Жүрөк сыры
“Эки доочу бир келсе – амалыңдын кеткени, эки илдет бир келсе – ажалыңдын жеткени” дешет кыргыздар. Ал эми ыза, каар, өкүнүч бирдейинен сени каптап келсе кантесиң? Менин суроомо жооп таап, жол көрсөтөр жан бар болду бекен?
Апамдын жападан жалгыз сиңдиси баш калаада турчу. Мектепти бүткөн соң ошолорго бардым. Абдан ынтымакта, бардар турмушта жашаган жездем экөө бала жытына зар эле.
Эжемдин “Дордой” базарында контейнерлери, жездемдин курулуш фирмасы бар, экөө тең жумушу менен убара. Анда-санда экөөнүн теңтуштары чогулган той-кечелерге барып калганым гана болбосо, биринчи курста окуудан башканы ойлочу эмесмин. Ошондой кечелердин биринде аны менен таанышкам.
– Зеригип жатасыңбы?
Кайрылып карап, саамга делдейип туруп калдым. Кара торусунан келген сулуу байке туруптур. Кайдан көрдүм эле?
– Эрмек.
– Жыпар.
– Чоңдордун арасында эригип кеттиңби?
Эрмек байке ар кандай кызыктарды айтып берип, күлдүрүп отурду. Көптө барып гана кайдан көргөнүмдү, ой, жок, кимге окшотконумду түшүндүм. Энрике Иглесиаска абдан окшош экен, болгону меңи жок.
– Бүгүн Эрмек келет, кечинде дасторкон дайындап койгула.
Бир күнү жездем жумушка баратып мага эскертип калды.
Дасторкон үстүндө Эрмек улам мага жүз буруп, сабагымды, досторумду сурап жатты. Ал кетери менен эжем жымыңдай мага тийишип кирди:
– Эрмекбайга биздин кыз аябай жагып калган көрүнөт. Канчадан бери үйгө келтире алчу эмеспиз. Жыпардан көзүн албай отурду.
Эжемди жездем да коштой карс-карс күлүп калды:
– Баягы Эрмек жок, бир топ токтолуптур. Чын эле күйөө бала кылып алсакпы?
Эртеси Эрмекти биздин окуу корпусубуздан көрдүм. Жылмая өөп учурашып, аңкайып турган мени жетелеп бараткан сулуу байкени көрүп, группалаштар кызыгуу менен тиктеп калышты. Ал күнү экөөбүз киного, андан чыгып кафеге бардык. Саатымды карап тынчсыздансам, “шашпай эле кой, жездеңдер тойго кетишти. Киного барарыбызды айттым” деп көңүлүмдү жайгарып койду. Биздин мамиле күн санап, жок, саат, мүнөт санап жылуу тартып баратты. Андыктан экөөбүз өткөргөн түндөргө да эч кейиген жокмун. Ушул күнгө чейин да өкүнгөн эмес элем...
Чогуу жүргөнүбүзгө жарым жыл болгондо, ал Италияга кетти. Ошол жакка жумушка орношуптур. “Окууну бүтсөң алып кетем” деп кайра-кайра айтып кеткен. Бир айдан соң кош бойлуу экенимди түшүнүп, дел болуп көпкө отуруп калдым. Аял эмеспи, эжем биринчи байкады:
– Эмне болуп жүрөсүң?!
Суроого жооп бере алсамчы. Эжем кыйкырып урушат, атүгүл үйүнөн айдап жиберет деп ойлогом. Андай болгон жок. Мени кучактап алып “Кудай берет деген ушу” деп кайра-кайра кайталап жатты. Ошондо кичине акылдуураак болсом, кептин төркүнү эмнеде экенин баамдамакмын. Бирок ал учурда уккандарымды таразалоого чамам жок эле. Эжем менен жездем дүрбөп, эртеси күнү эле айылга, апама жөнөдүк. Атамдын көзү өтүп кеткен, иним, анан мен, апам деле баладан тажап жаткан жери жок. “Эмне дешсе ошол дешсин, баары бир төрөйм!” деп чечкиндүү бардым. Апам бечара ыйлап-сыктады, анан эжем-жездемдин айтканына ынанып отуруп калды.
– Ушунча жыл чогуу жашап, барбаган жерибиз, көрүнбөгөн врачыбыз калбады. Кудай бизге бала жытын жыттатпады. Эми Жыпар кош бойлуу болуп калыптыр. Баланы бизге бергиле, эч нерседен кем кылбай багып алабыз. Төрөгүчө дачага алпарып коёлу, эч ким билбей деле калат. Жыпар али жаш, окуусун бүтүп, жакшы бир жигитке турмушка чыгышы керек.
Жалгыз сиңдисинин сөзүн апам кыя албады. Макул болбогондо кантет?
– Мынчалыкка барбашың керек эле, эми айла жок, жок дегенде эжеңдин бир керегине жара. Чын айтышат, сен жашсың, дагы төрөп аласың.
– Апа, мен Эрмекке айтышым керек.
Эжем апамдын оозунан сөзүн жулуп кетти:
– Жыпаш, сени капа болот деп айтпай жүргөнбүз... Эрмек үйлөнүптүр.
Бүттү! Бут алдымдан жер көчүп баратты. “Мени алдады! Мени алдады!” Ушул эки ооз сөз мени менен канча жылдан бери жашап келе жатканын билсеңиздер эле...
Эжемдин дачасында жүрүп жайдын кандай өткөнүн, күздүн кандай келгенин да байкабадым. Ал күндөрү мен жашабай эле дендароо абалда таң атырып, күн батырып жүрдүм окшойт. Болгон эрмегим – курсактагы балам менен сүйлөшүү. Миң кайталап андан кечирим сурап, “сени багып алабыз дегендер абдан жакшы адамдар. Дайыма жаныңда болом” деп ыйлайм.
Наристе ноябрда жарыкка келди. Кирпиктери төгүлгөн, куш мурун, татынакай уул экен. Эки ай эмизип, анан эжеме бердим. Оюма койсо биротоло эле уулумдун жанында жашап алмакмын. Бирок мага бир бөлмөлүү үй сатып берип, бөлүп коюшту. Түшүнүктүү дечи, кызганышты. Айла жок, буга да көнүүгө туура келди. Окуумду калыбына келтирип, баш-отум менен окууга кирип кеттим. Болгону, курбу кыздар кечелерге, дискотекага жүгүрсө, мен эжемдин үйүн көздөй жүгүрөм. Эптеп эле убакыт таап, баламды жыттап алсам дегенде эки көзүм төрт.
Дайыма эле биз каалагандай боло бербейт, ээ? Окууну бүтүп, банктардын бирине жумушка орноштум. Бир жылдан бери артымдан калбай ээрчип жүргөн Нурдин аттуу жигит бир күнү “нагло” ала качып кетти. Эки күн бою согушуп, тартышып отуруп, аягында калууга аргасыз болдум. Ошол. Азыр эки кызым бар. Минтип күйөөгө чыкканыма алты жыл болуп, уулум Руслан онго чыгып калганда шумдук окуяны угуп отурам.
Эжем көптөн бери ооруп, дарыгерлер диагноз коё албай жатышкан. Табыпка барса, “сенин дартың – көңүл дарты. Жакыныңдан жашырган сырың бар. Аны айтып, кечирим сурасаң айыгасың” дептир. Ошондо гана эсине келген эжем менден кечирим сурап жатпайбы.
Көрсө, алар мени менен Эрмекти атайын тааныштырышып, көрсөткөн “кызматы” үчүн жездем ага Италияга кетүүгө шарт түзүп бериптир! Алардын тузагына оңой эле илинген мен акмак аларга уул төрөп бербедимби! Ушундай шумдукту уктуңуз беле? Он жылдан бери өзөгүмдү өрттөгөн дартты эч кимге айталбай, жан кайгысын тартып келбедим беле! Канчалаган түндөрдү уйкусуз өткөрүп, уулумдан миң кайталап кечирим сураганымчы...
Эми кантем? “Уулума ачыгын айткыла, ким менен каларын өзү чечсин” десемби? Сотко берем деп долулансамчы? Мейли, эмне жорук жасабайын, ошол он жыл ордуна кайтып келеби? Өзүмдү-өзүм жектеп, күнөөлөп жүргөн күндөрүмдү ким кайтарып бере алат? Эжеме, жездеме, айрыкча жүрөгүмө бир өмүр кеткис так калтырып, акча үчүн сатып кеткен Эрмекке кандай жаза берсе болот? Ошондо күйүтүм басылабы? Кегим, ызам жанабы? Уулумчу? Анын мындан аркы тагдыры кандай болот?
Жыпар