Жаш төкмөлөрдүн бири Нурсултан Малдыбаев менен тааныштырабыз. Бул акынды сахнада гана эмес, социалдык желеден да көп көрөсүз. Өнөр жолуна кантип түшүп калганы да кызык экен бул жигиттин. “Турган жерден эле төгүп салгам, өзүм да таң калгам” дейт бир окуяны эстеп.
Туулган жылы: 2000-жыл, 22-апрель
Туулган жери: Нарын облусу, Нарын району, Дөбөлү айылы
Билими: БМУнун филология факультетинде магистратурада билим алууда
Үй-бүлөлүк абалы: бойдок
– Нурсултан, салам! Сиз менен кенен таанышалы деп чакырып калдык. Нарында, тоо коюнунда төрөлүптүрсүз. Айылда өткөн балалыгыңызды эсиңизге салгым келип жатат.
– Саламатсыздарбы? Жакшы болот. Чындыгында балачагым аябай жакшы өттү.
Нарындын тоолорунун арасында калды балалык издер. Тоого, малга жакынмын. Айылыбыз тоонун этегинде, үйдүн терезесинен карасаң тоолор шаңкайып көрүнөт. Айылга бат-баттан бара берем, анткени жан дүйнөм тоого тарта берет. Бала кезде акын болом деп ойлогон эмесмин да. Кичине кезибизде ата-энебизге оорчулук келбесин, өзүбүздүн муктаждыктарга каражат табалы деп досум экөөбүз ат минип тоого чыгып карагат, ышкын терип келип сатчубуз. Бул жокчулуктан эмес, жөн гана өзүбүздү өзүбүз камсыз кылгыбыз келчү. Кең-Саз деген жайлообуз бар, ошол жакка мал айдачубуз. Ошол күндөрдү эстеп сагынам. Биздин оюндар да башкача болчу. Чүкө ойночубуз, баткактан там салчубуз, дөңгөлөк ойночубуз. Желим канистрлерди кайык кылып алып суудан акчубуз.
– Ал кезде төкмөлүк өнөрдүн учкуну байкалчу эмес беле?
– Жок, такыр эле чыгармачылык жөндөмүм байкалган эмес. Мектептеги иш-чараларга да катышчу эмесмин. 11-класста айылга домбра алып келип калдым. Анан кошуналар “баланчанын баласы ырдайт экен” деп калышты. Ага чейин дың эткен эмесмин. Анан бир күнү үйгө келгендер “ырда, ырдабасаң домбраны эмнеге алып келдиң?” деп калышты. Анан көздү жумуп туруп эле төгүп кирдим.
– Дароо элеби?
– Ооба. Ошол кызык болуп жатпайбы.
– Домбраны кайдан алып келдиңиз?
– Ошол убакта айтышты жактыра баштагам. Кышкы каникулда Бишкекке келгенде ЦУМдан бир домбраны жактырып, кызыгып калдым. Чөнтөгүмдө 3 миң сом бар болчу. Домбра тууралуу сурай албай айланып 2-3 күн жүрдүм. Бир күнү сурап кармап көрдүм, баасын билдим. Анан ошол учурда лотереядан да 3 миң сом утуп алып, ошол акчага сатып алгам.
– Жакшы. Ошондон кийин акырындан төгө баштадыңызбы?
– Кошуналарга ырдап бергенден кийин апам мектепке барып “биздин балада өнөр бар экен” деп айтып салыптыр. Ошол убакта “Жаш таланттар” сынагы болгону жаткан. Мугалимдер “ырда” дешет, мен тартынып “ырдабайм” деп качам. Ошентип жатып акыры катышкам. Бирок акындардан мен эле катышып, даярдап келгенимди домбра менен айтып бердим. Ошол сынакка мектеп директору келбей калган эле, ошону ырга салып айтып көрчү дешти. Айтып берсем, жактырышып облустук сынакка жөнөтүштү. Облуска 4 акын бардык, мен Гран-прини утуп алдым. Кийин “Достук шаңы” аттуу республикалык фестивалга катышып, андан да Гран-прини уттум. Демек, болот экен деп шыктанып, 2017-жылы айтышка келдим. Алгач Ашыраалы Айталиевдин 90 жылдыгына карата өткөн айтышта Акжолтой Канатбек уулу агабыз менен айтышып, финалга өткөм. Андан кийин Баян Акматов тобуна кошуп, жанына ээрчитип, Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр агаларыбыздын сабагын алып, ошол кишилердин жетегинде жүрүп өнөргө аралашып калдык.
– Жаттап алып айтышкан учурлар болгон жокпу?
– Акын даярдык менен жүрүшү керек экен. Акжолтой байке менен айтышарда ал жаныма келип, “эмне деп айтышабыз?” деп сурады. Мен сахнага чыга калып эле айтышканы жатам, дымагым күчтүү да. “Эмне деп коёюн?” десе, эмне мага минтип жатат деп таң калгам. Белгилүү инсан тууралуу айтыш болсо, окуп даярданабыз. Жаттаган учурлар да болот, моюнга алам. Бирок төк десе төгө беребиз.
– Устатым деп кимди айтасыз?
– Өзүмдөн улуу акындардын көбү устатым. Көбүрөөк устаттык кылгандар Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр, Баян Акматов агаларым болду. Биз жаңы чыгып жатканда Баян Акматовдун жылдызы жанып, айтыштан байге алып, айтыштын стилин башка жакка буруп турган учуру болчу. Ошол кишиге окшошкубуз келип, жадакалса анын басканынан бери туурап, кийин ошол кишиникине окшош машина да алып айдап жүрбөдүкпү. Баян байкенин көп жардамы тийди. Акыл-насаат, кеп-кеңешин ушул күнгө чейин аябайт.
– Айтышта ыңгайсыз абалда калган, эмоцияга алдырып кийин ал үчүн уялып калган учурлар болдубу?
– Ар бир айтыштан кийин уялып калам. Сөз таппай калсаң, даяр сөздөр менен курап кете бересиң. Бирок бир ойду жеткириш үчүн бир уйкаш менен ырдап, ошол ыргакта ойду бүтүрүш керек. Уйкаштырып ырдап келатып эле ойду бүтүрө албай калам, ушундай көп болду. Аэропортко коно албай жаткан учактай эле айланчыктап жүрө берем. Бул жагдай көрүүчүгө анча билинбеши мүмкүн. Убакыт өткөн сайын дасыгып, такшалат экенсиң. Аракет кылып келе жатабыз.
– Өлкөдөгү актуалдуу темалар боюнча 2-3 төкмө социалдык желе аркылуу маал-маалы менен төгүп жатасыздар...
– Социалдык тармактарды туура жакка пайдаланууга аракет кылып жаткандагыбыз. Казак бир туугандар да ушинтип ырдап жүрүшөт. “Манас” театрында иштейбиз да. Жумушта отурсак, бир күнү кар жаап калды. Ошондо мен ушундай сунуш киргизип, ырдап калдык. Эл жакшы кабыл алды. Бийлик өкүлдөрү, президенттин да укканын кулагыбыз чалды. Жакшы кабыл алды дешти. Биз мамлекет менен элдин ортосуна колдон келишинче көпүрө болуп беришибиз керек деп эсептейм.
– Апаңыз менен да ырдап каласыз...
– Апам маданият кызматкери, айылдык Маданият үйүнүн башчысы болуп иштейт. Жакшы ырдайт. Таенем да кошокчу, жамакчы киши болуптур. Апам төкпөйт, текстти мен жазып берип коём, экөөбүз ырдайбыз. Апам “тартылбайм, эл Тиктоктогу эжесизби” деп сурай беришет экен деп калат. Болбой эле тартып жатам.
– Атаңызчы?
– Атам көп сүйлөбөгөн киши. Апам менин чыгармачылыгымды абдан колдойт. Үйгө киши келсе эле “балам ырдап койсун” дей берчү. Атам болсо “жөн, уят кыласың” дечү. Азыр деле атам мактап, жакшы айтышыпсың дебейт.
– Апаңыз келиндүү кыл деп жатыптыр...
– Үйдө жалгыз баламын да. Кыргызда “бир балаңды кем сана”, “бир бала жок бала” деген сөздөр бар. Ооба, “үйлөн, бала-чакалуу бол. Силер чыгармачылыгыңарды уланта бересиңер, балдарыңарды биз чоңойто беребиз” деп жатышат. Биз деле ойлонуп-толгонуп жатабыз. Кудай буюрса, кийинки жылы үйлөнөбүз. Сүйлөшкөн кызым бар, ал да чыгармачыл чөйрөдөн.
– Сонун! Бактылуу болгула.
Перизат Музуратбекова