ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ: Келечекте адам акылына муктаждык түгөнөбү?

Жасалма интеллект – дүйнө жүзүндө абдан тез өнүгүп жаткан тармак. Адам атайын билимге ээ болуу үчүн жогорку окуу жайда 5 жыл окуса, жасалма интеллект ал 5 жылдык билимди 5 мүнөттө өздөштүрүп алышы мүмкүн. Жасалма интеллект адам аң-сезиминин деңгээлине жетип, атүгүл, андан ашып кетиши мүмкүн дешет айрым эксперттер. Адамдар өз колу менен жасаган “жасалма мээнин” артыкчылыгы жана кемчилиги эмнеде? Төмөнкү макаладан жооп табасыз.

Жасалма интеллект деген эмне?

Жасалма интеллект (ЖИ) – адам мээсинин мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү үчүн иштелип чыккан компьютер. Ал өзүн-өзү окутуп өнүктүрө алат. Маалыматты санариптик агымдын ылдамдыгы менен чогултуп, системдештирет. Ага суроо берген адам саналуу секундда жооп ала баштайт. Тагыраак айтканда, жасалма интеллект – бул белгилүү бир машиналардын айлана-чөйрөнү кабыл алуусуна жана ага адамдын ой жүгүртүүсүнүн жыйынтыгына окшош жооп берүүсүнө жол ачат. Ой жүгүртүү, кабыл алуу, окуяны талдоо, үйрөнүү жана көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу функцияларды аткара алат. Компьютердик илимде Жон Маккарти, Марвин Минский, Клод Шеннон алгач 1956-жылы жасалма интеллект деген терминди киргизишкен. ЖИге алар алгач “акылдуу машина, интеллектуалдык компьютердик программаларды жасоонун илими жана тапкычтыгы” деп аныктама беришкен. ЖИ менен жаңычылдыкка умтулган ар бир адам сүйлөшө алат. Ал кимдир бирөөнүн пропагандасына иштебейт, адамдардын башын айландырууга умтулбайт, кайсы бир мамлекеттин кызыкчылыгын да коргобойт. Маалыматты телеканалдар, социалдык түйүндөр же электрондук почталар аркылуу таңуулабайт. Ал өзүндө камтылган маалыматтар менен гана талдоо жүргүзүп, чечим чыгарат.

Мурун мүмкүн эмес деп эсептеген нерселер азыр реалдуу...

Жасалма интеллект деп эмнелерди айтабыз? Мисалы, азыр интернеттен маалымат издесек, текст терип отурбай үндү тааныган кызматты колдонобуз. Кадимки сиз менен сүйлөшкөн Алиса жасалма интеллекттин жемиши. Жасалма интеллект текст жазууга, тексттерди оңдоого, кайсы бир каарман тууралуу текст берсеңиз аны элестетип сүрөт жасаганга, ал тургай уйкаштырып ыр курап, эссе, сценарий, макала жазып берүүгө жана башка ондогон операцияларды аткарууга жөндөмдүү. Мисалы, андагы чат GPT нейротүйүнү түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн чат-бот. Ал өзүндөгү маалымат базасына таянып каалаган сурооңузга жооп берет. Акыркы күндөрү өзүнүн “акылы” менен миллиондорду таң калтырып жатат. Алсак, аны колдонгондордун саны 2 айдан ашык убакытта 100 миллион адамга жеткен. Салыштырсак, 100 миллион катталуучу чогултуу үчүн ТикТокко 8 ай, Инстаграмга 2,5 жыл керек. GPT тиркемеси аркылуу орусиялык студент 23 саатта дипломдук иш жазып, аны ийгиликтүү жактай алган. “The Guardian” басылмасынын журналисти 30 секундда макала жазганга жетишкен. Ошондой эле GPT чаты АКШнын медициналык лицензиясын алууга расмий мүмкүнчүлүк берчү сынакты ийгиликтүү тапшыра алган. Аталган сынак эң оор сынактардын бири деп эсептелет. Ал илимий түшүнүктөрдөн тарта, биоэтикага чейинки бардык темаларды камтыйт. Мисалы, Бетховен каза болгондон кийин анын бүтпөй калган 10-симфониясынын бир канча ноталары табылган, 2021-жылы жасалма интеллекттин жардамы менен аталган симфония толукталып бүтүп, чыгарма угармандарга сунушталганда эч ким айырмачылыкты байкаган эмес. Дубайда ЖИ кылмыштын болорун божомолдойт, АКШнын айрым штаттарында тергөөдөгү адамдын баш коргоо чарасын аныктоо үчүн соттук системде колдонулат, Францияда ЖИ катталбаган бассейндерди аныктаганга жардам берет (ред.: Францияда бассейни бар үйлөрдөн көбүрөөк салык алынат). Жасалма интеллект чыгарган чечимдерди колдонууга дүйнөнүн 60тай мамлекети уруксат берген.

Адам акылына муктаждык түгөнсө кооптуубу?

Окумуштуулар жасалма интеллекттин өнүгүүсү мындан ары күчөшү мүмкүн дешет. Мисалы, учурда өзүн-өзү башкарган автоунаа, адам менен шахмат ойногон компьютер жана башкалар биздин жашообузда бар. Булар орнотулган функцияны гана жасай алышат. Азыркы супер компьютерлердин адамдан айырмасы – жакшы кино менен начар кинону айырмалай албайт. Адамдын эмоциясын, туюу сезимин, кылык-жоругун тууроого чамасы жете элек. Ал эми келечекте адамдык аң-сезимдин деңгээлинде ойлонгон компьютерлер адамга караганда 170 миң эсе акылдуу болуп, адам баласынын оюна келбеген нерселерди түшүнүп баштайт дешет окумуштуулар. Адам акылына муктаждык түгөнсө, адамзаттын жашоосуна коркунуч туулбайбы деген да кооптонуулар бар.

Мирбек Окенов, IT адиси: “Креативдүү тармакта иштегендер жумушсуз калышы мүмкүн деген чочулоо бар”

– Интеллект – адамдын акыл көрөңгөсү, ой жүгүртүүсү. Жасалма интеллект деп биз адамдардын акыл, ой жүгүртүү дараметин жансыз буюмдарга өткөрүп берүү деп түшүнсөк болот. Жасалма интеллект мурун эле ойлонуп табылганына карабастан ал учурдун компьютерлеринин кубаты адам акылындагы маалыматтарды батырууга мүмкүнчүлүгү жеткен эмес. Азыр технология өнүгүп, аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаралды. Сөз жок, жасалма интеллект азыр адам жасачу жумуштарды адамдан жакшы аткарып жатат, мисалы, шахматты мыкты ойнойт. Көрүүсү да адамдыкына караган алда канча күчтүү экени далилденди, адам бир учурда бир эле нерсени көрө алса, компьютер бир нече ракурстан ар бир майда деталдарга чейин көрө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Обон жаратып, текст жаза алат, сүрөт тартат. Ушундан улам креативдүү тармакта иштеген адистер бара-бара жумушсуз калабы деген чочулоолор бар. Азыр дүйнөдө эки ача пикирлер орун алып жатат. Биринчи тарап прогресстен коркпойлу, мүмкүнчүлүктү пайдаланалы деп жатат. Мисалы, рак оорулары менен күрөшүүдө жасалма интеллект мыкты ачылыштарды жасашы мүмкүн. Дүйнөдөгү кубулуштарды изилдөөгө, космосту, аба ырайын, табигый кубулуштарды жакшы түшүнгөнгө жардам берет. Ал эми экинчи тарап, жасалма интеллект адамдан да күчтүү болуп, эки акыл кагылышканда адам баласы уттуруп коёт, жок болуп кетет деп кооптонууда. Илон Маск сыяктуу технологиялык эксперттерден мындай пикирди байма-бай угууга болот.

“Кыргыз тилинде жасалма интеллект жасап жатабыз”

– Интеллекттин эң жогорку көрсөткүчү – бул тил. Биз жакында өкмөттүн, президенттин жана мамлекеттик тил комиссиясынын колдоосу менен кыргыз тилин технологияга жараша өнүктүрүү боюнча бир долбоордун үстүнөн иштей баштадык. Мисалы, Сири, Гугл ассистент сыятуу технологиялык гиганттар англис тилинде эркин баарлашат, биз да кыргыз тилинде сүйлөчү жасалма интеллекттин үстүндө иштеп жатабыз. Учурда үндү текстке, текстти үнгө которуу этабы аяктап калды. Мамлекеттин колдоосу менен супер компьютерлер алынды. Бул компьютерлердин кубаты күчтүү. Учурда биз тексттин семантикалык мааниси, генерациясынын үстүнөн иштөөдөбүз. Компьютерге кыргыз тилин жаңы төрөлгөн балага үйрөткөндөй эле үйрөтүп жатабыз десек болот. Буюрса, 2023-жылдын аягы же 2024-жылдын башында программа жалпы колдонууга чыгарылат. Кыргызча 30-40 жаштагы адамдардай сүйлөбөсө да, 10-15 жаштагы баладай сүйлөп калат деп ойлойбуз. Компьютер да өсүп–өнүгөт, азыр 5 миллион сөз айкашын колдонуп сүйлөсө, бара-бара өнүгүп отуруп сөз байлыгы 50 миллион сөзгө жетиши мүмкүн. Андыктан кыргызчаны бизден да жакшы билип калышы ыктымал. Анткени адам 20-30 жылда жеткен деңгээлди жасалма интеллект 1 жылда багынта алат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан