КОЖОЙКЕЛЕРГЕ КҮМҮШ СЫРГА

Күнүмдүк жашоодо керектүү кыска-нуска кеңештерди эске тутуп коюңуз, кожойке.

1. Чили калемпирин туурагандан кийин колуңду самын менен жуусаң да ачуусу териге сиңип бир топко кетпей кыйнайт. Колуңуз менен көзүңүздү ушалап алсаңыз, азабын тартасыз. Бул ыңгайсыздыктын алдын алып, ачуу калемпирди туурагандан мурун колуңузду өсүмдүк майы менен майлап алыңыз.

2. Ашканада колдонгон бычак көпкө чейин курч бойдон сакталышы үчүн: эч качан өтө ысык сууга жуубаңыз. Мокогон бычакты курчутардын алдында бир саатка бир аз туз салынган идиштеги сууга салып койсоңуз да аспаптын мизи курч бойдон көпкө сакталат.

3. Карарып кеткен кашык-вилкаларды баштапкы жалтыраган абалга алып келебиз. Ал үчүн картошка бышкан сууну төгүп салбай, ал сууга ашкана аспаптарын 5-10 мүнөткө чылап коюңуз. Андан кийин кагаз менен кургатып чыгасыз.

4. Дүкөндөн сатып алган сүт көпкө сакталышы үчүн кутусун ачар менен бир чымчым туз салып коюңуз.

5. Макарон же картошка бышкан сууну муздатып туруп бөлмө гүлдөрүнө куйсаңыз болот. Анткени ал сууда гүлгө керектүү азыктандыруучу заттар сакталат.

6. Жашылча жана башка азыктарды туураган тактайларды дезинфекция кылам десеңиз, алгач таза жууп алыңыз. Андан кийин лимонду тең ортосунан бөлүп, тактайдын бетин тегиз сүртүп чыгасыз. Аягында микротолкундуу мешке бир мүнөт салып коюңуз, микроб-бактериялардан арыласыз.

7. Бадыраң туздаганда рассолго горчица упасынан бир аз кошуп коюңуз. Бадыраң көпкө сакталат жана кытырап даамдуу да болуп калат.

8. Электр чайнегин ичиндеги накиптен тазалаш үчүн 1:1 өлчөмүндө уксус менен сууну аралаштырып туруп чайнекти кайнатыңыз. Андан кийин сууну төгүп салып, идишти жакшылап чайкап коюңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан