Салима Балтаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ПРИНЦИП ҮЧҮН ЭСТРАДАНЫ ТАНДАП КЕТКЕМ»

Мукам үндүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Салима Балтаеванын чыгармачылыгына кайрылалы. Өткөн күндөр, ырчылыктын ачуу-таттуусу, үй-бүлөсү тууралуу сонун маек куруп берди. Тамашакөй айымдын айрым сөздөрү жылмайтты.

– Салима айым, саламатсызбы? Эмне жаңылыктарыңыз бар? Учурда эмне менен алексиз?

– Саламатчылык. Учурда Улуттук филармонияда солисткамын, андан сырткары солисттердин “участковыйымын” (күлүп). Филармониянын солисттер тобуна 2014-жылдан бери жетекчи деген укук беришкен. Башында 25тей солист элек, жаштар менен толукталып азыр 37 солист болдук. Солисттердин келип-кеткенин, концерт, иш-чараларга катышуусун көзөмөлдөйм, жылдык план, айлык план түзөбүз. Филармониянын ичинде да өзүнчө көркөм кеңеш бар, ар бир жетекчи ошонун курамында барбыз. Алар менен кеңешип жылдык пландарды түзөбүз, жыйынтыктарды чыгарабыз. Мындан тышкары анча-мынча той-топур, катыш болуп калат дегендей.

– Бир кезде аймактарга гастролдоп көп чыкчу элеңиздер, ошол учурду сагынасызбы?

– Чынында, ар бир айылды түрө кыдырганбыз. Суукта элдин алдына көйнөкчөн чыгып суук тийгизип алган, жай саратанда тердеп-кургап боёктор бетибизден куюлган күндөр өттү. Элибиздин пейилинен айланайын, тааныбаса деле үйүнө чакырып сыйлашчу. "Ар бир кесип ардактуу" дегендей, ырчылыктын да өзүнүн түйшүгү бар. Ысыгына күйүп, суугуна тоңбосоң, демек, ал кесип сен үчүн анчалык деле баалуу эмес. “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” дегендей, көгөрүп-өжөрлөнүп жүрүп ушул күнгө жеттим.

Бир жолу түрмөгө концерт коюп бардык, ал жер аябай суук экен. Бутумду жылытайын деп мешке кактап жатсам туфлимдин таманы эрип түшүп калса болобу?! Анан бир бала эриген таманды кайра туфлиме жабыштырып берди. Бир чети күлкүм келсе, бир чети ыйлагым келет, ал туфлини кымбат алган элем да.

Дагы бир жолу Токтогулдун Өзгөрүш айылында концерт коюп жатсак, балдар бизди чозмо менен аткылашканы эсимде. Тыз-тыз этип буттарым ачышат. Сыягы, акчасы жок концертке кирбей калгандар ызасынан аткылашса керек. Бир таш чекеме тийгенде көзүмдөн жаш атып кеткен. Буттарга тийгени эми биякта эле калсын. Ошентсе да концертибиз жакшы өтүп, айылдан сый көргөнбүз.

Бир ирет Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында концерт коюп жатканбыз. Концертибиз ортолоп калганда клубга 5-6 атчан кирип келди. Концертти залдын тээ арт жагында атчан көрүп турушту (күлүп).

– Чет жерге гастролдоп барып, акчасы жок Түркияда калып кеткениңиздерди бир жолу эжеңиз айтып берди эле...

– Анда 7 айдай жүргөнбүз. Илгерки Жибек Жолунун жаңыланган нугу менен автобуста барганбыз. Ошондо Түркияда каражат түгөнүп, биздин кербен андан ары кете албай калган. Элчиликтен келишип, бизди вандык кыргыздарга жиберишкен. Вандык кыргыздар бизди көрүп аябай кубанышкан. 2 автобус, 50дөн ашык киши элек. Биз барганда кадимкидей жылкы союп той кылышты. Алар белек бергенди жакшы көрүшөт экен. Жактырган адамына байпак болобу, тарак болобу, шампунь болобу, белек көтөрүп келе беришерин көрдүк. Бизди үйлөргө жайгаштырышып бир айга жакын багышты. Күнүгө чогулабыз, бизден азыркы үрп-адаттарды сурашат. Бирөө үйлөнмөк экен, анын тоюн биз кеткиче эртелетип өткөрүштү. Керемет салттары бар экен. Бизде эт кандай тартылат, беш бармак кандай жасалат, баарын көргөздүк. Көйгөйүбүз чечилип, андан ары Европага сапар алганбыз. 1998-жылы декабрда кетип, 1999-жылы июлда кайтып келгенбиз. Ошондо 19 мамлекетти кыдырганбыз.

– Канча аспапта ойной аласыз?

– Нервди кошкондо (күлүп)... Ооз комузда, комузда ойнойм, фортепианодо өзүбүзгө керектүүлөрүн ойной алам. Гитараны бир аз билем, “Арашан” ансамблинде жүргөндө кээде урма аспаптарга да отургузуп коюшчу. Негизи музыканы түшүнгөн адам ар бир аспапты өздөштүрүп алса болот. 4-5 аспапта ойнойт экенмин, бирок профессионалдык деңгээлде эмес.

– Чыгармачылыктын туу чокусуна жеткен учурум деп кайсы мезгилди айтат элеңиз?

– Туу чокуга жеттим деп айта албайм, дагы үйрөнө турган, жасай турган иштер көп. Бирок эл оозуна алынып, жакшы таанылган учур 2000-2014-жылдарда болду. Андан кийин жумушка, бала-чака менен алаксып калдымбы, чыгармачылыгым солгундай түштү. Мурда тойдо ырдаган ырчыларды “той ырчысы” деп профессионалдык деңгээлде карачу эмеспиз. Азыр эми заман өзгөрүп, ошол “той ырчылары” суроо-талапка ээ болуп калбадыбы. Көз караштар өзгөрүп кетти.

Мен эстрадага кетип жатканда театрдагылар “халтурага кетип жатасың, ушул сага керекпи, кайт” дешкен. Чын ниеттен опера ырчысы болом дечүмүн, бирок “театрда орун жок” дешкенде мага катуу тийип, кайра кайтып баргым келбеди. Принцип үчүн эле эстрадага кетип калгам. Театрда орун жок дегенден кийин филармонияга да келгем, бул жакта да орун жок болчу. Эл оозуна алынып калгандан кийин филармониядан өздөрү чакырышты. Чакырылып жумушка алынганым үчүн бактылуумун, аябай сүйүнүп кабыл алгам ушул сунушту.

Кудайга шүгүр, элдин сүйүүсүнө ээ болуп, азыр кайсы айылга, тойго барбайын, күйөрмандарым баталарын берип, сый мамиле кылышат. Анан албетте, эмгегим бааланып, 2018-жылы Эмгек сиңирген артист наамын алдым, буга чейинки сыйлыктар этап-этабы менен баары эле бар. Чындыгында, бул менин жүрөгүм каалаган нерсе, жумушка жыргап келем. Ушундай жумушта иштеп жатканыма канаат алам.

– Опера ырчысы болбой калганыңыз үчүн өкүнбөйсүзбү?

– Аябай өкүнбөйм деле. Бирок атайын билим алып анан ошол тармакты алып кетпегеним үчүн кээде өзүмдү урушуп калам. Болбосо ал кезде операга фанат болуп, ийгиликтерди жаратам, атүгүл үй-бүлө курбайм деп да ойлочумун. Балким, ошондо Кудай “сен үй-бүлө курушуң керек” деп жолумду жаап койгондур.

– Кыздарыңыз чоңоюп калгандыр?..

– Чоңоюп калышты, улуусу студент, кичүүсү 6-класста окуйт. Кичүү кызымдын ырчылыкка шыгы бар, азыр Гүлнара Тойгонбаеванын “KG`тай” тобуна солист болуп сүйүнүп жүргөн кези. Өзүнө жагат экен. Быйылкы президенттик балатыда президенттин колунан белек алып аябай бактылуу болду.

– Үйдө кандай кожойкесиз, кандай аялсыз?

– Негизи үй-бүлөнүн кенже кызымын. Бир агам, беш эжем, 3 иним бар. Ата-энем уул күтүп жүрүшүп менден кийин 3 эркек төрөлгөн. Артымдан эркек ээрчитип келгеним үчүнбү, атам мени башкача жакшы көрчү, үйдө таптакыр жумуш кылчу эмесмин. Эжемдер бир ишке жумшаса атам “балага тийбе” деп койчу. Тескерисинче, атамдын жанында жүрүп эркектин ишин көп жасадым, атты тушап, аркандап, атүгүл атты жайдак деле мине берчүмүн. Азыр колумдан баары эле келет.

Балдарга абдан катаал эне болгум келбейт. Дос катары жан дүйнөсүн ачып сүйлөшүүгө аракет кылам, бирок болбой эле менден сестенип турушат. Негизи баланы баштан сылап, кээде жамбашка чаап туруш керек да, өтө чалчактап кетпес үчүн. Ошол мыйзам ченемдүүлүктү кармаган, үйдө балдары үчүн баарын жасаганга аракет кылган, кыскасы, жакшы жубай, кыздарымды чоңойтуп келаткан бир үйдүн кожойкесимин.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
fanatka19
2023-04-10 18:05:00
Баягы эле суроолор,баягы эле жооптор.
0
udoqawje
2023-04-10 22:55:00
:) :) :)
0
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан