БУГУЛАРДЫН ҮЙҮРҮ ЭМНЕГЕ ТЕГЕРЕНИП ЧУРКАЙТ?

Бугулар кылымдардан бери адамдар менен катарлаш жашап келе жаткандыгына карабастан аларды толук колго үйрөтүү алигиче ишке аша элек. Аларда жапайы кездеги инстинктер өтө жакшы сакталган. Кандайдыр бир коркунуч туулса көбүнчө дароо качып жөнөшөт же мүйүзүн тосуп коргонушат. Кээде үйүрү менен бир жерге чогулуп алып, тегеренип айланып чуркашат. Мунун жандырмагын окумуштуулар минтип чечмелешет: “Бугулардын айланып чуркашынын биринчи себеби - ушундай абалда жыртыч кайсынысына кол салууну билбей калары. Экинчи себеби - жырткычтарды көбүнчө бугулардын балдары, кары-картаңдары, оорулуулары, тууй турган ургаачылары кызыктырат. Анткени аларды кармап, жеш оңоюраак. Ушул себептүү да бугулар андайларды ортодо калкалап, аларды жырткычтардан коргошот”.

Ирландияда эмнеге жыландар жок?

Ирландия жылан байырлабаган саналуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Мисалы, Жаңы Зеландия, Антарктида, Исландия, Гренландия да жылан жок.

Уламыштарга таянсак, V кылымда Ирландияда жергиликтүү элдин христиан динине өтүүсүнө салым кошкон ыйык Патрик кандайдыр бир күч менен жыландарды өлкөдөн кууп салган. Ал эми окумуштуулардын да аргументи бар. Илимпоздор V кылымда деле Ирландияда жылан болгон эмес дешет. Болжол менен акыркы муз доорунда Ирландияны толук мөңгү каптап турган. Жыландар андай суукта жашай алмак эмес. Кийин мөңгүлөр эрип, океандагы суунун деңгээли көтөрүлгөндө Ирландия материктен бөлүнүп калган. Ошентип жыландар аралга өтө албай калышкан деп айтылат. Улуу Британия андан 2 миң жылдай кечирээк аралга айланган, андыктан анда жыландар бар.

Ирландияга баласын тирүү туучу кескелдириктер гана аман-эсен өтүп кеткен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан