СОВЕТТИК ЖАНА ӨЗБЕКСТАНДЫК АКТЁР МУРАД РАЖАБОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Белгилүү советтик жана өзбекстандык актёр Мурад Ражабов 8-апрель күнү 74 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Ал көптөн бери оору менен алышып келген, акыры жеңилип берди. Ражабовду союздук тасмалардан жана Өзбек фильмдеринен улам Кыргыз коомчулугу да жакшы тааныйт.

СОЮЗДУН АБДАН ПОПУЛЯРДУУ АКТЁРУ БОЛГОН

СССР учурунда Ражапов тасмага эң көп тартылган актёрлордун бири болгон. Бул тууралуу анын минтип эскергени бар:

– Ишенесизби, кээде бир эле учурда 2, 3 же 4 тасмага тартылчумун. Эми, элестетиңиз, бир апталык тартуу иштери бүгүн, мисалы, Андижанда, эртеси Одессада же Ташкентте жүрчү. Бир жолу чет өлкөдөн учуп келип, аябай чарчап турган жаным качып кетүүнү чечтим. Маргилан шаарына 3 күнгө кеттим да, достор менен эс алдым, андан соң борборго кайттым. Келгенден кийин апама эскертип коёюн деп “мен эч жерде жокмун, көргөн да жоксуз. Мен мончого кеттим. Абайлаңыз, эч кимге ооз ачпаңыз” дедим. Таңкы саат 5 болчу, мончодо буу бөлмөсүндө отургам. Үргүлөп кетипмин. Бир маалда эшик ачылып кетсе болобу, жүрөгүм кармап калайын деген. Карасам, режиссёрдун жардамчысы турат мени тиктеп. “Мына, сени таптым! Болду, даярдан, тартуу аянтчасына кеттик” дейт. “Кайдан мени таап алдың?” десем, “энең кыйытып айтты” деп жатпайбы.

“БАЛКИМ, ЖАМАНДЫРМЫН, БИРОК ШЫЛУУН ЭМЕСМИН”

Актёр өзү тууралуу берген маектеринде мүнөзү татаал экенин, заматта чарт-чурт этип кетмейи барын айткан:

Менин бир досум бар, аны кээде шылдыңдап калчумун. Кээде чектен чыгып кетчү окшойм. Бир жолу ачууланып: “сен деги кандай адамсың?” деди. Ошондо мен ага “балким, мен жаман адамдырмын, бирок шылуун эмесмин” дедим. Чынында, жөнөкөймүн. Бир аз сырдуу, жан дүйнөсүн ачыкка чыгарууну анча жактыра бербеген адаммын.

Актёр достукка абдан маани берерин айтканы бар. 2005-жылы өзү тарткан “Достор” тасмасында анын достукка карата чыныгы көз карашы чагылдырылган.

ТАГДЫРГА, СЫЙКЫР КҮЧТӨРГӨ ИШЕНЧҮ

– Бир жолу театрда спектакль коюуга даярданып жатканбыз. Таң эртеден түн бир оокумга чейин, кээде күнүнө 15 саат иштечүбүз. Ойногон ролдорум эч эле окшошпой жатты. Бир күнү чарчап, араң үйгө келдим да, сценарийди кайра окуп чыгууну чечтим. Анан барактарды көкүрөгүмө коюп, уктап калыпмын. Түшүмдө каарманымдын менин монологумду окуп жатканын көрдүм. Эртеси репетицияда он мүнөттүн ичинде монологду бир дем менен айтып салдым. Режиссёр мени таң кала тиктеп калды. Унчукпадым. Жанагы түш тууралуу ага кийин баарын айтып бергем,- дейт театрдагы күндөрүн эскерип.

– Бир жолу дагы бир кызык окуя болгон. Гастролдон кайтып келе жатканбыз, автобустун айдоочусунан токтоп туруусун суранып, сыртка чыктым. Түн жарым эле. Жолдун аркы тарабынан узун боз сакалчан, колунда таягы бар карыя көрүндү. Ал мага карата “бул жерден тезирээк кет” дегендей ишарат кылды. Автобуска кайра чыгып, айдоочудан ылдамыраак айдоону сурандым, бирок көргөнүмдү айтпадым. Эртеси ошол биз токтогон жерге тоодон катуу сел түшкөнүн радиодон уктук. Ушундай окуялардан соң кантип мистикага ишенбейсиң?- дейт актёр.

ЖУБАЙЫ МУГАЛИМ, УУЛУ ЖЕКЕ ИШКЕР

Мурад Ражабовдун жубайы тарых мугалими. 2 кыз, бир уулу бар. Кыздары медицина тармагында иштесе, уулу жеке ишкерлик менен алектенет. Акыркы жылдары “сапаттуу, көңүлгө жаккан сценарий жок” деп тасмаларга тартылбай жүргөнүн билдирген. 2023-жылдын башында анын катуу ооруп жатканы тууралуу малымат жарыяланган эле.

Кыргыз коомчулугу аны советтик тасмалардан тышкары “Супер келинчек", "Супер кайнене", "Келгинди күйөө", “Достор” сыяктуу заманбап тасмалар аркылуу эстеп калды.

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан