетин жоготпошу үчүн же тескери таасирин тийгизип койбошу үчүн сактоо эрежелерин билүү маанилүү.

Балдар жетпеген жерге коюу

Витамин болобу, дары майлары же башка дарылар болбосун балдар бир нерсеге чыгып да жетпеген жерге өйдө коюу зарыл.

• Балдар аскорбин кычкылын бир нече таблетка жеп алса башын оорутуп, ичин өткөзүп, кустурушу мүмкүн. Зыян деле эмес деп жаткан витамин ушундай терс таасир берет.

• Дене тапты түшүрүүчү сиропторду көп ичип алса бөйрөк, боор, өт жана мээ да жабыркайт. Жүрөктүн согушу начарлап, кан басым түшүп, дем ала да албай калышы мүмкүн.

• Мурунга тамызуучу дарылар ашыгы менен колдонулса жүрөктүн согушу катуулап, кан басымды көтөрөт, дем алуу оорлошуп, дене табы көтөрүлөт.

Башка күчтүү дарыларды балдардын ичип алышы мындан да оор кесепеттерге алып барат.

Күн нурунан сактоо

Сырты күңүрт болгон дары куюлган флакондор күндү тосот деген менен, ысыкты өзүнө бат тартат. Натыйжада дары бузулат. Баш ооруга көп колдонуп жүргөн анальгин дарысы күн нурунан өзүнүн касиетин жоготуп жиберет. Ал эми ооруну басуучу жана антибиотик дарылар күн нурунда туруп калса кооптуу химиялык реакциялар жүрүп кетет.

Күн нуруна витаминдер, вируска каршы каражаттар, ооруну басуучу каражаттар, дары чөптөрдүн тундурмалары, йод жана зеленка эритмеси бат бузулат. Каражаттардын көрсөтмөсүндө да бул тууралуу жазылган. Буларды коробкаларда, кутуларда же шкафтын текчелеринде сактоо керек.

Нымдуулукту сактоо

Кээ бир дарыларды ашканада же жуунуучу бөлмөгө коюуга болбойт, анткени нымдуулук жогору. Нымдуулук жогору болгондо упа сымал дарылар, чөп дарылар, жүрөктүн дарылары, антибиотиктер кристалдашып, дарылык дабасын жоготуп, терс таасирин тийгизет. Медициналык кебез, бинт, пластырь да мындай жайларда структурасын өзгөртөт. Дары кутучасы башка нымдуулук аз бөлмөдө турганы жакшы.

Сактоо температурасы

Көбүнчө көзгө тамызылуучу дарылар, ийненин дарылары, свечалар +2ден +8 градуска чейин сакталат. Демек, алардын орду муздаткычта. Ал эми +8ден +15ке чейинки градуста сакталуучу дарыларды салкын жайда же муздаткычтын чөнтөкчөлөрүндө сактоо керек. +15тен +25,30 градуска чейин сактоого боло турган каражаттар бөлмөдө, дары кутучасына салып сакталат.

Дарыларды сүйкөлүүчү жана ичилчү деп экиге бөлүп өз-өзүнчө сактоо туура. Ошондой эле балдардын дарысы менен чоңдордун дарысы да бөлөк турганы шашылыш учурда жардамын тийгизет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан