Аляскада жашагысы келген АЛПЕРЕН ДУЙМАЗ

Түрк актёру Алперен Дуймаздын келбетин Голливуд жылдызы, “Так талашуу оюну” сериалында Жон Сноунун ролун аткарган Кит Харингтонго көп окшоштурушат. А сиз окшоштурат белеңиз, окурман? Алперен учурда көпчүлүктүн көз алдында турат. Анткени ал башкы ролдогу “ЭГО: Эркектерге ишенбеш керек” сериалы күндөн күнгө көрөрмандарынын санын көбөйтүп келе жатат.

МУГАЛИМДЕРДИН БАЛАСЫ

Алперен Түркиянын тарыхый шаарларынын бири Анкарада жарык дүйнөгө келген. Мугалимдердин үй-бүлөсүндө, үч эжесинин жанында өттү балалыгы. Мектепте музыкага кызыкты, апасы уулунун кызыгуусун колдоого алып, аны аспаптардын түрүн черткенди үйрөткөн ийримдерге берген. Окуучу кезинде эле музыкалык сынактарга барып, айрымдарынан сыйлуу орундарга ээ болгон. Мектепте маданий иш-чаралардын активдүү катышуучусу эле. Андыктан кесип тандоо мезгили келгенде Алперендин актёрлук багытты тандаганы үй-бүлөсү үчүн мыйзам ченемдүү көрүнүш болду.

“РОК АР БИР АДАМДЫН КАНЫНДА...”

Мамлекеттик консерваториянын театр жана кино бөлүмүн тандады. Окуудан сырткаркы убакта экинчи жашоосу башталчу, ата-энесинен көз каранды болгусу келбей жумуш таап алган. Узун бойлуу, мода жаратуучу адистердин сөзү менен айтканда, көз карашы “терең” жигитти моделдик агенттиктер тез эле байкашкан. Түрдүү жарнамаларга модель болгон Алперендин дагы бир таланты бар. Кечкисин кафе-барларда ырдачу. Таланттуу мырза азыр да “рок ар бир адамдын канында бар. Бири рок музыкага болгон сүйүүсүн ойгото алган, экинчиси бул жанрды сүйөрүн сезе элек” деген ойдо.

СТАМБУЛДУ СҮЙДҮ

Жогорку билим алып, диплом колуна тийгенден кийин эле актёр болуп чыга калган жок. Канчалаган кастингдердин эшигин жыртты, болбоду. Буга ошол кезде көптөгөн жаш таланттуу актёр-актрисалардын чыгышы да себеп эле. “Өзүмө батпай калган учур. Кең Анкара тар сезилип, бук боло баштаганда киного чакыруу алдым. Тартуу иштери Стамбулда жүрөт экен. Жашоомду башка багытка бурчу мезгил келгенин сездим да, түйүнчөгүмдү түйүп алып Стамбулга көчүп келе бердим. Алгач чоочун шаарда жээкке чыгып калган балык болгом. Бара-бара бул шаар мени өзүнө сиңирип, сүйдүрүп алды. Азыр эч жакка кетким келбейт...” Стамбулга сүйүүсүн мына ушинтип билдирет актёр.

БИЙИКТИККЕ КАРАЙ...

2015-жыл – Алперендин карьерасы башталган мезгил. “Жакшынакай алдамчылар” сериалына тартылып, режиссёрлордун көзүнө түшкөн жигит келечекке “билет” алган. Андан кийинки жылдары “Ачуу махабат”, “Бодрум жомогу” сындуу сериалдарга тартылды. Эмгектеринин арасынан актёрго дүйнөлүк атактуулук алып келген “Чукур” болду. Бул сериалдын Кыргыз жергесинде да популярдуу болгонунан кабарыңыз бардыр. Арас Булут Ийнемли менен бир тасмада полиция кызматкеринин ролун аткарган. Дуймаз башкы ролдогу “Баш ийбеген Каратай” толук метраждуу тасмасы актёрдун ийгилигин, атактуулугун бекемдеген эмгектердин катарында. Андан кийин түрктөрдүн популярдуу актёр-актрисалары Кыванч Татлытуг, Эльчин Сангу, Мелиса Аслы Памук менен “Кагылышуу” сериалына тартылды. Бул Алперен Дуймаздын кесибинин мыктылары деген тизмеге киришинин белгиси болчу.

“ЭРКЕКТЕРГЕ ИШЕНБЕШ КЕРЕК”

Жогоруда сөз кылгандай эле, учурда жогорку рейтинг талашкан сериалдардын арасында “ЭГО: Эркектерге ишенбеш керек” да бар. Бул долбоордо Алперен менен Мелиса Аслы Памук экинчи ирет түгөйлөрдүн ролунда. Буга чейин “Кагылышууда” иштешкен эле. Негедир “ЭГО: Эркектерге ишенбеш керек” деген аталыштан уламбы, же эмне себеп экени белгисиз, Алперен менен Мелисанын иштешүүсү ызы-чуу менен коштолду. Алперен интернеттеги баракчасына Мелисанын тартуу иштерине дайыма кечигип келгенин сындап жазат. Анан араң турган хейтерлер актрисаны талоонго алып жатып калышты. Алперен кайрадан кайрылуу жазып, кино талаасында кесиптештердин арасында мындай учурлар болуп турарын, мындайды негатив эмес, кеңеш катары гана кабыл алышарын айтып, Мелисага жаман сөз айтып көңүл оорутуудан алыс болууга чакырды. Кызуу кандуу мүнөзгө ээ актёр мырза балп эттире ачуусун бүркүп алып, анан кайра өзүнө келди окшойт.

БОЙДОК ЭМЕС

Журналист, папарацци дегендерден жеке жашоосун мыкты ката алган адамдардын катарына кирет. Интернет баракчасына ит, мышык, жылкы сыяктуу жаныбарлар менен түшкөн сүрөттөрүн көп жүктөгөнүнөн улам Алперенди күйөрмандары боорукер, жүрөгү таза деп жакшы көрүшөт. “Баш ийбеген Каратай” тасмасынан кийин актриса Буржу Өзберк менен бир жылдай кыз-жигит мамилесинде болгону маалым. Андан кийин көз күйдүргөн бойдоктордун эле катарында жүргөн. 2020-жылы актёрдун аялы бар экени маалым болду. Чыгармачыл дүйнөдөн алыс, мугалимдик кесипти аркалаган Күбра Келкит аттуу сулууга 2019-жылы эле үйлөнгөн экен. Түгөйлөрдүн бактылуу жашоосуна сүрөттөрдөн күбө болуп келебиз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан