Светлана Чаптыкова, актриса: “АЯЛЫҢДЫ БИЗГЕ БЕР ДЕП КҮЙӨӨМӨ ЖИГУЛИ СУНУШТАШКАН”

Светлана Чаптыкова Хакасиянын эл артисти, режиссёр, сценарист, драматург. Кыргыз кино сүйүүчүлөрү аны “Айдагы жезкемпирдеги” Асылкандын, “Айкашта” Жамалдын, “Ак илбирстин тукумундагы” Сонундун ролу аркылуу таанышат. Кыргыз кинолоруна кантип тартылып калган? Учурдагы жашоосу кандай? Ушул сыяктуу суроолорго жооп алдык.

“Актрисалыкка кокустан эле окуп калгам”

– Мен 1954-жылы 6-февралда Хакасиянын Усть-Киндирла айылында туулгам. Согуштан кийинки кыйын кез... Апам алдынкы колхозчу, эртеден кечке жумушта. Бизди үйдө таятам менен таенем карап калчу. Ошондуктан эс тарткыча аларды атам, апам деп билдим. Апам тракторист, уй фермада бригадир, кийин чабан болуп да иштеди. Үйдөгүлөрдүн баары жакшы ырдачу. Апам колу бошогондо гитара чертип ырдап калчу. Мен да гитараны бир аз кыңылдатып калганым менен, үйрөнө алган жокмун.

Апамдын бир сиңдиси мектепте мугалим болгондуктан мени ээрчитип алчу. Ошентип 5 жашымда окуп баштап, 15 жашымда мектепти бүттүм. Кичинемде врач же мугалим болгум келчү, бирок тагдыр мага башка кесипти буюруптур. Мектепти бүткөн убакта айылга Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун окутуучулары келип, окууга балдар-кыздарды үгүттөй башташты. Ошентип күтпөгөн жерден ошол окуу жайга бармак болдум. Буга үйдөгүлөрдүн баары таң калышты. Анткени мектептеги иш-чараларда жаттаган ырымды сахнада мукактанып, тердеп-кургап жатып эптеп айтчумун. Анан артист болом десем таң калышат да.

Институтту бүтүп келгенден кийин театрда иштеп баштадым. Орусиялык, хакасиялык, чет элдик драматургдардын пьесаларында жалаң башкы ролдорду ойнодум. Тасмаларга тартылдым.

Жолдошум Геннадий Чаптыков да актёр. Анын эжеси биздин айылда мектептин директору эле, Геннадийди эжесине келгенде көрүп калчумун. 1975-жылы Жаңы жыл майрамында чогуу бийледик, ошондон бери бирге бийлеп келе жатабыз. 3 уулубуз бар, кичүүсү режиссёр.

“Тик ылдый ат чаап түшүп, шар суудан өтүп кеткем”

– 1984-жылы Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” тасмасына тартылдым. Ал экинчи режиссёр Темир Дүйшекеевди “театрларды кыдырып Сонундун образына ылайык бирөөнү таап кел” деп жиберген экен. Ал Алтай, Тыва Республикаларына барып, ылайыктуу эч ким табылбай? акырында Хакасияга келиптир. Мени көргөндө сүйүнүп, тасмага тартылуу сунушун айткан. Мен макул болдум.

Тасма Ат-Башыда тартылып, мен Мундузбайдын кызматчысы Биялынын аялы Сонундун ролун ойногом. Тартуу убагында режиссёр “кыргызча сүйлө” деди, аракет кылып кыргызча сүйлөдүм. Фильмде Мундузбай карындашын турмушка узатып жатканда той берген жери бар эмеспи. Ал карындашынын себине 2 кызматчы жигитин аялы менен кошо бермек болот. Алардын бири – Биялы менен аялы. Мындай жаңылыкты уккан экөө, башкача айтканда, мен “күйөөм” экөөбүз атчан качып жөнөйбүз. Бизди артыбыздан кууп, жеткене калганда Биялы “сен качып кутул” дейт. Сценарий боюнча мен тик ылдый ат чаап түшүп, шар аккан тоо дарыясын кечип өтүп кеткем. Баары Кудайлап кыйкырып, кийин “мыкты экенсиң” дешти. Кичинемден малга аралаш өскөндүктөн атты жакшы чапчу элем.

“Төлөмүш Океев мени агып кетпесин деп корккон”

– Дарыядан өтмөк болгонумда Төлөмүш Океев кокус агып кетпесин деп куткаруучуларды жээкке коюп, анан “эми өт, коркпойсуңбу?” деди. “Жок” дедим. Төлөмүш Океев куткаруучуларга “ат акса аксын, хакас кызды кармагыла, ага жооп бере албайм” деп жатпайбы.

Сценарий боюнча Биялыны арттан келген куугун кармап кетет. Мен кайра эркекче кийинип, жүзүмдү жапкан узун калпакты кийип, эр сайышка түшөм. Эр сайышта каршылашымды ыргыта сайып, байгесине Биялыны бошотуп берүүлөрүн суранам. Ал кезде чачым узун эле. Чачымды жайып тартылган кадрлар бар. Көргөндөр чачыма абдан суктанган эле. Тартуу иши жүрүп жатканда күн сайын кой союлуп, жергиликтүү эл кымыз алып келишчү. Ошентип кымызга абдан көнүп кеткем.

Хакасияда күйөөм кичине 2 балам менен калган эле. Аларды сагынып ыйлайм. 3-4 күнгө суранып үйгө барып да келгем. Кийин күйөөм Геннадий келип, ал да ошол тасмада роль жаратып калды. Ушул тасмага тартылып жаткан учурда бир кызык окуя болгон. Бир кыргыз зоотехник тартуу учурунда келип-кетип жүргөн. Бир күнү күйөөмө “Светлананы таштап кет, балама алып берем. Ордуна 100 кой, Жигули берем” деди олуттуу түрдө. Күйөөм чочуп “биздин 2 балабыз бар да” десе, “эч нерсе эмес, аларды багып чоңойтобуз” дейт...

“Жайдын күнү кышты чагылдырабыз деп жүдөгөнбүз”

– Режиссёр Бакыт Карагулов 1985-жылы “Айдагы жезкемпирге” тартылууга чакырды. Анда башкы каарман Эркиндин апасы Асылкандын ролун аткаргам.

Жай, күндүн ысыгы 35-40 градус. Бирок кыш мезгилин чагылдырган эпизоддорго тартылуу жүрүп жатты. Кышкы калың кийимдерди кийип ысып, жүдөп тартылып жатабыз. Оператор-коюучу Манас Мусаев Кабулга кеткен эле, кайтып келгенде тартылган эпизоддорго ичи чыккан жок. Өрт өчүрүүчү машинаны айдатып келип, көбүк чачтырып салды эле жасалма кар болуп жатып калды. Ошентип тартылдык.

Тасмада Эркиндин түшүндө атасына жазган каттары асмандан жааган жери бар. Ошондо Манас Мусаев мага тик учакка отуруп, асмандан каттарды чачууга мүмкүндүк берген. Жаратылыштын кооздугу асмандан укмуш сонун көрүнгөн.

“Карышкырды атпагыла деп ыйлап алгам...”

– “Айкашты” тартуу учурунда да бир кызык окуя болгон. Бир жактан колго үйрөтүлгөн карышкырларды алып келишти. Сценарий боюнча аларды кой камалган короого коё беришип, анан атышмак. Карышкырлар түнү менен капастарда улуп, тынчыбызды алышты. Эртең менен айбандарды үйрөтүп-таптоочулар аларды коё берели дешсе, капастарынан чыгышпайт. Мен болсо аларга боорум ооруп “атпагыла” деп ыйлап алгам. Эптеп аларды короого коё беришти. Койлор үркүп, ары-бери удургушат. Бир карышкыр болсо козуларды тиштепa, тамактап өлтүрмөк түгүл, куйругун кыпчып алып качып жүрөт...

“Акчам көп болгондо дүйнө кыдырат элем”

– Жылдыз белгим суу куяр болгондуктан эркиндикти баалайм. Акчам көп болгондо дүйнөнү кыдырып жүрө бермекмин. Өзүмө абдан сын көз менен карайм. Адамдардагы эки жүздүүлүктү жек көрөм.

Кыргызстанга мурда гастролдоп, “Ала-Тоо” жазы фестивалына катышканы келгем. Ысык-Көлгө баргам.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан