3D түшүнүгү жашообузга күн санап сиңип бара жатат. 3D сүрөттөрүнөн тышкары 3D көркөм жана анимациялык фильмдер, фотоаппарат, принтер, дисплей жана башкалар белгилүү. Булардан тышкары 4D, 5D фильмдери жана аларды көрүүгө ылайыкталган атайын кинотеатрлар да бар. Булар тууралуу кененирээк маалымат.
СТЕРЕО ДЕГЕН ЭМНЕ?
3D жана 4D фильмдери “стереофильмдер” деп аталып, аларды атайын көз айнек менен көрүүгө болот. "Стерео" – грек тилинен которгондо "катуу, көлөмдүү, чоң масштабда, аралыкка жайылган" дегенди билдирет. Андыктан стереофильмге “чоң масштабда, аралыкка жайылган” деген түшүнүк туура келет.
3D бул – "үч өлчөмдүү" (three-diemensional) деген сөздүн кыскача берилиши. Башкача айтканда, нерсенин узундугун, туурасын жана бийиктигин өзгөчө ыкмада берүү. 4D жөнүндө сөз кылсак, мында үч өлчөмдүн үстүнө төртүнчү өлчөм – мейкиндик кошулат.
КАНТИП ТАРТЫЛАТ?
Стереофильмдерди тартуу үчүн стереоэффекттер колдонулат. Мисалы, алдыбызда кружка турат дейли. Аны оң көзүбүздү жуумп, сол көзүбүз менен карасак да, же сол көзүбүздү жуумп, оң көзүбүз менен карасак да, бир эле сүрөттөлүштү (кружканы) көрөбүз. Эки көзүбүз менен тең карасак деле баягы кружка. А эгер бир эле кезде эки көзүбүз менен эки нерсени жакындан көрсөкчү? Анда нерселер мурдагы калыбынан көлөмдүү жана мейкиндикте калкып калган сымал көрүнөт. Дал ушундай таасир – стереоэффект деп аталат. Бул ыкма фильмдерди тартууда колдонулуп келет. Башкача айтканда, 3D стереофильмдерде бир эле кезде эки көзүбүз менен эки башка сүрөттөлүштү көрөбүз.
3D ФИЛЬМДЕРИ
3D фильмдерин тартууда кээ бирлер атайын 3D камераларын колдонушат. Аларда бири-биринен бир нече сантиметр алыстыкта жайгашкан 2 объектив бар. 1-объективде окуялар сол көз үчүн тартылса, 2-объективде оң көз үчүн тартылат. Эми жакындатып көрсөтүүчү стереокөзайнекти кийип ошол фильмди көрсөк, окуя мейкиндикте калкып, фильмдеги нерселердин баары укмуштуудай чоң болуп көрүнөт.
Кээ бирлер стереофильм тартуу үчүн 2 камера колдонушат. Бириндеги объектив окуяларды жалаң сол көз, ал эми 2-камерадагы объектив жалаң оң көз үчүн тартат.
3D фильмдерин кинотеатрлардан жана 3D телевизорлорунан көрүүгө болот. 3D телевизорлорунан атайын көз айнектин жардамы менен стереофильм көрүүгө мүмкүн болсо, көз айнексиз адаттагы эле берүүлөрдү же DVD көрүүгө болот.
4D ФИЛЬМДЕРИ ЖАНА КИНОТЕАТРЫ
4D стереофильмдери 3D фильмдеринен айырмаланып, сюжетине байланыштуу атайын эффекттер: креслолордун кыймылдашы, шамал, жамгыр, жыт сыяктуулар коштойт. Башкача айтканда, 4D фильми көрсөтүлүүчү кинотеатр өнүктүрүлгөн, санариптик болуп саналат. Көрүүчүлөр отурган креслолор сюжетке карата кыймылдап турат. Мисалы, өйдө-ылдый, оңго-солго. Креслолордо акустикалык система да орнотулган. Анын жардамы менен, мисалы, кинодо шамал болуп, жамгыр жаап жатса, сага да шамалдын илеби урунуп, бетиңе суу чачырап, озон газы жыттана түшөт.
Ал эми отургучтун ылдыйкы бөлүгүндө атайын жабдуулар бар. Ал буттардын арасынан жүгүрүп же өтүп бараткан кемирүүчүлөрдүн кыймылын чагылдырып, итиркейди келтирет (эгер бул фильмдин сюжетинде бар болсо).
Айта кетчү нерсе, 4D фильмдери кыска убакытка гана созулат, 10-25 мүнөт. Негизинен анимациялак жана кыска метраждуу фильмдер болот.
Жогоруда айтылгандардын баары сизди фильмдин ичине аралашып, каармандар башынан өткөргөн нерселердин баарын өз башыңыздан өткөрүүгө салым кошот. Бул укмуш сезим тартуулабаганда эмне?
5D ФИЛЬМДЕРИ
5D фильмдеринин өзгөчөлүгү эмнеде? Бул тууралуу 5D фильмдерин Кыргызстанга алгачкылардан болуп апкелип, көрсөтүп жаткан Бишкектеги "Вефа" соода борборундагы стереозалынын менеджери Мирбек Дайырбековго кайрылдык.
– 5D фильмдери да кыска убакытка, 10-25 мүнөткө гана созулат. 5D фильмдерин деле 4D фильмдери сыяктуу атайын эффекттер коштойт. Мисалы, креслолор өйдө-ылдый чайпалат. Айырмасы эмнеде? 4D фильмдеринде атайын эффекттер (суу, шамал, жыт ж.б.) креслодо орнотулган акустикалык системадан чыгат.
Ал эми 5D фильмдеринде атайын эффекттер таасир ушунчалык күчтүү болсун үчүн залдын үстүндө орнотулган акустикалык системадан берилет. Мисалы, фильмдин сюжетинде кар жааса, залдын баарына тээ бийиктиктен кар жаайт. Чагылган чартылдаса, залды жара чагылган чартылдайт. Көбүкчөлөр да асмандан каалгып түшөт. Гүлдүн жыты чыга турган болсо, зал бүтүндөй гүл жытына толот. Булуттар да төбөдө каалгыйт. Бул 4D фильмдерине салыштырмалуу өтө терең таасир калтырып, сюжет толугу менен өз кучагына тартып, көрүүчү реалдуу жашоону унута түшүп, укмуштуудай дүйнөгө жетеленет.
ТАРЫХЫНАН
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg