(Башы өткөн сандарда)
Ал башын көтөрсө, чалкалап, башын дубалга жөлөп, көзүн жумуп отуруп алмай адаты бар. Дагы ошентти. Капюшонун көзүнө түшүрө тартып койду. Анын өңүн көрө албай кыжалат болуп жаткам, бирок ал чалкалап отурары менен, мен жер тиктей калдым. Көзүн ачып мен тарапты карап калса аяп жатканымды көрүп калбасын деп жер карап иштеп, жер карап которо баштадым. Эми менин айоом, менин кечиккен айоом эмнеге жарамак эле? Эмнени чечмек эле? Мен ага тамекиден башка эмне бере алмак элем? Жигитти уурданып тиктеп жаттым. Бирок анын жүзүнөн эч нерсе окуй албадым, кайгыны да, кооптонууну да, өкүнүчтү да окуй албадым. Мемиреп отурду, мемиреген бейпилдиги купкуу жүзүнө, жарыкка чагылышып жылтылдаган узун кирпиктерине жарашып да, жарашпай да турду. Тагдыры башка болсо, адам өлтүрбөсө, аял зордобосо, сулуу жигит болмок... Тергөө амалдары тез эле бүттү. Сүйлөгөн жок. Аны сурак кылуу же аны менен башка тергөө амалдарын өткөрүү формалдуу эле нерсеге айланып калды. Баары тез эле аяктайт. Кетерде тамекимди таштап чыктым. Кийинки жолу ашыкча тамеки көтөрө келейин деп чечтим.
ххх
– «Адамда каалоо болсо, бар-жокко үлгүрөт» деген сөз жалган экен. Москвада эч нерсеге үлгүрбөйт экенсиң, жашоону үзүл-кесил, тийип-качып жашайт экенсиң. Ойлоп көрсөм, «Кыргызстанга барганда, акча чогултканда, үй алганда...» деп бардык жакшылыктарды кийинкиге калтырып жашап жатыппыз. Ушул туурабы, эже? Куру үмүткө алданып жашай бергенибиз туурабы? Биз качан чындап жашап баштайбыз? Качан Кыргызстанга кетебиз? «Кыргызстанга барганда...» деп жүрө бербей, биз деле эл катары жашаганга аракет кылсакчы? Москвада туруп деле акын болуп, өзүбүздү акын сезип, кечебизди өткөрөлү... Же китеп чыгаралы...
– Мейли, чыгар. Канча ырың бар?
– 13 ырым бар экен.
– Менин 18 ырым бар. 18 ыр менен китеп чыгабы?
– «Жаза коёбуз» да.
– Ой, бир китептик ыр жазабыз деп көзүбүз чыгат го. Жөн өлтүрбөйсүң кишини. Жакшына жүргөндө...
– Мен 13 ырды эле тиктеп отурам. Аз келгенсип, 13ү тең жакпайт.
– Мага эле жагып жатыптырбы? 18 жарым ыр экен менде. Кой аксагы, оорулуусу менен 18 жарым болду.
– «Мага убакыт токтоп калган өңдөнүп,
Мен да токтоп калган өңдүү жашадым» (Омор Султановдун ыры). Китептин атын «Чарчоонун 13 ыры» деп коём.
– Омор Султановдун көзү тирүү, эй! Көрүп калса башыңды жулбасын.
– Ал билбей деле калат го.
– Билет эле... 18 жарым ыр менен китеп чыгарам деген сен экөөбүздө ар жок. Мага не жок десең? «Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт» болдум...
– Мен өзүмдүн ушунча ырым бар экенин билчүмүн, анан сиз «жаза коёбуз» дедиңиз го.
– Мен дедимби? Сен сөзсүз мени кошо ала жатышың керекпи?
– Жалгыз жаңылбайын да... Экөөлөп жаңылалы... Ыр жетпесе, арасына аңгеме жазалы. Аңгеме оңойбу же ырбы?
– Эмне, түндөп бир аңгеме бүтүрүп жиберелиби? «Аңгеме оңой» десем аңгеме жазасыңбы?
– «Эсимде» деп баштайм да.
– Мен баштадым. «Эсимде, эрте жаз болчу... Кар жаап турган. Сүйгөнүм шапкеси жок келиптир. Айтып жатсак деле шапкеси жок келиптир. Москва энесинин оюнубу ага?» деп башталат.
– Ой, мамааа... Өлдүм.
– «Анан шапке алдык. Же ага шапке жарашсачы... Ошондо ага шапке албай койсок болмок экен. Мээсин суук уруп кетмек...» деп уланат.
– «Шапкени актаган деле жок» деп кошуңуз... Анан мен «сүйүүнүн көзү сокур деген чын белем» деп кыйытып кирем аңгемеге…
– Минтип ула. «Сүйүүнүн көзү сокур деген чын белем, ошондо анын таз экени, шапке жарашпаганы деле байкалган жок. Башынын ичи да, сырты да таз экени кийин билинди» деп ула.
– Эми ойлоп көрсөм, таз экени байкалбаган экен.
– Ал муну көрсө экөөбүздү сотко берет. Болбойт мындай аңгеме.
– Ө-ө-өх... Аябай күлдүм. Аңгемебиз даяр турбайбы...
– Ооба, жазсак болчудай экен. Өзүбүз окуп, өзүбүз ыкшып. Башы таздын баары аңгемебизди башын сыйпалап отуруп окучудай...
– Аңгемебизге ат керек.
– «Таз сүйүү» же «Жыдыган сүйүү».
– А-а-ай эже, дагы бир жолу уялып кеттим.
– «5 барактык сүйүү» десем чындап арданасың.
– Чыгармачылыктын дагы кандай түрлөрү бар? Тез арада жаза коё турган түрү...
– Эмне, аңгеме жакпадыбы?
– Жок, болбоду.
– Апей, мен өтө чыгармачылык менен, чын дилимден жаздым аңгемени.
– Шапкеси жок келген жери «кульминация» болду.
– Башынын ичи да, сырты да бирдей таз экенин билгенибиз – «развязка».
ххх
– Сампарлап жааган кар машиненин маңдайкы айнегине тийип эрип кетип жатат. Мен тынбай кайталанган ушул көрүнүштү карап отуруп, «кардын келишин карасаң, фейерверкке окшоп жатат» дедим. «Жок, – деди Артур. – Мага 3Dга окшошуп жатат». Чын эле 3Dга окшош экен. Ушуга окшогон майда-чүйдө нерселерди сүйлөшүп, сапарыбыздан кайтып келатабыз. Бир нерсени эстесем эле жүрөгүм оозума кептелет. «Жаңылдым го...» дейм ичимде. Жаңылганымды деле билип келатам. Бирок Артурду жектеген жокмун, жаман көргөн жокмун. Өзүм ээрчип бардым, өзүмдүн көңүлүм бар болчу. Мен аны сүйөм, ооба, анын үй-бүлөсү бар. Болсо болсун, мен ушул мүнөттөрдө, ушул ирмемдерде бактылуумун. Эки сааттан кийин, ал үй-бүлөсүнүн жанына кеткенде деле кайгырганга, өкүнгөнгө, талдаганга убактым болот.
– Эмне ойлонуп калдың?- деп сурады Артур.
– Эртеңки күн кандай болор экен...
– Кандай болгон күндө да мен сенин жаныңда болом. Бир мүнөт да менден шек санаба. Сенден ушуну гана суранам.
Ал менин алдымда өзүн жоопкерчиликтүү сезип жатканын, алдыдагы күндөр үчүн өзү да санаа тартып турганын билип эле турдум. Бирок маани бергим келбеди. Андай нерселерге маани берип, ойлонууга биздин убактыбыз деле тар болчу. Аларды ар ким өз алдынча калганда ойлонсо болот. А экөөбүз чогуу болгондо убактыбыз тар. Ошондой тар убактыбызды пайдаланып, эки күн мурун Москванын четинде жашаган бир досунун үйүнө мейманчылап барганбыз. Досу да өзүндөй жакшы адам экен. Билбейм, мага ошондой көрүндү. Мага Артурдун тегерегиндеги бардык адамдар жакшы көрүнө
берет. Ал бар жерлер дагы... Досу бизди жакшы кабыл алды. Ал үй-бүлөсү менен, анан алардын кафесинде иштеген ишчилер болуп, жалпы он чакты киши отурдук. Баары мени өздөй, тааныштай кабыл алды. Кечки тамактан кийин бир үйгө бардык. «Мен дайыма бул жерге келгенде ушул үйдө калам» деди Артур. Досунун үйү экен. Эшикти ачып жатып «өз үйүңдөй көр дебейм, бирок экөөбүздүн үйүбүздөй көр» деп күлүп койду. Ичкери кирип жайланышып отуруп алгандан кийин муздаткычты ачып:
– Не ичесиң?- деп сурады.
– Не бар экен?
– Сага вино, мага коньяк.
Биздин ичимдиктерибиз ушундай болчу. Ал коньяк ичет, мен вино...
Бул жолу мен адаттан тыш көп ичтим. Эч нерсени ойлонбос үчүн, өзүмө-өзүмдү каршы койгон суроолор акылыма келбесин деп ичтим. Бул жерге, бул үйгө Артур менен эмнеге келгенимди билет элем. Ошон үчүн да ичтим. Ал дагы менин ички согушумду түшүнгөндөй колумдан кармап, «өзүңдү эркин сез, коркпо, сенин каалооңсуз сага ашыкча мамиле кылбайм» деди. Бирок менин жообумду күтпөй эле кофтамдын бүчүлөрүн чечип кирди. Балким, үстүмдө үлпүлдөгөн аппак, этеги жер чийген үлпөт көйнөк болгондо оңой чечилмек эместир. Ушуларды ойлодум. Бир убактарда аппак көйнөк кийип, аппак көшөгөдө отуруп, ак той менен күйөөгө тийем деген тилектерим болгонун ойлодум.
(Уландысы кийинки санда)