(Башы өткөн сандарда)
– Өлдүк, ээ?
– Эки жолу өлдүк... Кейий бербеңиз... Бизде акын көп... Баарынын баштары сатылса, эл ирденип кетет окшойт... Ансыз деле пайдабыз жок. Акча жыйнап коё бериш керек экен. Арзан баалап жиберсе, өзүбүз үстүнө кошо коёбуз.
– Жөнчү, эй. Өзүбүздүн башыбызга өзүбүз акча иштебегенибиз эле калды эле?
– Ой, «мунун башы миң сом» деп койсо... Намыстан өлбөйсүзбү сиз?
– Жинди... Бир жаш бала бар эле, оор абалда экен. Дарыланганга 40 миң доллар керек экен. Тиги Осмондун башына акча сайган «жаныбар» акчасын ошол жакка берсе болмок да, ошол чоң мусулманчылык, чоң сооп болмок.
– Биздин өлкөдө өлүп калыш оңой эле окшойт.
– Айтпа...
ххх
– Артурдан «каякка барабыз?» деп сураган жокмун. Анын үйүнө келгенибизди жеткенде билдим. «Чай коёюн» деп чай койду. Жолдон таттуу алганбыз, ошо менен чай ичтик. Мен анын ашканасына көз жүгүртүп отурдум. Муздаткычтын каалгасында альбомдун барагына түрлүү карандаш менен тартылган бир нече сүрөттөр жармаштырылып турат. Кызы тарткандыр. Артур «менин жаза турган ишим бар. Бир аз уруксат бер», деди да, үстөл үстүндөгү кагаздарына үңүлдү. Мен чай куюлган кружканы колума кармап алып үйдү бир кыдырып чыктым. Уктоочу бөлмө, конок бөлмө, ашкана. Бөлмөлөр чачылган, ар жерде иретсиз буюмдар. Муздаткычка жабыштырылган сүрөттөргө кайтып келдим. Бардык кичинекей балдар тарта берген гүл, бак, үй, атасы, апасы, баласы үчөө кол кармашкан сүрөттөр мага тигилип турду. Ушул сүрөттөрдө мен жок болчумун. Мени эч ким тартпаптыр... Ким тартмак эле? Мен булардын дүйнөсүндө жок адам болсом.... Менин сүрөтүм болбогондой эле, өзүм да бул үйдө болбошум керек. Аны өзүм түшүнүп, бирок өзүмдү жеңе албаганымдан ушул үйдө отурам. Артур көптө барып бошоду. Кагаздарын жыйнап текчеге койду да, чөнтөгүнөн жылтыракка оролгон кичинекей чөптү алып чыгып, тамекисине кошуп ороду. «Жашоодо ушул гана мээни сергитет, бул болбосо жашоонун кыйынчылыгын кантип жеңет элек?» деп күлдү. Ашкананын эшигин жаап, балкон-терезелерди ачып, тамекини күйгүзүп, тарта баштады. Мен чочуган деле жокмун. Буга чейин деле тартып жүргөнүн көп көргөм. Ал тургай кошо тарткан учурларыбыз да болгон. Бир жолу Артур экөөбүз жумушумда отурсак, көзү кызарып, шишип Акбермет келди. «Дагы ыйлаган экен» деп ойлодум. Кыздары кеткенден кийин Акбермет көпкө чейин бир кызыктай болуп жүрдү да. Ал аз келгенсип жашоосунда бирөө пайда болуп, кайра бат эле жоголду... Кезектеги адам аны таштап кетти. Акберметти өмүрүндө көп эле кишилер таштап кетиптир. Алгач апасы, анан атасы, анан туугандары, анан күйөөсү. Ал тургай мен да бир-эки курдай таштап кеттим. Анын жанында туруп эле ошенттим. Ушул бир кызыктай сезим, жанында турсаң деле андан өзүңдөн-өзүң кете баштайсың. Кеткени аргасыз кылат. Кетип анан өзүңдү күнөөлүү сезип отуруп каласың. Өзүңдү күнөөлүү сезсең Акберметке жагат. Бардык адамдарды өзүнүн алдында күнөөлүү эсептеген жайы бар. Аны баары таштап бүттү, эми ал да башкаларды таштай берсе жарашат. Ансыз деле ошентет. Жигиттер менен узак мамиле курбайт, таанышып, сүйлөшүп, анан кыз-жигиттей мамилеге жеткенде бурулуп басып кетет. Себебин сурасаң, «мени таштап кете электе, мен таштап салайын» деп каткырып коёт. Бирок бул жолу жетишпей калды. Ошого ыза болуп жүрдү. Тигил адамдын таштап кеткенине эмес, өзү жетишпей калганы үчүн ыйлап жүргөндөй болду. Артур экөөбүз Акберметти сооротуп кирдик. Андай айтсак да болбойт, мындай айтсак да болбойт. Ошондо Артур чөнтөгүнөн ушул чөбүн алып чыгып, «азыр сага сөз да, ый да, акыл да жардам бербейт, сага кантип жардам беришти мен эле билем, жардам берем, бирок биринчи жана акыркы жолу» деди. Чөптү тамекиге кошуп ороп, «ал, бүт баарын унутасың, сүйүүсүз деле, жигитсиз деле жашоо сонун экенин сезесиң» деп Акберметке сунду. «Андай эмес, мындай» деп ага тамеки тартканды үйрөтүп отуруп, кичине ичтерине бирдеме кирип калганбы, экөө бирин-бири карап эле каткырып жыргап жатты. Акбермет өмүрүндө каткырып көрбөгөндөй каткырып, бүтүн дүйнөнүн эркектерин сөгүп, боктоп кирди. «Сен да тартып көрсөң, сонун экен» деди мага. Мен «тартпайм» десем, «сени Артур таштап кеткенде тартасың, ха-ха-ха-а-а» деп каткырды. Анан ага карап кыжынып туруп, «сен да бир күнү муну таштап кетесиң да, ээ?» деп сурады. Анын ушул суроосу Акберметке чөптүн эч кандай жардам бербегенин, таасир этпегенин, ал аны таштап кеткендердин бирин да унутпаганын айтып турду. Өзү эч нерсени унуткан жок, бирок мага «сен да тарт, баарын унутасың» деп улам сунуштап коёт. Ал күнү жакшы көргөн адамым жанымда отурган... Ошон үчүн тарткан эмесмин. А бүгүн тартып көргүм келди. Жакшы көргөн адамым дагы эле жанымда отурат, бирок унута турган нерселерим көбөйдү... Артурду ээрчип анын үйүнө келгенимди, ал бул үйдө аялы, кызы менен жашаарын, алардын бул дүйнөдө бар экенин, муздаткычта жабышкан сүрөттөрдү, ал сүрөттөрдө менин жок экенимди, ал жерге менин сүрөтүмдү тартып койсо болбой тургандыгын, ушул сүйүүмдү, деги эле бардык сүйүүлөрүмдү унуткум келди. Анан Артурга акырын «мен да тартып көрөйүнчү» дедим. Артур күлүп:
– Сен айлыкка иштеген адамсың, акчаң бир күнү бар, бир күнү жок болот. Эң жакшысы – буга көнбөй эле кой. Азыр жаныңда мен бармын. Менден алып турасың, а эртең мен жок болуп калсамчы... Не кыласың?- деди.
– Сен жок болуп каласыңбы?
Ушул суроону чын жүрөгүмдөн сурадым. Анын менин жанымда бүгүн бар, эртең жок адам экенин көп эле жолу ойлонгом. Бирок ошону акырына чейин ойлонуп көрбөгөн экенмин. Сүйүүмө алаксып, сүйүүмө алданып кетет окшойм...
– Балким, сен менин жанымда жок болуп калышың мүмкүн,- деп Артур сөзүн оңдоп кетти. Менден озунуп мага күнөөнү оодара салгансыды да, «бере албайм, тартпайсың» деп бербей койду. Унутканы жардам бере турган нерсем жок, отуруп калдым. Кантип унутмак элем, унуткум келген нерсе – Артурдун үйү, муздаткычка илинген кичинекей баланын колу менен тартылган сүрөттөр болсо, мен ошол үйдө, илинген сүрөттөрдүн маңдайында отурсам? Бир убакта Артур мени колумдан кармап, өзүнө имере тартып өпкүлөп кирди. Өпкүлөгөн бойдон уктоочу бөлмөнү карай жетелеп баратты. Мен чочуп кеттим. Боюмду ала качып, мурда-кийин эркектер менен мындай мамиле курбаганымды, кыз экенимди айттым. Таң калды. «Жашың ушунчага келип калса да кызсыңбы?» деп кайра-кайра сурады. Сураганда да каткырып, шылдыңдап сурады. Мен сыймыктанса керек, «азамат» деп айтса керек деп күткөм. «Кыз болбой калсаң күлкүгө калып шерменде болосуң» деген эле түшүнүк менен жашап жүргөм. Биз ошондой тарбия менен чоңойдук да. Мен эле эмес, бүтүндөй кыргыздын кыздары бала күнүнөн тартып эле «кокуй, эл караган бетибизди жер каратпа, кыз деген барган жерине кыз боюнча барышы керек» деген темирдей тартип менен чоңоёт. Чоңойсок эле мейли дечи, ошол тарбиядан чыкпай карып кеткендер да бар арабызда. Маселен, мен. Мен карып кетпесем да, ушул жашка чейин ошол тарбияны аттап кетпей жашадым. Ошентип жашаганым үчүн каршымдагы адамдан шылдың эмес, сыймык, мактоо күттүм. Тескерисинче, кыз болсоң күлкүгө калган заманда жашап жатканыбызды билчүмүн, бирок бул нерсенин мага тиешеси жоктой көрүнө берчү. Менде ошол тарбиянын арты сөзсүз түрдө сый, кадыр, бакыт алып келет деген ишеним да бар эле... «Отурган кыз ордун табат, жакшы жүрсөң Кудай жакшы күйөө, жакшы жашоо берет» деп бизди апалар ишендирчү да. Апалардын сөзү Артурдун эки ооз сөзү менен эле жокко чыгып калды. Чын болсо эмнеге Кудай жакшы күйөө, бактылуу жашоо берген жок? Эмнеге ордумду тапкан жокмун? Эмнеге азыр Артурдун үйүндө отурам?..
(Уландысы кийинки санда)