ЖАШТЫКТЫ УЗАРТУУЧУ 4 АЗЫК

КУРМА (ФИНИКИ)

Орозо айында өзгөчө актуалдуу болуп жаткан курма калийге бай экенин билчү белеңиз? Калий жүрөк-кан тамырлардын иштешин жөнгө салат, нерв системин бекемдейт жана адамга энергия тартуулап турат. Күнүнө бир даанадан жеп турса, кан басымды жөнгө сала турган касиетке да ээ. Жаштыкты узартуучу, иммунитетти көтөрүүчү элементтерге, витаминдерге бай. Бирок кант диабети менен жабыркагандар, аллергиктер, ашказан-ичеги оорусу барлар курманы колдонордон мурун дарыгер менен кеңешип койгону оң.

СПАРЖА

Бир чыны жашыл спаржа адамга керектүү бир күндүк нормадагы фолий кычкылы жана В тобундагы витаминдер менен камсыз кылат. Пайдалуу элементтерге бай жашылча депрессия менен күрөшүүдө мыкты жардамчы. Андан сырткары теринин серпилгич болушуна таасир этип, чачтын түшүүсүнүн алдын алат. Спаржа өзгөчө К витаминине бай, ал кандын уюп калышын алдын алат жана кан тамырлардын саламаттыгын сактайт. Бул витамин сөөктөрдүн бекем болушуна кальцийден кем эмес таасир этет. Өсүмдүктүн курамындагы фолий кычкылы денедеги көптөгөн маанилүү процесстерге жооптуу. Айрыкча кош бойлуулук учурунда керек, клетканын өсүшүнө жана ДНКнын бүтүндүгүн сактоого жооп берет, шишиктердин пайда болушуна жол бербейт. Фолий кычкылы организмде өтө аз санда синтезделет, ал эми биздин рационубузда, адатта аны камтыган азыктар аз. Ошондуктан бул элемент ар бир экинчи адамда жетишсиз болот.

ФАСОЛЬ

Буурчак түркүмүндөгү өсүмдүктөргө окшош эле фасоль да фитоэстрогендердин рекорддук көлөмүн камтыйт. Фитоэстрогендер эмчек жана жоон ичеги рагынын козголушунун алдын алууда колдонулчу мыкты азык. Фасолдун дагы бир пайдалуу жагы – кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берген диеталык азык болуп саналат. Мындан сырткыры жүрөктүн саламаттыгын сактоодо да фасоль жардамга келет.

КОРИЦА КОШУЛГАН ЧАЙ

Күнүнө бир чыны чайга же кофеге пайдалуу татымалдарды кошуп ичүү неврологиялык оорулардын алдын алууга жардам берет дешет окумуштуулар. Татымалдардын арасынан корицаны мисал кылалы. Корица сезгенүүгө, микроб-бактерияларга каршы күрөшүүчү касиетке ээ. Эгер бул татымалды колдонууну адатка айлантсаңыз, Альцгеймер дартына чалдыгам деп коркпой эле койсоңуз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан