УЛУУЛАРДАН ЖАШТАРГА 9 КЕҢЕШ

Европада 60 жаштан өтүп калган адамдарга “жаштарга кандай кеңеш бермексиз?” деген кызыктуу сурамжылоо жүргүзүлгөн. Улуулардын жаштарга берген кеңеши бир чети кызыгуу, бир чети жылмаюуну жаратты.

1. “Жакшы жумуш – бул күн сайын ырахат алып иштей турган жумуш” деген туура эмес. Жакшы жумуш – бул көпчүлүк иш күндөрүн чыдап өткөрүүгө мүмкүн болгон жай. Эгер алган эмгек акы сенин жашооңо керектүү чыгымдарды жаба алса, ал жумушка көбүрөөк убакыт чыдайсың.

2. Жаш кезде убакыт кандай бат өтөрүн эч ким толук кандуу кабыл албайт. Үй-бүлө күтүүгө ашыкпагыла, билим алгыла, саякаттагыла, кыял-максаттарыңарга жеткиле, үйдө камалып отура бербегиле. Жашоонун адамзатка сунуштаган кызыктарына тойгула. Андан кийин гана турмуш кургула. Үй-бүлө күткөндөн кийин убакытты балдарды татыктуу тарбиялоого жумшаган туура.

3. Дос – бул түнкү саат 3тө чалсаңыз да жаныңызга келген адам. Калгандары жөн гана тааныштар.

4. Балдарыңардын канчалык бат чоңоюп кеткенин байкабай каласың. Кийин өкүнбөйүн десең, балаң кичине кезде аны менен көбүрөөк убакыт өткөргөнгө аракет кыл.

5. Бир дагы адам өлүп баратканда “аз иштеп калдым” деп өкүнбөйт. Эмгекчил бол, бирок жумушту эч качан үй-бүлөңдөн, досторуңдан, негизгиси, өзүңдөн жогору койбо.

6. Жаш кезден баштап эле өзүңүздү жүрөгү ооруган, кант диабети менен жабыркаган адамга камкордук кылгандай жашаңыз. Ошондо бул дарттар менен эзели тааныш болбойсуз.

7. “Тишти дайыма жууш керек” деген кеңешти көпчүлүк жаштар кулак сыртынан кетирет. Бирок бир да тишиң калбай баары күбүлүп түшүп, башка металлдар оозуңдан орун алганда кеч болуп калат экен.

8. Адамдын өмүр жашын кыскарткан – бул карыз болот. Андыктан колдон келсе карыз, насыя дегенден алыс болуп, оокат кубалабай, өзүңдүн ден соолугуңа көңүл буруп жашаган туура.

9. Адам өмүрүндө жолуккан эң биринчи оор жоготуу – ата-энеден айрылуу болот. Андыктан алардын көзү тирүүсүндө сүй, сыйла, мээрим төк, бөпөлө, көңүл бур, убакыт бөл, жакшы сөзүңдү аяба. Алардан айрылгандан кийин көз жаш төккөндүн эч кимге пайдасы жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан