Гүлнара Сатарова, актриса: «ТАСМАДА ТЕРС КААРМАНДЫ ОЙНОГУМ КЕЛИП ЖҮРӨТ»

Театрдын жана кинонун жарык жылдыздарынын бири, актриса Гүлнара Сатарова. Маекте анын чыгармачылыгы, популярдуу болгон “Агай” сериалындагы ролу, уулу тууралуу сөз болот.

– Гүлнара айым, жемиштүү иштеп жаткандайсыз. Спектаклдерде, тасмаларда, учурда популярдуу болуп жаткан “Агай” сериалында да башкы ролдордун биринде экенсиз...

– Алгач “Агай” сериалы тууралуу айтсам, ага кастинг аркылуу тартылдым. Негизи өзүм Руслан Акун менен иштешсем деп күтүп жүргөм. Анткени ал тарткан “Акыркы сабак” тасмасы мага аябай жаккан эле. “Агай” сериалында Гапыр агайдын жубайынын ролун ойнодум. Ролду канчалык жеткире ойногонумду эл айтсын. Андан башка “Акча”, “Бир күн келет” сериалдарына, “Бошетунмай” деген фильмге, кыскаметраждуу тасмаларга тартылгам. Көбүнчө эпизоддук ролдордо ойноп калам. Быйылкы жыл мен үчүн аябай жемиштүү башталды, Мухтар Ауэзовдун “Еңлик-Кебек” спектаклин коюп Казакстанга фестивалга катышып келдик. Ал жактан “Түрксойдун” алтын медалын, ага удаа “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алдым. Эмгегиң бааланып, көңүл бурулса иштегиң келип чыйралып калат экенсиң.

– Куттуктайбыз! Негизи театрда жүргөнүңүзгө бир топ жыл болуптур. Бул тармак сизди эмнеси менен арбап алган?

– Ушул кесипти аркалаганыма өкүнбөйм, өзүмө жагат. Негизи актрисалыкка кокустан келип калгам. Биринчи жолу театрга спектакль көргөнү келип, спектакль башталарда кызыл көшөгө ачылганда эле жүрөгүм титиреп бир башкача болуп кеттим. Башка бир дүйнөгө түшүп калгансып, дароо “ушул жерде иштейм” дедим өзүмө. Анда мен актрисалыкка окуш керектигин деле билчү эмесмин. Ал күнү “Жолугушуу” деген спектаклди көргөм, анда Марат Козукеев менен Альбина Имашова роль аткарышкан. Ошондон кийин спектакль менен “ооруп” калып, театрга байма-бай келе баштадым. Кийинки жылы театралдык окуу жайга тапшырып, аны бүтүрдүм. Ошол күндөн бери театр менин жүрөгүмдө.

– Чыныгы актриса кандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойсуз?

– Театр – жан дүйнөнүн күзгүсү дейт эмеспи. Адамдар өзүн-өзү күзгүдөн көргөндөй болушу үчүн биз алардын кулк-мүнөзүн, жаман-жакшы жагын өзүбүздүн кейпибизге кийип, көрүүчүлөргө көрсөтүп беребиз. Театр адамдарды тарбиялайт. Биздин кесиптин мага жакканы – чын жүрөгүбүз менен адамдардын жан дүйнөсүнө гүлазык тартуулап, атүгүл аларды оорудан айыктырууга жардам беришибиз мүмкүн.

– Буга чейинки ролдоруңуздун ичинен кайсынысын мыкты деп, өзүңүз толук канааттанасыз?

– Мыкты деп айта албайм, дагы деле окуйм, изденем, үйрөнөм. Негизи ар бир ролго аппак барактай болуп келип, кайра башынан үйрөнө бересиң. Ошентсе да жан дүйнөмө өзгөчө жакын ролдор бар, алардын бири – Назым Мендебаиров койгон “Кылым карытар бир күн” спектаклиндеги Зарипанын ролу. Көп жылдык декреттик өргүүдөн кийинки ролум болду. Аябай жагат, ойногон сайын кадимкидей эргүү алам.

– “Агай” сериалындагы Товарай эже менен турмушта тааныша алдыңызбы?

– Жок, тилекке каршы, “Агай” сериалынын бет ачарына бара албай калдым, Товарай эже менен тааныша элекмин. Анын образын режиссёрдун айтып берүүсү боюнча ойнодум. Ал эже бет ачар күнү гүл алып келип мени аябай күтүптүр. Аябай өкүнүчтүү болду, менин да ал эже менен таанышып, учурашсам деген ниетим бар эле.

– Кээде ойногон каарманыңыздын образынан чыга албай, бул нерсе реалдуу жашоодо ыңгайсыздык жараткан учурлар болобу?

– Болот. “Бошетунмай” фильминде оорукчан кыздын ролун ойнодум. Депрессиядагы адамдын ролун ойносоң кадимкидей депрессияга түшүп кетесиң да, анан чыгууга аракет кыласың. Мага көбүнчө драмалык, трагедиялык ролдор туш келет. Андай образдан өзүмдү чыгаруу үчүн күлүп-жайнап, өзүмдү алаксытып, жакшы нерселерге көңүл бурганга аракет кылам. Кээде “шайыр эле жан экенсиң, эмнеге жалаң эле трагедия, драмаларды ойной бересиң?” деп сурап калышат.

– Кандай ролдорду аткаргыңыз келет?

– Роль тандачу деңгээлге жете элекмин деп ойлойм. Берген ролду ийине жеткире аткарууга аракет кылам.

– Тасмадачы? Кандай ролдорду аткарсам деген тилектериңиз бар?

– Ушул суроону күтүп жаткам (күлүп). Мен жалаң лирика, драма ойной берип, эми терс каарманды, мурда такыр ойнобогон башкача ролдорду ойногум келип жүрөт. Ошону күтүп жүрөм. Негизи ролду кулк-мүнөзүңө жараша беришет да. Ошентсе да өзүмдү сындырып башкача, өзүмдүн мүнөзүмө карама-каршы келген образ жаратсам деп жүрөм. Буюрса, болуп калар.

– Кандай үй-бүлөдө өскөнсүз? Сиздеги талант кимден өткөн?

– Апам бизди жалгыз тарбиялап чоңойтту, 3 кызбыз, мен улуусумун. Ушул даражага жетишиме биринчи кезекте апамдын салымы, эмгеги чоң. Азыркы күнгө чейин балдарымды карап берип, дайыма мени моралдык жактан колдоп, жашоодо өйдө-ылдый болот да, ошонун баарында мага жөлөк болот. “Оку, сен мыкты актриса болушуң керек” деп дайыма мага мотивация берип турат. Менин ар бир ийгилигиме кубанат. Сиңдилеримдин экөө тең Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетин бүтүрүшкөн, үчөөбүз тең искусство өкүлдөрүбүз.

– Бала тарбиялоодон кандай сабактарды алып жатасыз? Баланы жалгыз тарбиялоо оорбу?

– Бала тарбиялоо, чынында, оор экен. Жакшы, татыктуу тарбия берүүгө аракет кылып жатам. Курсагын тойгузуп, кийимин кийгизип, мектепке жиберип коюуну бала тарбиялоо деп эсептебейм. Бала менен дос болуш керек, мен балдарымды урбайм, чаппайм. Балдарым мени көңүлү суз, кайгылуу апа катары элестетишин каалабайм. Алардын алдында ыйлабаганга, кайгырбаганга аракет кылам. Келечегин ойлойм. Баламды болочок келиниме мыкты жолдош, неберелериме мыкты ата болууга даярдайын деп ойлой берем. “Эркектер жаман” дей бербей, уулдарды татыктуу тарбияласак, келечекте мындай сөздөр айтылбай калат. Мисалы, жөнөкөй эле нерселерди айтам, “кыздар келатканда эшикти ачып бергиле, кыздар менен эч качан урушпагыла, кыздарды эч качан сөкпөгүлө” деп айтып калам. Ушундай эле ыкма менен дагы бирөө менин болочок келинимди тарбиялап жатат болуш керек.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүзгө чоң ыракмат!

Ибрагим Козукеев: “КЕЛЕЧЕКТЕ АТАМДАЙ АКТЁР БОЛГУМ КЕЛЕТ”

Гүлнара айым менен бирге актёр, режиссёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, маркум Марат Козукеевдин уулун да кепке тарттык.

– Кандайсың, Ибрагим? Канчанчы класста окуп жатасың?

– Жакшы. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте 1-класста окуйм.

– Келечекте ким болгуң келет?

– Актёр жана музыкант. Атамдай болгум келет.

– Атаң ким?

– Марат Козукеев, “великий” режиссёр.

– Эмне кылганды жактырасың?

– Ойногонду.

– Апаң сени урушабы? Мүнөзү кандай?

– Урушпайт. Мүнөзү анча деле эмес.

– Эмнеси анча деле эмес? Кандай болушун каалайсың?

– Жакшы. Сабакка, комузга жибербей эле койсо...

– Комуз ийримине барасыңбы?

– Ооба, 2 күү чертем, “Ак пахта” жана “Кербезим”. Эми башка күүлөрдү үйрөнүп баштайм.

– Азамат!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан