ГОЛЛИВУДДУН ЭҢ КӨП ГОНОРАР АЛГАН АТАКТУУЛАРЫ

Тасманын ийгилигинен актёрдук курамдын чөнтөгүнө түшчү каражат көз каранды эмеспи. Жыл жыйынтыгы менен алдын ала сүйлөшүлгөн гонорар, прокаттан түшкөн каражаттан үлүштөрү эсептелип отуруп болжолдуу эң көп гонорар алган актёр-актрисалардын тизмеси жарыяланды. Голливуд тасмаларынын кайсы актёру жана актрисасы лидерлик сапта?

№1 Том Круз – 100 миллион $

Америкалык «Variety» басылмасынын изилдөөсүнө ылайык, 2022-жылы эң көп гонорар алган Голливуд актёру Том Круз болду. 1986-жылы чыккан “Мыкты аткыч” (“Лучший стрелок”) боевигинин уландысы 2022-жылы “Топ Ган: Мэверик” аталышында көрөрманга тартууланган. Бул тасма Том Круздун карьерасындагы эң көп каражат түшкөн долбоор болду. Ал эми жалпы киреше боюнча 2022-жылы чыккан тасмалардан “Аватар: Суунун жолу” тасмасынан кийинки экинчи орунда “Топ Ган: Мэверик” турат. Аскер учкучунун ролу үчүн Том
100 миллион доллар эмгек акы алганы айтылат. Актёрдун гонорарына прокаттын биринчи күнүнөн баштап пайыздар эсептелип кошулганы үчүн ири сумма төлөнгөн.

№2 Уилл Смит – 35 миллион $

Чыныгы турмуштан алынып тартылган америкалыктардын «Эмансипация» же болбосо “Бошотуу” (“Освобождение”) тарыхый тасмасы Уилл Смиттин карьерасындагы олуттуу ролдордун бири болду десек жаңылбайбыз. Негизи эле актёр үчүн 2022-жыл оор болду. “Оскар” сыйлык тапшыруу аземинде жубайын орой тамашалаганы үчүн Уилл комик Крис Рокту жаакка чапкандан кийин бир нече киностудия Смит менен иштешүүдөн баш тарткан. «Эмансипация» тасмасы Уилл Смитти чөгүп баратканда саздан сууруп чыккан роль болду. Актёрго экранга кайтыш үчүн күчтүү тасма, олуттуу образ керек эле. Кино сынчылардын бийик баасына арзыган ролу үчүн 35 миллион доллар гонорар алган Уилл тизменин экинчи сабында.

№3 Леонардо Ди Каприо жана Брэд Питт – 30 миллион $

Тизмебиздеги коло медалды 2 Голливуд актёру бөлүп алышты. Лео 30 миллион доллар гонорарды режиссёр Мартин Скорсезенин али экранга чыга элек "Ай гүлүн өлтүргөндөр" (“Убийцы лунного цветка”) аталышындагы тасмасына тартылганы үчүн капчыгына салып койду.

Брэд Питт башкы ролдогу “Формула-1” (аталышы дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин айтышат кино жаратуучулар) тасмасы да жарыкка чыга элек. Ошентсе да тасманы жаратып жаткан адамдарды карап, долбоордон көптү күтүүгө болот. Фильмдин продюсери Формула-1 жарышынын 7 жолку чемпиону Льюис Хэмилтон, режиссёру болсо “Топ Ган: Мэверик” сындуу хит эмгектердин автору Жозеф Косински. Формула-1дин ардагер пилотунун ролун аткарган Брэд Питтке 30 миллион гонорар төлөнгөн.

№1 Марго Робби – 12,5 миллион $

Актрисалардын гонорарына келгенде эң көп деген сумма бир кыйла азайганын байкасак болот. Мисалы, 2022-жылдын эң көп эмгек акы алган Голливуд актрисаларынын сап башын “Forbes” басылмасы Марго Роббиге берди. Марго Робби дегенде эле “Жан кечтилер тобу” (“Отряд самоубийц”) тасмасындагы Харли Квинндин образы элестей берет эмнегедир. Ушул жылдын жай айында экранга чыгат делген “Барби” тасмасында Марго куурчак кыздын ролунда. Алдын ала интернет желесине тараган сүрөттөрдө Барбинин образы актрисага куп жарашкандай. Барбинин сүйгөнү Кендин ролун актёр Райан Гослинг аткарат. Марго да, Райан да башкы роль үчүн 12,5 миллион гонорар алышат. Бирок Райан жогорку эмгек акы алган актёрлордун ТОП-10дугуна да кирген жок. Ал эми Марго болсо актрисалардын арасынан биринчиликке чыкты.

№2 Сандра Буллок жана Милли Бобби Браун – 10 миллион $

58 жаштагы Сандра Буллок дагы деле суроо-талапка ээ актрисалардын катарында. Актриса эмне деген гана ролдорду аткарган жок, “Оскар” баш кылып көптөгөн сыйлыктарды алып койду. Эми минтип кирешелүү кесиптештеринин арасынан күмүш медаль алып отурат. 2022-жылы чыккан романтикалык комедия жанрындагы “Жоголгон шаар” (“Затерянный город”) тасмасы үчүн Буллок 10 миллион долларлуу болгон.

Сандра менен күмүш медалды 19 жаштагы актриса Милли Бобби Браун бөлүшүп алды. “Энола Холмс” тасмасынын экинчи бөлүгүндө жараткан образы үчүн жаш актриса да 10 миллион доллар эмгек акы алган.

№3 Женнифер Лопес – 8,5 миллион $

Актёр Бен Аффлекке турмушка чыгып, жолдошунун фамилиясын алган Женнифер Линн Аффлек музыкадагы, ошондой эле кино талаасындагы эмгектери менен күйөрмандарын арбап келет. 2022-жылдагы “Marry Me” тасмасы актрисага 8,5 миллион доллар киреше алып келди. Жакында актрисанын эмгектеринин катарына драма, боевик жанрындагы “Эне” тасмасы кошулганы турат. 12-майда бет ачары болот делген тасмадан Жей Лону жаңы амплуада көрөт окшойбуз.

Көп гонорар алган актёрлордун катарында:

Дуэйн Жонсон ("Чёрный Адам" тасмасы) – 22,5 миллион $

Уилл Феррелл ("Одухотворенный" тасмасы) – 20 миллион $

Вин Дизель ("Форсаж-10" тасмасы) – 20 миллион $

Том Харди ("Веном-3" тасмасы) – 20 миллион $

Хоакин Феникс ("Жокер-2" тасмасы) – 20 миллион $

Райан Рейнольдс ("Одухотворенный" тасмасы) – 20 миллион$

Дензел Вашингтон ("Великий уравнитель-3" тасмасы) – 20 миллион $

Көп гонорар алган актрисаларынын катарында:

Эмили Блант ("Оппенгеймер" тасмасы) – 4 миллион $

Жейми Ли Кёртис ("Хэллоуин заканчивается" тасмасы) – 3,5 миллион $

Аня Тейлор-Жой («Безумный Макс: Фуриоса» тасмасы) – 2 миллион $

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан