КӨП КЫЗМАТ АТКАРГАН ТАМАК-АШ ПЛЁНКАСЫ

Кожойкелердин ашканасында сөзсүз түрдө тамак-аш плёнкасы бар. Аны идиштин капкагынын ордуна колдонгондон сырткары дагы кайсы учурда пайдаланса болот?

1. Алдыда аптаптуу жай. Ысык-Көлгө бир чумкуп келейин деп жөнөөрдүн алдында уюлдук телефонуңузду тамак-аш плёнкасына ороп коюңуз. Бул лайфхак телефонду кубаттоочу, кулакчын салынуучу жана башка майда тешиктерге кум толуп калуусунан сактайт. Анын үстүнө плёнка сенсордук экрандын иштөөсүнө тоскоолдук жаратпайт.

2. Банан көпкө сакталышы үчүн да тамак-аш плёнкасын колдонсо болот. Банан сатып келериңиз менен сабагын плёнкага ороп коюңуз. Плёнка банандын бат бышып же болбосо бат чирип кетишинин алдын алганга жардам берет.

3. Терезенин жылчыктарынан шамал кирип жатабы, аны дагы тамак-аш плёнкасы менен оңой эле бүтөп койсо болот. Эгер терезени ачканга зарылчылык жок болсо, суук мезгил бүткүчө толугу менен эле плёнка менен жаап салыңыз.

4. Косметикалык процедураларда да плёнканы колдонсо болот. Мисалы, денеге азыктандыруучу крем сүйкөп, үстүнөн плёнка менен ороп коюңуз. Бетке да атайын азыктандыруучу маска сүйкөп, үстүнөн плёнка жаап койсоңуз, ал аба өткөрбөй, температураны жогорулатып, ысык мончонун эффектисин берет. Теринин тешикчелери кеңейип, масканын жакшы сиңишине өбөлгө түзөт. 20 мүнөттөн кийин бетиңизди муздак сууга жууп коюңуз, бет теринин тешикчелери жыйрылып, мурунку абалына келет.

5. Арыктайм дегендер да тамак-аш плёнкасын курсагына же буттарына ороп алып чуркашат же көп кыймылдашат. Плёнка аба өткөрбөйт, адам тердеп, организмден ашыкча туз, шлактар чыгат жана, албетте, арыктаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок денеге плёнка орогондон кийин өзүңүздү жаман сезсеңиз, арыктайт элем деп жүрө бербей дароо чечиңиз. Аба жетпей, жүрөккө күч келиши ыктымал.

6. Жакыныңызга бакчаңыздан терип, гүлдесте жасап баргыңыз келеби? Бирок узак жолдо гүлдесте соолуп калат деп коркуп жатасызбы? Анда бул кеңешти колдонуңуз. Кагаз сүлгүсүн суулап аласыз, аны плёнканын үстүнө коёсуз. Ар бир гүлдүн сабагы суу сүлгүгө туура келгендей кылып коюп, анан акырындык менен сүлгүнү жаап, үстүнөн плёнка менен ороп коёсуз. Акырында кооз кагазга гүлдү ороп, бантик байлап алып жакыныңызды кубантканы жолго чыга бериңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан