ЧАМГЫР ЖАНА АНЫН ПАЙДАСЫ

Эрте жазда жашылчалардын алгачкыларынан болуп чамгыр сатыкка чыгат. Чамгыр организмди витаминдер менен камсыз кылгандан тышкары тамакка ичтейди ачат. Анын пайдасы, эмнелерге колдонсо болору тууралуу билип алыңыз.

Тарыхы

Чамгыр түрптүн бир түрү болуп эсептелет. Мекени – Кытай. Европага италиялык саякатчы Марко Поло 13-кылымда алып барган деп айтылат тарыхый булактарда. Европадан акырындап башка өлкөлөргө тарай баштаган. Орусияга башка жашылчалар сыяктуу эле Пётр I тарабынан алынып келсе, Кыргызстанда 20-кылымдан бери колдонулат. Жапайы түрүндө учурда Азия жана Европа континентинде өсөт. Өңү кызыл, ак, күлгүн, саргыч, сары, кочкул күлгүн түстө болот.

Кызыктуу

• Чамгырдын 30 граммдан оор салмактагысы чанда учурайт. Бирок израилдик фермер 10 килограммдык чамгыр өстүрүп, Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген.

• Мексиканын Оахака шаарында жыл сайын 23-декабрда “Чамгыр түнү” фестивалы өтөт. Эң чоң чамгырлардан ар нерсенин сөлөкөтүн жасап, жарманкеге коюшат. Фестиваль испандык колонизаторлор Мексикага чамгырды алып келген убактан бери белгиленет.

Курамы

Курамында натрий, кальций, магний, фтор, салицил жана никотин кычкылы, A, C, E жана B витаминдер топтому, суу, калий, фосфор, темир, клетчатка жана башкалар бар.

Пайдасы

Чамгырдын курамындагы:

• клетчатка ичегидеги пайдалуу бактерияларга азык болуп эсептелет. Бактериялар болсо тамактын сиңишине жардам берет;

• антоциан пигменти чамгырга өң бергенден тышкары сезгенүүгө каршы таасир этет. Жаралар, операцияда кесилген жерлер анын таасиринен бат айыгат. Аталган пигмент чамгырдын кабыгында көп;

• феноль кошулмалары (феноль, салицил, гентизин кычкылы жана башкалар) антиоксиданттык касиетке ээ болгондуктан организмден уулардын чыгышына көмөктөшөт, рактын жаралышынын алдын алат;

• C витамини жана фитонциддер иммунитетти көтөрөт, ууларды чыгарат, бактериалдык оорулардын алдын алат. Клеткаларды бузулуудан, ал эми адамды эрте картаюудан сактайт. Жабыркаган кан тамырлардын калыпка келүүсүнө көмөктөшөт. 100 граммында 14-25 миллиграмм C витамини бар, бул күнүмдүк норманын 25 пайызын түзөт;

• B витаминдер тобу нерв системинин калыптагыдай иштешине жардамын тийгизет;

• калий жүрөктүн иштешин жана эс-тутумду жакшыртат;

• Кальций – тиш менен сөөктүн бекем болушун шарттайт;

• Натрий – бөйрөктүн жакшы иштешине салым кошот;

• Темир – анемиянын алдын алат.

Ошондой эле

• Чамгырдын курамындагылар зат алмашууну жакшыртып, шилекей, ашказан маңызы, өт суюктугунун активдүү бөлүнүп чыгышын шарттайт. Булардын баары тамакты жакшы аш кылып, ичти жумшартат. Андыктан өнөкөт ич катуудан жабыркагандар колдонсо жакшы.

• Чамгырдын 100 граммында 15-16 килокалорий бар. Андыктан арыктайм дегендер колдонсо болот.

Зыяны

• Ачкарын жана көп жегенде ичти көптүрөт.

• Өт суюктугун кубалоочу касиетке ээ, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы курчуп турганда, панкреатитте, бөйрөк жана табарсыктын таш оорусунда, рефлюкс-эзофагит дартында жегенге болбойт.

Медицинада БАК даярдалат

Чамгырдын курамынан сульфорафан жана индол-3-карбинол затын алышып, ракка каршы кайра эле ошол аталыштагы биологиялык активдүү кошулма даярдашат. Бул кошулма жоон жана ичке ичегинин, эмчектин, урук чыктагыч бездин рагынын алдын алат деп айтылат.

Косметологияда

Агартуучу маска

Чамгыр бетти агартуу, сергитүү, тазартуу, нымдаштыруу жана терини азыктандыруу үчүн колдонулат. Бетти агартуу үчүн 1 даана бадыраң жана 2 баш чамгырды чогуу блендерден өткөрүп, даяр массага 3 чай кашык йогурт кошобуз. Аралашманы бетке сүйкөп, 10-15 мүнөттөн кийин жууп салуу керек.

Нымдандыруучу маска

Бул маска кургак беттерге жардамга келет. 1 чамгырды сүргүчтүн майда көзүнөн өткөрүп, ага 1 аш кашык зайтун майын кошуу керек. Аралашманы таза жуулган бетке жаап, 10-15 мүнөт коюп, анан жылуу суу менен жууп салуу кажет.

Тазалоочу лосьон

Чамгырды майдалап кесип, анан блендерге салып, ширесин сыгып алуу керек. Кебезди ширеге малып, бетти сүртсө бет жумшарып, нымданып калат. Бул бет териси аралаш жана кургак беттерге жакшы.

Эгип кароо

Тиккен чамгырдын түшүмү жыйналган соң ал жерге кайра чамгыр тигип коё берсе, күзгө чейин бир нече ирет түшүм алууга болот. Окрошка, салат үчүн чамгыр үйүңүздөн үзүлбөй турат. Ашканын сатып жибере аласыз. Ушул себептүү сентябрда да тиккендер бар. Сарымсакты чогултуп алгандан кийин анын ордуна эксе да болот.

Топурагы жакшы айдалып, малаланган жөөккө уругун аралыктарын 6-7 сантиметрден кылып тиксе жакшы. Узакка сугарбай койсо же түбүндө ашыкча ным көп жатса, анда чамгыр жарылып кетет. Андыктан ченеми менен сугаруу талап кылынат. Кандырбай сугара берсе эрте катып кете турган да жагы бар.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан