ДҮЙНӨ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

“Көз жашымды сүрткөн баарыңарга рахмат”. Шакира Барселонадан кеткенин жарыялады

Атактуу ырчы Шакира Испаниянын Барселона шаарынан кеткенин жарыялады.

– Мен Барселона шаарына балдардын тынчтык, бейкапар жашоосу үчүн жайгаштым эле. Эми бул нерсени дүйнөнүн башка бир четинен издөөгө мажбурмун. Жакындарымдын, үй-бүлөмдүн, деңиздин жанында болом. Бүгүн биз жашообуздун жаңы – бакытты издөө барагын ачып жатабыз. Бул жерде жанымда болгон баарына ыраазычылыгымды билдирем. Бул шаарда мен достук сүйүүдөн да узакка созуларын сездим,- дейт ырчы.

Шакира испаниялык күйөрмандарына да кайрылып “мени колдогон, көз жашымды сүрткөн, мага дем берип, дагы да өсүүмө түрткү болгон адамдар, рахмат силерге” деп билдирди.

Айта кетсек, Шакира өткөн жылы “Барселона” клубунун футболчусу Жерар Пике менен эки ажырым жолго түшүшкөн. Буга футболчунун ырчынын көзүнө чөп салып жүргөнү себеп болгон. Бул окуядан соң футболчуну социалдык тармакта ырчынын күйөрмандары “ур-тепкиге” алышты. Буга Пике “интернетте мени урушкандардын жеке жашоосу жок. Мени сындаган билдирүүлөр миллиондоп келүүдө, бирок мен аларга көңүл деле бурбайм” деп кайра ого бетер Шакиранын күйөрмандарын кыжырданткан.

Темир адам атыккан Хью Жекман “тери рагы күчөп кетиши мүмкүн экен” дейт

2013-жылы австралиялык актёр Хью Жекманда мурун терисинин рагынын базалиома деген түрү бар экени аныкталган. Бул оору кайра күчөп кетпеши үчүн актёр тез-тез медициналык текшерүүлөрдөн өтүп турат. Ал жакында кезектеги кароодон өтүп жатканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди:

– Мени көчөдөн көрүп калгандар таң калбашы үчүн айтып коёюн дедим. Жаңы эле дарыгердин кароосунда болдум. Менден эки жолу териден үзүп алып (биопсия) анализге жөнөтүштү,- деп маалымат бөлүштү.

Ал күйөрмандарын кабатыр болбоого чакырып, анализдин жыйынтыктары менен бөлүшөрүн жана мурун тери рагынын бул түрү башка түрлөрүнө салыштырмалуу коркунучу азыраак экенин белгиледи.

Forbes журналы дүйнөнүн эң бай адамын атады

Америкалык Forbes журналы дүйнөнүн эң бай адамдары тууралуу жыл сайын жарыяланчу тизмесин жарыялады.

Дүйнөнүн эң бай адамы аталган тизменин сап башында LVMH (Louis Vuitton Moеt Hennessy) компаниясынын негиздөөчүсү катары Бернар Арно турат. Ишкердин жалпы каржылык абалы 211 миллиард доллар деп бааланды. Акыркы бир жылда эле ишкердин каражаты 53 миллиард долларга көбөйгөн. Өткөн жылы бул тизмеде биринчи орунда Tesla менен SpaceX`тин негиздөөчүсү Илон Маск турган болсо, бул ирет ал 180 миллиард доллары менен 2чи орунга түшүп калды.

Ал эми үчүнчү орунда Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос турат. Анын байлыгы 114 миллиард доллар деп бааланууда.

Ошондой эле алдынкы ондукка америкалык ишкерлер Ларри Эллисон, Уоррен Баффет, Билл Гейтс, Майкл Блумберг, Карлос Слим Элу, Мукеш Амбани жана Стив Балмер кирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1061, 7-13-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан