Максат Тасмаев, актёр, куудул: “МУГАЛИМ “ОТУР, 2” ДЕСЕ СҮЙҮНЧҮМҮН”

Эх, балалык... “Үйдү өрттөп салгам, агайлардан көп таяк жегем, элге айтпай турган жиндиликтерим да көп, бейбаш болчумун” деп эскерет балалыгын актёр, куудул агабыз Максат Тасмаев. Маекти бирде таң калып, бирде каткырып окуйсуз деп ишенебиз. Кеттик анда, бала кезге бир саякаттап келели.

“Апам мени Макайым деп эркелетчү”

– Бактылуу балалыкта чоңойдум. Төрт бир туугандын кичүүсүмүн. Үйдө мага чейинки байкем экөөбүз чоңойдук, улуу агаларым чоң эне, таененин колунда тарбияланышты. Кичинемде 2 эле бир тууганбыз деп ойлочумун. 3-4-класска келгенде гана билдим тиги “заочниктер” тууралуу. Аларды кемпирдин балдары экен деп ойлочумун да. Агаларым “бизди го апабыз 2-3 ай эмизип эле кемпирлерге берип койгон. 3-4 жашыңа чейин эмчек эмген сен чоң болбой, анан ким чоң болот” деп каткырып калышат. Апамдын көзү өткөнчө чогуу жашадык. Апам өмүрүнүн акырына чейин мени эркелетти, Макайым деп эркелетчү.

Атам деле жакшы көрчү, бирок сезимдерин билдире алчу эмес. Атамдын 3 түрдүү: шлангдан, чыбыктан анан кайыштан жасалган шайманы бар эле, ошону менен урчу. Урат да, сууга эртең менен кетип, кечинде келсем. Аябай тентек элем.

“Үйдү өрттөп жибере жаздагам”

– Элдин оюна келбеген тентектикти кылдым. Эстегенимди, айтса боло турганын айтып берейин.

Кумурскалар ийининен чыгып келатканда күнгө лупа тосуп ойночумун. Кумурскалар пыз-пыз деп күйүп кетчү. Кызыл клоптор болот го, “кызыл аскер” деп койчу элек, аларды күйгүзүп, көмөч казанды газга коюп ысытып туруп, ага ошол “кызыл аскерлерди” таштап койчумун. Алар шишип барып “пах” деп жарылып кетишчү. Рогатка менен далай айнектерди талкалап, тоокторду аттым. Айтканга болбой турган да жиндиликтерим көп. Азыр деле токтоло элекмин, 50гө чыксам деле кээде оюма келген нерсени тарс жасап коё берем.

Үйдө кыз жок, жалаң эркектербиз. Апам жардам бергиле деп үй жыйнатчу. Подвалда эски матрастар бар болчу. Алардын пахталары капкара болуп катып, күйгүзсөк күйчү эмес. Анан бир күнү үй жыйнап жатып айнек идиштеги медициналык пахтаны көрүп калдым. Пахта күйбөйт деп ойлочумун да, ширеңке жаксам “бап” деп эле жалбырттап күйүп кетсе болобу. Көрсө, спиртке малынган пахта экен да. Өчүрөм деп жерге ыргытсам, паласка түшүп, жарымы пардага илинди. Атам менен апам сыртта чай ичип отурушкан. “Апа, өрт” деп кыйкырып чуркап чыктым. Кудай сактап өрттү өчүрүүгө жетишип калганбыз. Ошондо атам шланг менен чапкан. Апамдын 24 жашында төрөгөн 4-баласымын. “Көлөкө ээрчитпедиң, артыңдан бир кыз төрөп алсам жакшы болот эле” деп калчу.

“Жалкоо элем, иштин жеңилине кача берчүмүн”

– Тартипке оңою менен баш ийбеген, эч кимди укпаган көк бет болчумун. Азыр деле өз оюмду бербейм. Бирөөнүн айткан акылын укпайм. “Өзүң ошенте бер, мага өзүмдүн акылым жетет” дейм.

Мектепте орто окудум, математикадан нөл болчумун. Кыздар бор менен доскага жазганда тык-тык-тык деп такылдаган үн чыгат го. Мен доскага чыкканда “тык” дейт эле болду, ошол бойдон тура берчүмүн. Мугалим “отур, 2” десе сүйүнүп кетчүмүн. Ушул кезге чейин бир да китепти толук окуган эмесмин. Башын, ортосун, анан аягын окуп коём, бүттү. Окуганды эмес, укканды жакшы кабыл алам. Биздин убакта агайлар урчу да, көп жолу таяк жедим.

Анда 8-класстан кийин бейбаш, начар окуган балдарды училищеге айдап жиберчү. Мектепте жалаң жакшы окуган балдар калчу. Мен да училищеге айдалып кеткем. Ал жакта да тентек, тил укпаган балдардын катарында болчумун. Агайлардын жинине тийип, урушса качып кетип, айтор, айласын кетирчүмүн. Жеткен жалкоомун дагы, жумуштун жеңилине кача берер элем, от жаккыч болом дей берчүмүн. Дискотека уюштурганды, аккордеон ойноп ырдап бергенди жакшы көрчүмүн. Ойлоп көрсөм, көп эле кылмыш кылыпмын. Бирок колдоочум бар сыяктуу дайыма таза чыгып кетчүмүн. “Жардамга чакырсам, бул артист деп эч ким ишенбей койгон”

– Кудай сактап 3-4 кырсыктан аман калдым. Трактор айдаганды жаңыдан үйрөнүп жатканда бирөөнүн короосуна кирип кетип тамын сүзүп алгам. Ал кезде короолор зым-тор менен тосулчу да, балдар менен чогуу кайра оңдоп бергенбиз.

Бир жолу чөп чабыкта жалкоо 3 бала чачылган чөптү жыйнап жүргөнбүз. Иштермандар чалгыларын көтөрүп алып чөп чапканга кетишкен. Анан эле тракторубуз сайга түшүп кетип тележкабыз оодарылып кетти. Ошондо Кудай сактады, басып калса үчөөбүз тең өлмөкпүз. Агайыбыз тракторго кошо тоголонуп сайга түшүп кетти да. Бир маалда чыгып келип “артымды карап койчу” деди. Майкасы кан экен, көтөрсөм омуртка сөөктөрү көрүнүп турат. Трактордун темирлери этин кесип кетиптир. Анан балдарды жардамга чакырайын деп дөңгө чыгып алып “жардамга-аа!” деп кыйкырсам, “тиги артист дагы деле бакырып жүрөт” деп эч ким ишенбей койгон. Анан “кырсык болду” деп ыйлап жибердим. Ошондо гана ишенип чуркап келишти.

“Айылда артист десе Тасмаевдерди элестетишет”

– Айылда бизди “Тасмаевдердин династиясы” деп коюшат. Баарыбыздын чыгармачылык шыгыбыз бар. Кичинебизде үйдө музыкалык аспаптардын түрү бар болчу, комуз, гитара, мандолин, балалайка жана башка. Тазиктерди каккылап ырдап-бийлеп чоңойдук. Айылда азыр артист десе бизди элестетишет. Болот Тасмаев – агам, атамдын инисинин баласы. Аны менен бир короодо эле чоңойдук, ортобузда 2 жаш айырма бар. Ошол акем алпаруучулукка аралаштырып жүрүп, менин чыгырмачылыктагы жолум ошондон башталды. Каныбызда болгон соң биз да ушул багытта жол уладык. Башка кесипти тандоону деле ойлонгон жокмун. Мектепке бара электе эле гармошкада ойногонду үйрөнүп алгам, жаш балдардын ырларын ырдачумун. Мектепте иш-чараларда музыка жагы мага тиешелүү болчу, сурнай тартып, барабан каккылап, аккордеон чертип жүрчүмүн. Маскарапоз да, акробат да болдум жаш кезде. Быйыл буюрса, 50 жашка чыгам. Күзүндө юбилейлик концерт берейин деп даярданып жатам.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1060, 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан