(Башы өткөн сандарда)
Эмирди тиктеп туруп Айдай башын чайкай берди. Жок, 17 жылдан кийин тапкан уулун кайра жогото албайт. Бир күн болсо да ансыз кала албайт. Аптыгып кетти.
– Сен эмнеге андай чечимге келдиң? Балким, мага таарындың же балдар арасында бир нерсе болдубу?
– Жок, эч нерсе болбоду. Болгону мен ырчылык меники эмес экенин түшүндүм. Мен апамдын жанында гана болгум келет.
– Апаңдын жанында...- эрдин кесе тиштеди Айдай. Дагы биртке турса ыйлап жиберчү абалын түшүнүп шарт бурула берди.
– Айдай эже...- деди Эмир.
Бурула берген Айдай ага Эмир ачкычты сунуп турганын көрдү. Бул студиянын ачкычы эле, мурунку жумада каалаган учурда келип машыга бер деп өзү берген. Ачкычты албай башын чайкады.
– Эмир, дагы убакыт бар. Сенин курагыңда көп жолу мындай чечимдер чыгарылат. Бирок ал туурабы же туура эмеспи азырынча биле албайсың. Ошол үчүн өзүңө убакыт бер.
– Эмир, уулум мени бөлмөмө алып барчы,- деди Ажар. Эмнегедир ички туюм менен Айдай менен Эмирдин көпкө сүйлөшүүсүн каалабай жатты. Айдай чыгып кетти. Машинасына отурса колдору калтырап жаткан экен, эмне кыларын билбей калды. Илимге телефон чалды. Бирок эмнегедир Илим чалууга жооп бербеди. Жүрөгү жарылып кетчүдөй болуп жатты. Эмирдин өзүнөн алысташына эч макул боло албайт эле. “Бир жолу болушу керек. Сөзсүз бир жолу бар, болгону мен ал жолду табышым керек. Ушунча жылдан кийин мен аны кайра жогото албайм. Мага мындан ары Эмирсиз жашоо жок” деп жатты.
Күндөр өтүп жатты. Кунарсыз, келечексиз, кубанычсыз бир күндөр эле Айдай үчүн. Эмир сабакка келген жок, аны кайра кызыктыруунун жолдорунун баарын издеп көрдү, бирок болбоду. Мурункудай эле иштеп, тамак ичип, жолугушууларга барып, камера алдында жылмайып сүйлөп өтүп жатты күндөрү. Бирок жашоонун түсү, даамы жоктой эле. Илимге көп жолу телефон чалса да албады. Эмнегедир ал дагы Айдайдан качкандай сезилди. Издеп, аркасынан түшүп жүрүп тапты.
– Салам,- деди Илимди көргөнүнө кубана.
– Салам, - деди ал суз гана.
– Сага эмне болду?
– Сагачы?
– Мен канча күндөн бери сени издеп, сага жазып эмне гана кылбадым. Телфонуңа такыр карабай калгансыңбы?- деди Айдай жиндене. Илим кайдыгер гана ийинин куушурду.
– Мен шаарда эмес элем. Бошобой да жаткам.
– Азыр бошсуңбу?- деди Айдай жаны кашая.
– Жок, бош эмесмин.
– Бул сен эмессиң, мен билген Илим бул эмес.
– Хм, мен билген Айдай да бул эмес болчу,- деди Илим кайгылуу.
– Ал кандай дегениң?
– Мен баарын билем, Эмил деген адам менен жолугуп жүргөнүңдү...
Айдайдын алдынан жер көчүп кеткендей болду. Көзүн жалдыратып Илимди карап турду. Буга эмне деп түшүндүрөт? Уулу менен мамилесин сактап калыш үчүн аны менен жолугуп жатканын айтса жөн гана күлүп басып кетет. Же барып Эмилдин өпкөсүн үзүп келет. Же дагы бир туура эмес кадамга дуушар кылат.
– Айтчы, экөөбүздүн ортобузда ушунча нерсе болгондон кийин, чындап бири-бирибизге байланып калгандан кийин, бул жашоодо мага сендей, сага мендей эч ким ишене албай турган убакка келгенге чейин мага бул кыянаттыкты кылган эмес элең. Эмнеге азыр кылып жатасың? Аны сүйүп калдым, балекет-салекет дебе, мен ага өлсөм да ишенбейм. Эмир үчүн экенин божомолдоп жатам. Бул жолго биз чогуу чыкканбыз, эсиңде болсо... Эмнеге мага акырына чейин ишенген жоксуң? Эмил сага жардам берем деди, менимче. Мени оңой гана сатып кете бердиң. Мен киммин? Жөн гана жүргөн журналист, сенин айланаңда мага окшогондор толтура. Бирок экөөбүздүн ортобузда башка бир нерсе бар экенине ишенген элем.
Айдай эмне кыларын билбей тура берди. Видео тууралуу айтса Илим эмне дээр эле? Аргасыз экенин айтса эмне демек? Айтайын деп барып бул жолу да токтоду. Эч нерсе айта албай бурулуп кете берди. “Токто” деп айтса, чуркап келип кучактап калса деп жатты ичинен. Бирок Илим ордунан жылган жок, узата карап гана кала берди.
Машинесине отуруп боздоп ыйлап алды Айдай. Жалгыз уулу тууралуу кеңеше турган адамынан да айрылды. Жан жолдошунан, сырдашынан айрылды. Эмне кыларын билбей калды. Бир топко отурду да, акыл токтотту. Эмир анын апасы экенин билбеши керек азырынча, эптеп бир жол менен Эмилдин колундагы видеону алмайынча ал чындыкты билбегени оң. “Музыканы таштайм” деди. Эмнеге мындай жыйынтыкка келгенин билиши керек. Жакын арада боло турган сынакка даярдап жаткан, баары жарым жолдо калды. Мындай болбошу керек! Айдай ишин ара жолдо калтырбайт. Жок дегенде Эмир менен жакшылап сүйлөшкөнү оң. А балким, Ажар менен сүйлөшүүсү керектир. Азыр ыйлап отуруп алчу убак эмес. Ал башын чечкиндүү көтөрдү.
ххх
Ажарда бир үмүт ойгонду. Аны ойготкон да уулу болду. Такыр жанынан чыкпай, ага китептерди окуп берип, эмне кааласа кылып жанында эле. Карынын жарып чыккан бала мынчалык байланмакпы ким билет, уулуна ыраазы боло берди. Бул учурда уулу экөөнүн бир нерсе жашырып жатканын Эмил байкап калды.
– Эй, экөөң эмне эле көз ымдашып сүйлөшүп калгансыңар? Менден эмнени жашырып жатасыңар?
– Эч нерсе жашырган жокпуз.
– Бирдеме эле болуп жатасыңар го?
– Жакында кайра операция жасалат мага, ошол тууралуу сүйлөшүп жатабыз,- деди Ажар.
– Эй, дагыбы?
– Ооба, бул жолу башка хирург.
– Биз эң мыктыларына барбадык беле? Баары “кечирээк келип калыпсыңар” дегендей кылды эле го. Бул кайдан чыкты?
– Уулум таап чыкты. Мен макул болдум. Бул менин акыркы мүмкүнчүлүгүм,- деди Ажар.
– Хм, ошондойбу?- Эмил аялын карап ойлонуп калды. “Мунун дагы деле жашай турган ою бар го” деп алды ичинен. Эбак эле аны өлгөн адамдардын катарына кошуп койгонун өзү байкады. Оюнда Айдай. Ага бул жаңылыкты айтыш керек. Дароо ага СМС жазды: “Шашылыш билдирүү, жолугушалы”.
Айдайдын үйүнө келди Эмил. Кучагы толо гүлдү ага берип жылмайып алды.
– Гулдүн кереги жок болчу.
– Сага арнап алгым келди.
– Рахмат. Кел, өйдө өт.
Экөө маңдай-тескей отуруп тамак ичип жатышты.
– Тамакты өз колуң менен жасадыңбы?
– Ооба, өзүм жасайм.
– Таланттуу адам бардык жактан таланттуу дегендей, тамакты да ашпоздордон кем эмес жасайт турбайсыңбы?
– Ооба, тамак жасап чоңойгом.
– Баса, сенин ата-энең, бир туугандарың барбы? Бир да интервьюңда алар тууралуу же өтмүшүң тууралуу айтылбаптыр.
– Демек, мен тууралуу изилдеген экенсиң да.
– Эми карап чыктым баарын.
– Алар тууралуу айткым келбейт. Менин атактуулугума алардын эч тиешеси жок. Карапайым жашаган адамдар. Андан көрө мага шашылыш деген нерсең эмне? Ошону айтсаң...
– Эмир бир адамды тааптыр, ал Ажарга операция жасайт имиш. Экөө тең ошол адамга ишенип алышыптыр, бир керемет жасачудай болуп жүрүшөт. Эмир сабагын да, музыканы да таштап, болгон убактысын апасына арнап жатканы ушундан экен. Эгерде Ажар айыгып кетсе, Эмир сени эч качан кабыл албайт. Сен муну билесиң да...
Айдайдын жүрөгү мыкчыла түштү, бул адам андан эмне каалап жатат?
(Уландысы кийинки санда)