Белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Асанкул Осмонов дээрлик 50 жылдан ашык өмүрүн Кыргыз театрына арнады. Советбек Жумадылов, Сатыбалды Далбаев, Мамбет Асанбаев, Асанбек Кыдырназаров сыяктуу залкарлардын катарында элге эмгек өтөдү. Белгилүү драмаларда мыкты ролдорду жаратты. “Айкөл Манаста” Кошойдун, “Курманжан даткада” Алымбек датканын, “Манастын уулу Семетейде” Бакайдын жана башка спектаклдерде башкы каармандардын ролун ойногон. Андан тышкары “Биринчи”, “Дилетант”, “Төрөлүш үчүн өлүм”, “Талаада атылган ок”, “Белгисиз маршрут” сыяктуу тасмаларда образ жаратты. Актёр 26-мартта 88 жаш курагында каза таап, сөөгү 28-мартта “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди.
Чоро Думанаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Театрга эбегейсиз эмгек өтөдү”
– Асанкул Осмонов мени айылдан шаарга 9 жашымда алып келген, ошондон бери атамдай эле болуп калган. Бул жерге мектепке киргизип, окутту. Ал эле эмес, болочок кесипти тандоомо да ушул киши таасирин тийгизди. Ушул кишинин аркасы менен артист болуп, ушул даражага жеттим. Асанкул агам театрга эбегейсиз эмгек өтөдү, Эл артисти деген наамга татыктуу иштеп берди. Коштошуу зыйнатында баары эмгеги элге сиңгенин айтышты. Эмне дейин эми, айла жок экен, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун деп “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюп келдик.
Жаныш Кулмамбетов, Кыргыз Эл жазуучусу: “Асанкул Осмонов ойногон ролдордун көбүндө сабырдуулук көрүнүп турат”
– Биринчиден, Асанкул Осмонов 20 кылымдагы кыргыз театрынын эң бир көрктүү, эң бир келбеттүү, сыны келишкен актёру эле. Бул кишини ушул жагынан баалап, Кыргыз театрынын лирикалык баатырларын ойной алат деп ошол учурдагы Сыдыкбек Жаманов, Насыр Кытаев сыяктуу мыкты актёрлордун ордун басат дешкен. Бирок Асанкул ага аны менен эле чектелип калган жок. Алгачкы театрдагы көрүнүктүү ролдорунан баштап эле аны эпикалык багытта дагы, кыргыз элинин өзгөчө мырзалыгын алып жүргөн инсан катары да тааный баштадык. Өзгөчө бул сапаттар “Ак боз аттагы” Шырдакбектин, “Айкөл Манастагы” Хан Кошойдун образынан көрүнөт. Асанкул Осмонов ойногон ролдордун көбүндө сабырдуулук көрүнүп турат. Ушул өзгөчөлүк десе болот. Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” спектаклинде Дүйшөндүн ролун ойногон, анда Осмонов аябай токтоо, сабырдуу, балдарды окутуу, билим берүү үчүн талпынган, башкача айтканда, кадимки жөнөкөй кыргыздын мугалиминин образын ачып берген. Ушул жагынан, менимче, Осмоновдуку утуштуу. Анткени кыргыздар токтоолук, сабырдуулук деген касиеттерди өзгөчө белгилейбиз да. Ал киши дал ушундай касиеттерди алып жүргөн актёр. Актёр, албетте, ушундай мүмкүнчүлүгү менен кыргыздын кинолорунда көп тартылып калса болмок. Тилекке каршы, биздин кинолордун көбү эле Совет мезгилинде идеологиянын критерийлери, диктовкасы менен тартылган да, балким, ошол жагынан Осмоновдун көркү да, келбети да анча керек болбогондур деп ойлойсуң. Ал жерде революционерлер, баатырлар, жек көрүмчү, кезүүчү табы болуш керек эле да. Андай стеоротиптерге Осмоновдун ички дүйнөсү дагы, сырткы келбети да анча коошо бербейт болчу.
Замирбек Сооронбаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Театр үчүн колго жасалгандай киши эле”
– Кыргыз маданияты, кыргыз улуттук драма театры, дегеле театр сүйүүчүлөрүндө өтө оор жоготуу болуп турат. Бул киши 1960-80-жылдары улуттук театрдагы эң бир ажарлуу актёр болгон, жылдызы жанып турган. Ички маданияты менен сырткы маданияты төп келишкен, атайын театр үчүн колго жасалгандай жан эле. Дүйнөлүк жана улуттук пьесаларда негизги каармандарды ойноп элдин эсинде калды. Театрды академиялык деген деңгээлге жеткирген ушул киши. Эмне деген гана ролдорду ойногон жок театрда. Кандай образда болбосун каарманга төп келип калар эле. Өткөндө эле театр тобу жаш Алымбегибизди узаттык эле, эми минтип “Курманжан даткадагы” улуу Алымбегибизди узатыбыз жатабыз. Арты кайрылуу, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Артында калган үй-бүлөсүнө, бала-чакасына, неберелерине кайрат айтабыз. Артында калган шакирттери анын жасап кеткен ишин, айткан акыл-кеңешин, изин өмүрүбүз өткүчө айтып жүрөбүз, эсибизде сактайбыз.
Табылды Актанов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “Театр үчүн келбетин сактады, дайыма жөө жүрчү”
– Мен Асанкул байкенин айылдашы болом. Биздин заманда биздин айылдан чыккан профессионал актёрлордун биринчиси. Асанкул байкени кичинебизден сыймык тутуп чоңойдук. Анан чогуу иштешип калдык. Бул киши театралдык билим алган жок да, бирок ага Кудай чанда кездешүүчү жакшы касиеттерди берип койгон. Биринчиден, таланты, экинчиден, сахнада жүргөн өнөр адамынын бой-келбетин, өң-келбетин аябай берген. Бул өзгөчөлүк чанда адамда болот. Бул киши эми сахнада кандай гана башкы каармандарды ойногон жок, мейли эпизоддук, мейли башкы роль болобу, баарын ийине жеткире аткарды. Сахна көркөмдүктү жактырат эмеспи, сахнанын декорациясына актёрдун дагы көркөмдүгү жарашып турса эң эле мыкты болот. Ал мына ушундай кишилерден эле. Кандай ролго чыкпасын өзүнүн ажары менен, үнү менен бүт көрүүчүлөрдүн жүрөгүн ээлей алчу. Ойногон ролдору салттуу, салабаттуу чыкчу, анткени өң-келбетине жараша турган. Мисалы, Кошойду, Бакайды, Союз убагында Брежневдин образына чейин жаратты. Өзгөчө “Ак боз аттагы” Шырдакбекти ойногону көпчүлүк көргөн кыргыздын эсинде.
Адамгерчилиги да абдан мыкты, пейили дагы кенен эле. Анын бирөө менен сөгүшүп-сагышмак түгүл, үнүн катуу чыгарып урушканын көргөн жокмун. Улууну улуудай, кичүүнү кичүүдөй сыйлаган, нукура кыргыздын ыйманын, нукура кыргыздын салтын, наркын сактаган киши болчу. Жумагүл жеңем экөө ыймандуу, жакшынакай уул-кызды тарбиялап өстүрдү. Балдары шаарда чоңойсо да, кыргыздын каада-салтын, наркын, ырым-жырымын билген, Кыргыздын улуттук касиетин сактап өсүшкөнүнө ичтен ыраазы болом. Пендебиз да, “бул киши 100дөн ашып барып кетет го” деп тамашалап калчубуз. Анткени өмүр бою жөө басты. Бишкектеги 5-кичи райондон театрга чейин күнүгө жөө барып-келип иштеди. Буга айрымдар ишенбеши мүмкүн, биз болсо өз көзүбүз менен көрдүк. Ден соолугу үчүн да, сахна үчүн да өзүнүн келбетин сактады. Бизге “ай балдар, эртеден кечке машине менен жүрөсүңөр, үйгө барып да жатасыңар, кыймыл кылбайсыңарбы? Курсактын эмне кереги бар? 60тан кийин деле казы байлабайсыңарбы” деп калчу. “Ата-бабадан калган тамактарды жегиле, көчөдөгү тамактарга биздин табиятыбыз көнгөн эмес” дечү. Өзгөчө жаштарга аябай үлгү болорлук өмүр сүрдү. Жаштардын кемчилигин бакырып-өкүрбөй, жадырап-жайнап агалык мээрим менен баса көрсөтчү. Өзүндөгү болгон нерсени бизге сиңирип жашап өттү. Бир сөз менен айтканда, Кыргыз театр өнөрүндөгү эң жарык жылдыздардын катарында өзүнүн орду, өзүнүн жолу бар, урмат-кадырга ээ болгон, бийиктиги бар мыкты актёр жана мыкты адам эле.
Кыргыз театры өнөрүнүн чолпон жылдыздарынын бири, биз жашап турганда унутпай улам кийинки муунга ал кишинин өнөрүн үлгү катары айтабыз. Жаткан жери жаннаттан болсун.
Гулийпа Маметосмон кызы