Кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, Казак жергесинде психолог-мотиватор катары да таанылган Айнур Турсынбаева “Супер-Инфого” кызыктуу маек куруп берди. 13 жашынан тарта айтыш өнөрүн аркалап, айтыштарда кыргыз төкмөлөрүн “сүйдүртүп”, эки элдин эрке кызына айланган таланттуу айымдын жан дүйнөсүнө бирге саякаттайлы.
– Саламатсызбы? Кыргыз жергесине куш келипсиз!
– Саламатчылык. Кудайдын буйругу менен келип калдым. 4 жылдан бери интернетте Кыргыз-казак аялдарына мотивациялык сабактарды өтүп жүрөм. Бишкекте күйөрманым көп экенин билбептирмин. Эми, буюрса, бат-баттан келип турам.
– Кыргыз эли сизди төкмө акын катары жакшы тааныйт. Айтыш дүйнөсүнө качан, эмне болуп келип калгансыз?
– 6 жашымдан тарта ыр жазам. Башында айтыш эмне экенин деле билчү эмесмин. Кийин бирөөлөр “сен төкмө акынсың” деп айтышка баруума багыт берген. Ошентип 13 жашымдан тарта айтышка аралаштым. Көптөгөн жеңиштерге жеттим. 30 жыл ичинде 34 автоунаа утуптурмун (күлүп).
– Ушундан улам сизди акындар “автосалон, унааларды өзүнө тартуучу магнит аял” деп тамашалашат экен. Ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
– Ар дайым эл алдына чыгарда өзүмдү жеңүүчү элестетчүмүн, ошол нерсеге өзүмдү даярдачумун. Анан да каршылашымдын эмне деп айтарын алдын ала сезчүмүн. 90 пайыз мен ойлогондой болуп чыкчу. Анда азыркыдай визуализация, ийгиликти тартуу деген түшүнүктөр жок эле.
– Кыргыз акындары менен көп жолу айтыштыңыз. Биздин төкмөлөр сахнадан сизге тийишип ырдап, “сүйүүсүн” арнап жиберишет. Ал эми сахнадан тышкары чын эле сезимин билдиргендери болгонбу?
– Ооба, кыргыз акындарынын көпчүлүгү – Аалы Туткучев, Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Азамат Болгонбаев, Эламан Келдибеков жана башкалар менен айтыштым. Залдагы элдин маанайын көтөрүү үчүн сахнада сезимин билдирип ырдагандар болот. Бирок сахна сыртында андай мамиле уланбайт. Баары менен сый, достук мамиледебиз.
Эсимде, мындан 15 жылдай мурун Элмирбектин мага келип “Айнур, сага арнап бир ыр жаздым” деп сахна артында “Булбулумду” ырдап берген жайы бар. Муну казак акындарынын баары билет. Сезимдери канчалык чын, бир Кудай билет, бирок Элмирбек өзү ошентип айткан. Азыр да “Булбулумду” угуп турам, уккан сайын ыйлагым келет.
– Психологияга ыктап, айтыш өнөрүнөн алыстап кеттиңиз окшойт...
– Айтышта жаштар чыгып, өсүшү керек деп ойлойм. Андыктан аларга орун берип, турмуштук тажрыйбамды эл менен бөлүшүүнү туура көрдүм.
– Психологдор адамдардагы көйгөйдүн көбү – алардын бала кезде алган жан дүйнө жаракатынан улам дешет. Бул нерсе канчалык деңгээлде чын?
– Мен кичинекей кезде ата-энем ажырашып, 1,5 жашымда энем башкага турмушка чыгып кеткен. Жокчулукту, кыйынчылыкты көрүп чоңойдум. Эгерде ошол нерсе мага терс таасирин тийгизсе, анда бүгүнкү Айнур болбойт эле, мен тээ ошол жакта калып калмакмын. Бул убагында болгон бир сыноо. Артыңды карай жүр, өткөнүңдү унутпа деп Кудай азыркы бардар жашоону берди. Атанын мээримине көөдөнүм толо өссөм, элдин азыркыдай сүйүүсүн көтөрө алат белем? Жок, албетте. Андыктан эртең кандай адам болорубуз, бүгүнкү иш-аракетибиздин натыйжасы.
Айта кетсек, Айнур Турсынбаева Бишкекте өткөн тренингдердин бирине катышып, кыргыз айымдарына жашоодогу тажрыйбасы, акыл-насааты менен бөлүштү. Төмөндө анын сөзүнүн урунттуу жерлерин сунуштайбыз.
“ЭНЕЛЕР, ТИЛДИ АБАЙЛАЙЛЫ, КЫЗЫМДЫН СӨЗҮ МЕНИ КАТУУ ОЙЛОНТТУ”
– 2016-жылы кызым автоунаасы менен бирөөнү сүзүп кетти. Бактыга жараша, баары жеңил жаракат алып, сакайып кетишти. Бирок массалык маалымат каражаттары чуу көтөрүп чыгышты. А мен “эл караган бетимди жер караттың” деп кызымды урушам. Стресске кабылып, үйдөн чыга албай бөлмөмө камалып отуруп калдым. Бир күнү кызым менен сүйлөшүп жатсам ал “апа, билесизби, сиз мага бирөөнү сүзүп кетпе деп айткансыз. А мен качан бирөөнү сүзүп кетем, качан ушундай кырсык болуп кетет деп коркуп 1 жыл күттүм” деди. Мага ошондо жетти. Көрсө, биз өз сөзүбүз менен болчу окуяларды тартып алат турбайбызбы. Андыктан, энелер, эң алгач тилди оңдойлу.
Кызымдын ошол сөзүнөн кийин психологияны, анын адамдардын жашоосуна тийгизген таасирин изилдей баштадым. Мендеги көйгөйлөрдүн пайда болушуна, көрсө, өзүм күнөөлүү экенмин. Мен өзүмдү, оюмду, ниетимди оңдоп баштадым, анан айланам, жашоом өзгөрдү.
“КУЛ МҮНӨЗ АДАМДЫ ТАРБИЯЛАБАЙЛЫ”
– Кул мүнөз адамды тарбиялоо үйдөн башталат. Казак энелери кызга кандай тарбия берет, билесиз да? Сиздерде деле бар болуш керек, анткени тилибиз, маданиятыбыз окшош элбиз. “Үйдү жакшылап жыйнаганды үйрөн, болбосо кийин кайненең үйдөн кууп чыгат”, “тамакты жакшы жаса, болбосо күйөөң сабайт” дейбиз. Көрдүңөрбү, багытты кайсы жакка буруп жатканыбызды? Келечекте ошонун баары ишке ашканда анан "эмне үчүн ушундай болуп калды?" дейбиз. Демек, тилиң өзгөрсө, өзүң өзгөрөсүң, баары өзгөрөт.
Өзүмдүн жашоомдон эле мисал келтирейин. Бир күнү белгилүү бир адам мени үйлөнүү тоюна чакырды. Экинчи жолу турмуш куруп жаткан айым эле. А мен “ажырашпай эле жашай бербейт беле. Экинчи жолу турмушка чыгып эмне кылат” деп ичимден сүйлөнүп койгон элем. Анан Кудай “мына, ажырашуу кандай болорун сез” деген экен, мени кайра-кайра ажыраштырды (күлүп).
“АКЧА, БАЙЛЫК ЖАМАН ДЕГЕН ТҮШҮНҮКТӨН АРЫЛЫҢЫЗ”
– Убагында биздин байларды, билимдүүлөрдү кырып жок кылып салганы үчүнбү же 1930-жылдары оор ачарчылыкты көргөн эл болгонубуз үчүнбү, кан-жаныбызга сиңип калган окшойт. Негедир байлык, акча дегенден коркуп турабыз. Акча жок болсо, кулагыбыз тынч болот, бизге эч ким тийишпейт деп ойлойбуз. Заман өзгөрдү, барчылыктан, кенен жашоодон коркпой, тескерисинче, ага умтулуп жашообуз керек. Бай болуудан, айланаңызды жакшы нерселер менен курчоодон чочубаңыз. Акча – бул эмне? Акча – ылдамдык. Каалаган жерге, көздөгөн максатка бат жана оңой жеткирүүчү күчкө ээ курал.
Турсунай Алымкулова