АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Өз бөлмөсүндө отурган Эмирдин телефонуна билдирүү келди. Айдайдын командасындагы кыздардын бири экен. Бул кызды сырттан эле тааныганы болбосо, сүйлөшүп көргөн эмес.

– Эмир, салам. Эмне кылып жатасың?

– Отурам.

– Аябай кыйынсынган баласың, ошону билесиңби сен?..

Эмир таң кала түштү. Жакшылап карады билдирүүнү.

– Кыйынсынган жерим жок.

– Айдай эженин тууганы экениңди жашырбай эле кой. Бирок команда болгондон кийин биздей эле мамиле кылыш керек болчу сага. Тим эле принц...

– Ким? Менби?

– Ооба, каалаганда келесиң, каалабасаң келбейсиң. Дайыма сени өзүнчө алып калып сүйлөшөт. Кебетеңер да куюп койгондой окшош болуп турбайбы. Сен анын тууганысың! Эми ачык эле айта бер.

Эмир таң калды. Деги эле мындай нерсени күткөн да эмес.

– Макул, тууганымын дейли. Анан?

– Тайпа болгондон кийин ырлар бирдей бөлүштүрүлүш керек эле да. Эмнеге дайыма сага сен каалаганды берет. Мисалы, мен да таланттуумун. Кичинемден эле сахнада келе жатам. Эмнеге сен болушуң керек биринчи?

Эмир ичинен бырс күлдү, кыздын дарты белгилүү болду эми. Жылдыз оорусу менен ооруп жатканы ачыкталды. Орой жооп айтайын деди. Бирок адегенде анын ким экенин жакшылап билип алганы дурус. Кыздын социалдык тармактагы баракчасына кирип анын аябай сулуу кыз экенин байкады. Ышкырып койду кашын кага... Кызыга түштү. Сүрөттөрүн карап отуруп “бүгүн рак оорусунан апамды жоготтум” деген билдирүүсүн окуду. Жүрөгү кысыла түштү. Мунун да апасы жок тура. Кандай оор күндөрдү башынан кечирип жатканын ким билет. Дароо ачуусу тарай түшүп, тескерисинче, кызга боору ооруй баштады.

– Макул, менин аткаруумдагы кайсы ырды болсо да ырда. Эртең сага ырдатып көрөлү. Тиги кыз муну күтпөгөндөнбү таң калган смайликтин сүрөтүн жөнөттү.

– Сага чындап эле сунуштап жатам. Ойлонуп көр. Баса, өз атың ким?

– Асема.

Жакшы сүйлөшүп кетишти. Бат эле экөөнүн жалпы кызыкчылыктары бар болуп чыкты. Эмирдин капкараңгы болуп турган дүйнөсүнө бирөө жарык күйгүзүп койгондой сезилди.

ххх

Айдай Эмилдин айткандарын акылга салып ойлонуп жатты. Бул маселени кантип чечүү керек? Илимге айтпаганы туура, ал мындай адамды эки чайнап, бир жутат. Бирок жалгыз күрөшүп жеңе алабы? Ойлонуп отуруп аны менен жолукмай болду. Азыр убакытты чоюп турганы оң, дагы калганын ойлонуп чечет. Эртеси эле Эмилге чалып, экөө кымбат бир ресторандан жолугушту.

– Бул жакка деле чакырыштын кереги жок эле?

– Бриллиантка өзүнө жараша орду болот дешет го. Сен буга татыктуусуң. Айткандай, сен жалаң ушундай жерлерде жүрөсүң, менин билишимче,- деди Эмил.

– Жаңылып калыпсыз, андай эмес.

– Ооба, сенин аябай жөнөкөй адам экениңди айтышат. Бирок сага мен өзүмдүн урматтоомду билдирип коёюн дедим.

Айдай бокалдагы винону тигинин бетине чачып жибергиси келип өзүн араң кармады. Ажар көз алдына келди. "Ушундай адамга татыктуу болуш үчүн бечара эмнелерди кылды экен" деген ой чагылгандай келип кетти. Ачуусун араң басты да, жүзүнө тике карады.

– Эмне керек сизге?

– Заказ кылып коёлу? Анан маектешебиз. Айдай жанына келген официантка сылык баш ийкеп жөн гана суу сурады.

– Кой, андай болбойт. Мен өзүм эле заказ кыла берейин.

Шашпай заказ кылды, алдында куурчактай болуп отурган Айдайды суктана карады. Чындап көп аялды көрдү, бирок мындайын көргөн эмес. Акылдуу жана сулуу.

– Эмне керек?

– Сен керексиң.

– Ал сен үчүн оңой болбой турганын билесиң,- деди бул жолу Айдай “сизди” таштап.

– Ызырынбачы, бирок бул дагы сага жарашат экен,- деди Эмил жылмайып.

– ДНК анализдин жыйынтыгын алдыңа таштап, сот жообуна тарттырышым мүмкүн, сен муну билесиң да, ээ?

– Хе-хе, андай кыла турган болсоң эмнеге келдиң? Мен Эмирге сен ким менен жүрүп, балаңды кимге сатканыңды далилдеп берсем эмне кыласың?

– Эмне-е?

– Ооба, көчөдө калып баланы сатканга аргасыз болгонсуң. Муну эми күнөөлөгөнгө болбойт. Ар ким катачылык кетирет.

– Айт, балам сенин колуңа качан келди? Кантип келди?

– Сенин ал кездеги сүйгөнүң мага көп суммада акча карыз болчу. Аябай көп. Бир күнү келип карыздарын кечсем, ал эч кимиси жок бир бала таап берерин, артынан эч бир адам издеп келбей турганын айтты. Макул дедим. Далил сурадым. Менде өз оозуң менен, өз колуң менен балаңды сатканың тартылган видео бар.

Айдайдын башы дүңгүрөп кетти. 17 жыл мурун. Кантип тузакка түшүрүштү экен булар? Ал видеодо эмне деп сүйлөдү экен...

– Хе, монтаж эмес! Айтып коёюн. Алгач көргөнүмдө сенби же сен эмеспи дедим. Бирок жакшылап караганымда сен экениңди билдим. 17 жыл мурун мындай сулуу эмес экенсиң...

Алдына келген тамакты шашпай жеп жатты, Айдай кускусу келип окшуп барып оңолду.

Мен көрө аламбы ал видеону?

– Жок, баары мен каалагандай болмоюнча андай нерсе жок. Анан Эмирге да, Ажарга да сен баланын биологиялык апасы экениңди айтпайсың. Бул биринчи талабым. Экинчиси, Эмир менен жакшы мамилени сактап калгың келсе мен аркылуу гана. Башкача мүмкүн эмес.

– Мен сенин куурчагың болбойм!

– Болосуң. Ошол үчүн бул жерде эмессиңби.

Ал болтойгон колдору менен Айдайдын ичке колдорун кармалай берди. Колун тартып алганы бара жатып Айдай тим койду. Болуптур, карта бул каалагандай ойнолсун анда. Жүзүнө жылмайып койду. Эмил аялдардын мындай жылмаюусун билет. “Вот, актриса, тузакка илиндиң” деди ичинен кымылдап.

Тагдырдын тамашасы, дал ушул учурда Илим бир кесиптеши менен бул ресторанга кирген эле. Маңдайындагы экөөнү көрүп чакчайып токтоду. Айдай көргөн жок. Илим эмне кыларын билбей кала берди.

ххх

Машинесинен түшүп, үйгө киргени бараткан Айдай үңкүйүп подъездде отурган Илимди көрдү. Эмне болду экен деп жанына барды.

– Илим, ачкыч бар го, эмнеге кирбедиң?

– Акым жок деп ойлодум,- деп бурк этти.

– Бул эмне дегениң?

– Сенин үйүңө киргенге акым жок деп,- деди кекерленген Илим. Айдайдын абдан чарчаган жаны анын какшык үнүн байкабады.

– Сен кайдан келе жатасың?- деди Илим.

– Студиядан...

– Илим селт эте түштү. Биринчи жолу Айдай ага калп айтканын байкады. Караңгыда жүзүнө тигиле берди. “Чын эле сенсиңби?” дегендей. Айдайдын жүзү солк этпеди. “Эмнеге бул калп айтып жатат?” деди жаны кашайган Илим. Бул баягы Айдайга эч эле окшобой турду. Мындай нерсе мурун да болгон. Бирок анда жаңы таанышкан мезгил эле. Чындыкты өзү айтып берген. Бирок минтип алдаганы биринчи жолу...

– Сага эмне болду?- деди Айдай анын кадала тиктегенине таң кала.

– Эч нерсе, сен менден эмнени жашырып жатасың?

– Эмне жашырып жатам?

Айдай бакырып болгон окуяны айтып берип салгысы келди. Эптеп өзүн кармап калды. Эмир үчүн муну сыр кылып сакташы керек эле. Эмир үчүн! Ичинен “эмнеге менин бактым толук болбойт? Уулумду сакташым үчүн, Илимден баш тартышым керек. Эмнеге менин тагдырым мынча чырмалышкан?” деди кейиштүү. Илим андан чындыкты талап кылган көз карашын өзгөртпөй тиктеп тура берди...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
udoqawje
2023-04-10 22:55:00
:) :) :)
0
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан