Кубан Алимов, куудул: “ЭЛДИН КОЛ ЧАПКАНЫНА СҮЙҮНҮП, ТАЛААЛАП ЖҮРӨ БЕРИППИЗ”

Өлкөдө “Бешилик” куудулдар тобу популярдуу болуп турган учурду эстейли. Концерттерине эл агылып келип, аудиокассеталарын базардан талап угушчу. Топтогу таланттуу 5 мырзанын бири – Кубан Алимов учурда эмне менен алек? Эмне үчүн аялдарды көп туурайт?

– Саламатсызбы, Кубан ага? Маектешпегенибизге көп болуптур, учурда эмне менен алексиз?

– Учурда Кочкордо жашайм, мектепте кошумча ийримдерден сабак берем. Окуучуларды алпаруучулукка үйрөтөм. “Мыскыл жана тамаша” долбоорунда да иштеп, ай сайын Бишкекте концерт берип турабыз. Тойлордо, концерттерде алпаруучулук кылам. Негизи Бишкекте да үйүм бар, бул жакка Кочкор театрына директор болуп келген элем. Өткөн жылы дипломум жогорку окуу жайдыкы эмес, техникумдуку болуп калганы үчүн ал кызматты тапшырып бердим. Быйыл ЖОЖго тапшырып, кайра ошол директорлук кызматка барсам деген оюм бар. Айтор, мен кыйынмын (күлүп)...

Негизи Ташкентте театралдык институтта окугам, бирок 3-курсубузда кыргыз-өзбек жаңжалы чыгып кетип, кыргыздар баса бергенбиз. Кайра уланткан жокмун, Токмоктогу техникумдан дирижёрлук кесипке окуп бүтүргөм.

Быйыл куудулдукта жүргөнүмө 32 жыл болуптур, 55 жашка толуп жатам. Ушулардын урматына “Куудулдардын Кубаны, күлдүрө турган убагы” деген аталышта күзүндө элге жакшы бир концерт тартууласам деп турам.

– Жакшы. Ортодо чыгармачылыкты таштаган учуруңуз да болду, буга эмне себеп?

– Жашоодо ар нерсе болот экен. Чыгармачылыктын жакшы да, жаман да жагы бар дегендей, эркектин башынан ар нерсе өтөт экен да. Ортодо аскер кызматкери болуп, дагы башка бир кесиптерде иштеп көрдүм. Бирок чыгармачылык деген коё бербейт тура. Элди, сахнаны сагынат экенсиң.

– Жогоруда “мен кыйынмын” деп тамашалап калдыңыз. Куудул катары өзүңүздү кандай баалайсыз?

– Ии-ий, эми мен өзүмдү мыкты куудул деп деле (күлүп)... Мындай айтайын, “Өзүн сыйлабаган өзгөнү сыйлап жарытпайт” деген сөз бар го, мен аябай кыйынмын. Мисалы, жаштайымдан мен-мен деген куудулдар менен чогуу жүрдүм, алардан сабак алдым. Баары менен мамилем жакшы. Адам деген биринчи өзүн баалашы керек, анан башканы баалайт, сыйлайт, анын сыңары өзүмдү кыйын куудулмун деп эсептейм.

– Сиздеги таланттын уюткусу кимден өткөн?

– Апам чечен аял болчу. Аны жакшы билгендер мени апама окшоштурушат. Ал эми атамды көргөн эмесмин, ажырашып кетишкен. Апамдын боюнда калганымды атам билбей деле калыптыр. Кийин билсе керек, бирок келген жок. Мага ата да, бир тууган да, баары апам болду. Апам артисттикти каалабаганы ушундан да болсо керек, атам комуз черткен киши экен.

– Чыгармачылык жолдо сиз кезиккен кыйынчылыктар...

– Башында бир тыйын албай иштечүбүз, ачка калган күндөр болду. Эл кол чапса эле сүйүнүп жүрө бериппиз. Үй-бүлөгө кам көрүүнү деле ойлонбой, айлап гастролдоп эле жүрчүбүз. Жубайым кош бойлуу кезинде кетип, кайтып келсем эле балам 1-класста окуп калган болот (каткырып). “Кимдин баласысың?” десең “Кубан Алимовдун баласымын” десе чочуп кетчүмүн. “Ээ айланайын, бул кандайча? Мага окшошпойт го?” деп тамашалап калчумун үйдөгүлөрдү. Кудай буюрса, азыр баары жакшы.

– Азыр кандай ата, кандай жолдошсуз?

– Үч балам бар: улуулары эгиздер, бири эркек, бири кыз. Кийинкиси кыз. Жубайым Ысык-Көлдүн кызы, Кудайга шүгүр, учурда 4 неберебиз бар. Кыздарым өз турмушу менен, балам болсо Сахалинде иштеп жүрөт. Нике кайып деген ушул да, жаш кезде бир артист кызды жактырып, ага үйлөнөйүн десем, апам “экөөңөр тең артист болсоңор талаалап кетпейсиңерби, кокуй” деп болбой койгон эле. Азыр аябай жакшы атамын, түз жүргөн, үйдөгү майда-чүйдө иштерге киришпеген. Аябай жакшы таята да болсом керек. Аа-ай, өзүмдү мактап салдым го, кечирип койгула, коку-уй. Келинчегим менен бирге түтүн булатып келе жатканыбызга 32 жыл болду. Артисттерден мен эле болушум керек, а жок, Күмөндөр байке экөөбүз го дейм, бир аял менен жашаган (күлүп).

Аялым абдан түшүнүктүү жан. Чыгармачылыгымды түшүнүп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло алды. Жаманымды жашырып, жакшымды ашырып, бири-бирибизди түшүнүп жашап келе жатабыз. Сүйүү деген – бири-бириңди түшүнүү эле экен. Артистке турмушка чыгуу, артист менен жашаш аябай оор. Адам көтөрүмдүү болуш керек экен да, жубайым абдан сабырдуу, көтөрүмдүү аял.

– Сахнада аялдарды көп туурайсыз, өзүңүзгө жакканы үчүнбү же көрүүчүнүн маанайы үчүн ганабы?

– Билбейм, менин образым ошого ылайык келип калат. Концерт койгон жерде көрүүчүлөрдүн көбү аялдар болуп калат. Анын үстүнө эркектерге караганда аялдардын кыял-жоруктары күлкүлүү эмеспи, ошол үчүн да туурап калам. Азыр эми аялдарды туураганды азайтып баратам. Негизи менин куудулдуктагы жанрым эстрадалык жанр. Ойлоп көрсөм, жанагы стендап дегендерди биз, кыргыздын куудулдары мурда эле айтып жүргөн экенбиз.

– Учурда куудулдардын коомдогу орду кандай деп ойлойсуз?

– Жакшы эле. Төкмөлөрдүн жана манасчылардын театры бар. Ушул куудулдардын гана өзүнчө театры же сарайы жок. Жакшы сатираларды даярдаганга, мыкты режиссёрлор менен иштешкенге, куудулдардын башын бириктирип чогуу иш кылганга бир мекеме болсо жакшы болмок. Таланттуу куудулдар көп, ар ким каалаганын кылууда. Тилекке каршы, сатира өзүнүн даана, так максатына жетпей жатат. 1992-93-жылдары Жаныбек Алыкулов агабыз баш болуп “театр ачабыз” деп жогору жактан макулдук алышкан эле, бирок ошол иш сөз жүзүндө гана калып кетти. Жаныбек Алыкулов, Рахман Разыков менен “Бешиликте” да иштеп жүрдүм, ал кезде куудулдар керт башын ойлобой, кыргыздын куудулдук өнөрү жок болуп кетпесин деп берилип иштешчү. Азыр Борончу Кудайбергеновго рахмат, куудулдардын башын бириктирип, баягы эски “Мыскыл жана тамашаны” жандантып ай сайын уюштуруп жатат.

– Тасмаларга тартылып актёрлук талантыңызды да көрсөттүңүз...

– Киного аябай тартылгым келет, чакыруулар болбой жатат. Буга чейин үч тасмага тартылдым. “Доктор Айболотто” машыктыруучунун, “5000 сомдо” айыл өкмөт башчысынын образын, дагы бир кинодо эпизоддук роль жараттым. Жакшы ролдорго сунуштар түшсө барат элем. Бир тарыхый киного тартылгым келип жүрөт.


Гулипа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан