Адамдын жүрөгү мүнөтүнө болжолдуу 70 ирет, суткасына 100 миңдей, жылына 3 600 000 жолу согот.
Адам жүрөгүнүн көлөмү болжолдуу түрдө сол колдун муштуму менен барабар делет.
Түйүлдүктүн жүрөгү 4-5 жумалыгынан баштап сого баштайт.
Эркектердин жүрөгү аялдардыкына караганда оорураак болот. Болжолдуу салмагы эркектердики 310 грамм, аялдардыкы 240 грамм. Жаныбарлардын арасынан эң чоң жүрөк көк китке тиешелүү. Анын жүрөгүнүн салмагы 680 килограммдан жогору болот.
Аялдардын жүрөгүнүн көлөмү эркектердикинен 20 пайыз кичирээк болгону менен, алардыкына салыштырмалуу батыраак согот. Аялдардыкы болжолжолдуу түрдө мүнөтүнө 75-78, эркектердики 70 ирет согот.
Адамдын жүрөгү суткасына 7 миң литрден ашык кан айлантат. Жүрөк өмүр бою токтоосуз канды айландырып иштейт. Болжол менен 60 жаштан ашкан адамдын жүрөгү 176 миллион литрден ашык канды айландырат.
Күлкү – ден соолуктун мүлкү деп бекеринен айтылбайт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, күлкү жүрөк-кан тамырларынын ички дубалдарын эс алууга жардам берет, ал өз кезегинде кандын агымын жогорулатып, жүрөктүн иштешин жакшыртат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.