– “Качан турмушка чыгасың?”, “окууну бүттүң, эми тезирээк той кыл” деп туугандар тажата берген учур бардык эле бойдок кыз-жигиттердин башынан өткөн болуш керек. Жогорку окуу жайын бүтүп иштеп жүргөм, анан бир күнү туугандарым бир жигит менен тааныштырышты. Бири-бирибизди сынашып, жактырышып, анан баш коштук. Тойду кайын журтум укмуш дүңгүрөтө өткөрдү, эл көзүнчө жар салып, жолдошум экөөбүзгө чет өлкөгө саякаттоого жолдомо убада кылышты. Ата-энем да колунда бар кишилер, себимди мыкты даярдап беришти. Ошентип той болду, тойдун эртеси да болду. Көрсө, саякаттан балекет да жок экен, тойдо жөн эле мактанып коюшуптур. “Акчаны укмуш табат” деген күйөөм болсо эртеден кечке уктайт, жумуш кылар түрү жок.
Айылда турабыз, үйдүн түйшүгү, конок тосуп-узатмай, атүгүл, мал карамай менин моюнума жүктөлдү. Иштен баш көтөрбөй жүрүп өзүңдү караганды да унутуп калат экенсиң. Ата-энемдин эрке кызы элем, убакыттын өтүшү менен жүдөө бир келинге айландым. Жолдошум да тамаша-чынга сала “кебетең кантет?” дей баштады. Канчалык аракет кылсаң деле кийимиң жаңырбаса, түрдүү косметикалык каражаттарың болбосо кулпуруп туруш деле кыйын тура? Анын үстүнө үй иштерине жардамдашчу киши жок, түйшүктүн баары моюнумда. Убакыт өтө берет экен, бул арада удаасынан 2 балалуу болдук.
Жолдошум жарытып иштебейт, жайында курулуш иштеринде иштеп, бир аз акча табымыш болот. Анысы да достору менен көңүл ачуусунан ашпайт.
Жетип-жетпеген жашоо жанга батты. Бир күнү баарына кол шилтеп ата-энемдикине кетип калдым. Эмне өкүндүрөт, билесизби? Бизде “кызга кырк үйдөн тыюу” бар да, кээде бир да үйдөн колдоо таппайсың. Атам эмнеге келгениме, абалым кандай экенине кызыккан да жок. Келген күнү эле “качан кайтасың үйүңө?” деп сурады. “Апей, конокко келген кишини да ушинтчү беле” деп апам ортого түшө калды. Мен эмне демек элем, унчукпай кутулдум. Балдарым жанда жок шок болгондуктан келген күнү эле таятасынан уруш угуп, кагуу жей башташты. Төркүнүмдө бир жумадай жүрүп калдым. Ошол убакта кайын журтумдан бирөө-жарымы да, жолдошум да абалымды, балдарды сурап кабар алган жок. Анан бир күнү атам апама “кызыңды үйүнө кетир, элден уялып жатам” дептир. Аны укканда абдан жаман абалда калдым. Же кайын журтум кадырлап бакпаса, же кыйын учурда төркүнүм бир аз бөпөлөп койбосо, эмне деген адаммын? Өзүмдү керексиз буюмдай, үй кызматына ылайык арзан жумушчудай сезип кеттим. Апамдын “сени бакпаган, баланы карашпаган, иштеп акча таппаган күйөөдөн эмнеге чуурутуп бала төрөйсүң?” дегени араң турган жанымды ого бетер кашайтты. Үн-сөзү жок, көзүмдүн жашын көрсөтпөй, “акырын, апа, бул сөзүңүздү менден башка эч ким укпасын” деп өзүм чоңойгон үйдөн балдарды жетелеп чыгып кеттим...
Жылдыз