Элге пародист, “Баягылар” тобунун шаң жаратуучу ырчысы катары таанымал инсан. Учурда “Агай” сериалындагы Кочкор агайдын образы менен мактоого алынып жатат. Маектешибиз – Адилет Кожобергенов.
– Саламатсызбы, Адилет ага? Маекти учурда актуалдуу болуп жаткан “Агай” сериалындагы ролуңуздан баштасак...
– Саламатчылык, рахмат. Бул тасмага тартуучу топтун чакыруусу менен кастингге катышып, тартылдым. Адегенде “кулагы укпаган мугалимдин образын жаратасыз” дешкенде бул образды комедия катары кабыл алгам. Оюмда жакшы бир комедия жаратсам деген элем, көрсө, бүт баары трагедия экен. Башкача ойноого туура келди. Кичинекей бирок татаалыраак образ. Өткөндө сериалды жабык көрсөтүүдө реалдуу жашоодогу кадимки Кочкор агайга жолукпадыкпы. Ал киши “фильмди көргөн сайын ыйлап жаттым. Эмнелер гана баштан өтпөдү, мындан да оор күндөр болгон” дейт.
Бул сериал мени да таасирлентти. Балага кандай мамиле кылышым керек, окууда кантип жардам бере алам, жадакалса бош учурда мектепке барып келсемби деген ойлор келүүдө. Негизи, Гапыр агай коомду тарбиялаган адам тура.
– Кадимки Кочкор агай жашоодо кандай адам экен?
– Ал киши турмушта көп кыйналган адам экен, кулактын айынан көп кыйналыптыр. 5 мектепте иштетпей коюшуптур. Гапыр агай анын сабак өткөнүн байкап, күчтүү мугалим экенин билип жүрчү экен. Абдан билимдүү киши экен, ошол гимназияда 17 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштептир, азыр да сабак берет экен. Менин сериалда ойногонум ал кишиге жагыптыр. Чынында, гимназиянын ошол кездеги мугалимдери нагыз мугалим кантип иштеши керектигин көрсөтүшкөн. Мен да мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштегем. Айлыгыбыз болгону 100 сом болчу. 2-3 айлап айлык албай иштечүбүз.
– Сериал тартылып жаткан учурдагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз.
– Кызыгынан да кыйынчылыгы көбүрөөк болду. Себеби Тоң районунун күзгү аба ырайы катаалыраак, тез-тез жаан жаап жатты. Табылды Актановдун бир кызыгын айтып берейин. Табыкем тартуу иштерине бизден кийин барды, ага чейин Табыкем жатчу орунга башка бала жатчу экен. Барган күнү түндө бөлмөгө ошол баланын досу барып, тамашалайм деп жуурканын сыйрып жибериптир, а Табыкем кыйкырып... “Апа-аа, бул мен, Табылды” деп (күлүп). Ушундай кызык учур болду. Негизи тартуучу топ абдан жигердүү, так иштейт экен.
– Мугалимдердин учурдагы орду, статусу тууралуу эмне айтат элеңиз?
– Чынында, бала тарбиялаш үчүн өзүн тарбиялап, мугалимдик кесипке баруунун өзү – эрдик. Биздин убакта эне-аталарыбыз мугалимдерге болушчу. Азыр балага катуу айтсаң, окуучунун укугу деген бар, азыркы балдардын тили да узун. Интернетке тараган видеолордон көрүп жатпайбызбы, тим эле чаппасаң да колуң өзү барып тийип кетчүдөй сөздөрдү айтышат. Азыр балдарды эне-ата тетири тарбиялап калды. Баладан мурда эне-атаны тарбиялаш керек. Ушундай учурда мугалим болуп жүргөндөргө, мугалимдикке бараткан жаштарыбызга баатыр деген баа берем.
– Кепти куудулдук, пародисттик өнөрүңүзгө буралы, бала чагыңыздан эле пародияга жакын белеңиз?
– Куудулдук кошумча ала жүргөн эле өнөрүм, мен пародистмин. Бала күндөн эле бирөөнүн кылык-жоругун, үнүн тез эле өзүмө сиңирип алчумун. Опера ырчыларын, Дарика Жалгасынованы дал өзүндөй кылып сапрана үн менен туурап ырдачумун. Кайыргүл Сартбаева, Болот Миңжылкыевди, Ашыралы Айталиевди да бала кезден эле туурайм. Пародисттиктин артынан куудулдарга аралашып кеттим. Буга Борончу Кудайбергенов себепкер. “Ар бир айдын алтысы” деген долбоорго ошол алып келген, анын 4-5 айлампасына катышып калдым.
Негизи өнөр жолумду дастанчылыктан баштагам. Актёр, пародист, куудул болом деген оюм жок эле. Бала күндөн дастанчы болууну каалап, дастандарды көп жаттачумун, “Манас” айтчумун. Мектепте окуп жүргөндө Токтогулдун мааракеси болуп, ошондо Токтогулдун варианты менен “Курманбек” эпосун биринчилерден болуп айтып чыккам. Кочкордо чоң сынак өткөн, Тууганбай Абдиев келип төрага болуп, Роза Аманова 1-орунду алган.
Орток айылдык маданият үйүндө башчы болуп турганда Кочкор элдик театры менен көп гастролдодук. Театрда актёр жетпей калган ролдорго мени ойнотуп жиберишчү. Интермедияларды мага беришчү, ырдачумун. Кийин Бишкекке келип Шаршен Термечиков атындагы Чүй театрында иштеп калдым, андан “Тунгучка” өттүм. 3 жыл айылда жүрүп, кайра келип “Учур” театрында иштедим. Андан кийин Улуттук филармонияда “Эл ырчысы Эстебес” тобунда ырчы болдум, анан мектептерде иштеп жүрдүм. 10 жылдан бери “Баягылар” тобундамын.
Адамга эркиндик керек экен. Канчалык эркин болсоң, ошончолук бийигирээк учасың. Менин эркин куш болуп жүргөнүмө 5-6 жыл болуп калды. Убакытты жакшы пайдаландым, кинолорго тартылдым. Берилген ролдорду да штамп болбошу үчүн эркин жаратканга аракет кылам. Быйыл 26-майда жеке концертимди бергени жатам.
Театрларда ойногон ролдорумду аябай сагындым. Көптөн бери роль ойной элекмин. Кадимкидей репетицияны, ошол адамдын кейпин кийип алып сахнада басып жүргөн күндөрдү сагындым.
– Кайсы тасмаларда роль ойнодуңуз?
– “Учур” театрына жаңы келгенимде “Мурутчу Жамал” деген спектаклдин кино вариантын тартышкан, ошондо башкарма кишини ойногом. Андан кийин “Мезгил жана Алыкулда” Касымалы Жантөшевди, “5000 сом” деген фильмде Мамбетиби, Шамбетиби, иши кылса көчөдөгү үч алкаштын бирин, “Айыл кэмпте” ашпоздун ролун ойнодум. Анан “Олжо” деген кыска метраждуу кинодо башкы каарман – уурунун образын жараткам. “Агайда” Кочкор агайдын ролу тийип калды. Бул роль – Кудайдын чоң жакшылыгы болуптур.
– Негизи билимиңиз боюнча кайсы кесиптин ээсисиз?
– Кесибим боюнча дастанчы, ырчымын. Сырттан окуп жүргөнүмө көп жыл болду (күлүп). Айткандан деле киши уялат. Бала-бакыра чоңоюп калгандан кийин окууга деле жетише албай калат экенсиң. 6 балам бар, баары чоңоюшуп, колго кол, бутка-бут болууга жарап калышты. 2 кызым студент, экөө мектепте окуйт. Алардын окуусуна, кийим-кечегине карап, өзүмө, окуганга убакыт артпай жатат. Быйыл чыдап бүтүрүп салбасам болбой калды, өзүм да уяла баштадым (күлүп).
– Бала кезиңизде тентек белеңиз?
– Балалыгым Кочкор районунун Орток деген айылында өттү. Атам тракторист болчу, Кожоберген Туйба деген. 10 бир туугандын тогузунчусумун. Аябай деле тентек эмес элем, мени “жылма тентек” деп коюшчу. Акырын, билгизбей жасап койчу окшойм. Балдардын баары машине, трактор жасап ойношсо, мен чыбыкты комуз кылып чертип ырдай берчүмүн.
Гулийпа Маметосмон кызы