(Башы өткөн сандарда)
Өмүр бою чогуу жашаган аялына анын мынчалык кара мүртөздүк кылганына түк түшүнбөй турду. Эгерде анчалык жек көрсө басып кетиш кыйынбы? Эмил Айдайдын эмнелерди ойлоп жатканын билбей тамак ичип жатты. Чын эле Айдай тамакты ырахат менен жакшы жасачу. Таңдайын такылдатып алды.
– Көп эле ресторандан тамак жегем, сенин колуңдан жеген тамак өзгөчө болот тура.
– Мага Эмир тууралуу айтып бересиңби?- деди Айдай.
– Хм, мисалы?
– Мүнөзү, кичинесинде кандай чоңойду, оорудубу? 1-класска барганы, айтор, Эмир тууралуу эмне билсең ошонун баары кызык мага...
– Чынын айтсам, ошол жылдары бизнесим менен алек болдум, Эмир тууралуу көп деле билбей калдым. Муну Ажардан сурасаң жакшы болмок, ал тырмагынын учуна чейин билсе керек.
Айдай Эмилдин көздөрүнө тике карады.
– Эмнеге баланы сүйбөдүң?
– Кимди? Эмирдиби?- деди бул көз караштан тайсалдай түшкөн Эмил.
– Сен ал баланын жоопкерчилигин алгандан кийин, жок дегенде Кудайдан келген аманат деп жакшы карашың керек эле. Эмнеге багып алгандан кийин жакшы көргөн жоксуң?
Эмил мыңк эте мыйыгынан күлүп алды. Аялдарга эч качан жан дүйнөсүн ача алчу эмес. Бул жолу чындыкты талап кылган көздөрдөн кача албады.
– Ким билсин, эмнеге мындай болду? Алгач балалуу боло албасыбызды билгенде нес болдум. Ал кезде азыркыдай балалуу болуунун жолдору да аз эле. Оор кабыл алдым, анткени мен тер төгүп иштегеним бала, үй-бүлө үчүн эле да. Ажарды таштап кете албайт элем, анткени анын агасынын жардамы менен бизнести кургам. Ушуга чейин ажырашып кете албаганымдын себеби деле ушул, компания эки адамдын эмгеги менен бутка турган. Кыскасы, кайнагама көз карандымын. Айла жок, бала багып алууну ойлондук. Алгач жакшы көрүп кетермин деген ой болгон. Бирок андай болбоду. Адам өзүн кыйнай албайт экен. Баланы көргөн сайын меники эмес экени көзгө сайылган ийнедей боло берди. Башка! Бөлөк! Эч бир жери сага окшобойт. Дилиң да тартпайт. Чын дилимден ушул баланы өөп-жыттай да албадым. Билбейм, мен ушундай адам экем, башканын баласын кабыл ала албаган. Кийин жашыруун экинчи аял алдым, балалуу болдук. Мен ошондо эмнеге Эмирди сүйө албаганымды билдим. Мейли, Эмирдей сулуу болбосун, мейли, акылдуу да болбосун, өз каныңдан жаралган баланын өзүңдүкүнө окшогон жымшык көздөрү менен сени карап турганы укмуш бакыт экенин билдим. Анткени ал сеники! Ар бир кыймылынан өзүңдү көрөсүң. Жылмайганы сеники, басканы сеники. Мен Эмирди меники болбогону үчүн жаман көрдүм. Меники болсо гана... Ал канчалык акылдуу, таланттуу, жүрөгү таза бала экенин көрбөй койгондой сокур эмесмин. Бирок ошонусу да кээде кыжырыңды келтирет. Кыскасы, ушундай...
– Демек, өз балдарыңды жакшы көрөсүң?
– Ооба, эзилип кетем. Аябай жакшы көрөм.
– Ажарчы?
– Ажар тескерисинче болду. Бир көргөндөн баштап, Эмирди колуна алган секунддан тарта ага чыныгы эне болду. Билбейм, кээ бир энелер деле өз балдарына Ажардай болуп мээрим төгө алышпайт. Ал Эмирди бир башкача жакшы көрдү, кареги менен тең айланды. Ушунча жылдан бери Эмирге үнүн бир катуу чыгарып кайрылганын көрбөдүм. Ошол эле учурда Эмир корс, бир нерсени бетке айткан, өжөр бала. Бирок апасынын жанында ал да жибек. Эч бир каяша айтпайт. Апасы айттыбы, демек, мыйзам. Мен кийинки аялым менен балдарымды карап, аларга Эмир менен Ажарды салыштырып арман кылып кетем. Менин балдарымды ушундай сүйгөн эне болсо эмне. Жашоодо беш кол тең эмес деген ушул экен да.
Айдай таң калып укту. Шылдыңчыл, керсейген, адамгерчилиги төмөн деп билген адамда деле ушунча тереңдик жатканына баа берди. Өтө ачылып кеткенин сезгендей Эмил тамагын бир кырынып алды да, алдындагы сууну ичти.
– Мени эмне кыласың?- деди Айдай так үстүнөн түшкөндөй.
– Эмне кыласың деген кандай суроо?
– Түптүз суроо. Ажар бар, аны менен өтмүшүң дагы деле жүрөгүңдүн бир жеринде турат. Өз балдарыңдын энеси да бар экен. Дагы кимдер бар бир Кудай билет. Баары эшиктерин ачып, сени качан келет деп төрт көздөп күтүп отурушат. Сени такыр каалабаган мени эмне кыласың?
Эмил күлүп жиберди.
– Окуянын тузу ушул жери болуп жатпайбы?
– Эмнеге?
– Эркек дайыма өзүнөн качкан аялды кубалаганды жакшы көрөт. Аңчылык бар да канында. Мени күтүп отурган аялдардын кызыгы канча? Алар ансыз деле күтүшөт да. А мага менден качкан адам менен кызыктуу.
– Демек, мен жөн гана оюн экем да.
– Акылдуу аялдарды жакшы көрөм. Аларга тузак коюп, ана түшөт, мына түшөт деп карап отургандан өткөн ырахат барбы? Бизнесте да ошондой. Кумар бул. Эч нерсе дей албайсың.
– Сен оюн, кумар деп жаткан нерсе – бул адамдардын тагдыры. Ойнойм деп бир күнү омурткаң сынып жүрбөсүн.
– Ия?- деди чочугандай түр көрсөткөн Эмил.
– Мага видеонун калганын бер, Эмирге мен тууралуу эч нерсе айтпа. Жакшылыкча эле ажырашалы, жакшы тааныш болуп жүрөлү. Мени зордогондо эмне, ансыз деле колуңда турам.
– Жок, Пери, кечирип кой. Мен анте албайм.
Айдай селт этти. Анын мурунку аты Пери экенин да билет тура бул? Кайдан билип алган? Эмнелерди билет бул дагы?
– Айдай деле жарашат, бирок мага Пери деген атың жакты.
– Сен кайдан билесиң?
– Мына, мен сен тууралуу сенден да көп маалымат билем. Сага суктанбай койгонго болбойт, Айдай. Ошондой жерден ушул даражага өз күчүң менен жеттиң. Сен экөөбүздө бир окшоштук бар. Өжөрбүз! Демек, каалаганыбызга жетебиз. Сени менен минтип сүйлөшүп отурган деле чоң бакыт. Анан кантип баш тартам? Жок, болбойт. Сен меникисиң! Азыр даяр болбошуң мүмкүн, бирок мен сени күтөм. Убакыт экөөбүзгө тең туура иштеп берет деп ойлойм. Кой, мен кетейин. Сенин режимиң да бузулбасын. Эртең чет өлкөгө учасыңар шакирттериң менен.
Айдайдын оозу ачылып калды. Кудай сакта, муну да билет тура. Не деген адам бул? Эмил аны далыдан таптап коюп чыгып кетти. Ооба, таң эрте ал Астана шаарына фестивалга учуп кетмек. Эмирдин барышын аябай каалаган, бирок болбоду. Саатты карады. Убакыт жакындап калган экен, тез туруп столдун үстүн жыйнай баштады. Аэропортко кеч калбашы керек.
ххх
– Кана, балдар, баарыңардын паспортторуңар жайында, ээ?
Айдай менеджерлери шакирттерин даярдап жатканына көз салып турду да, анан басып келип суроо берди. Эмир кеткени ал балдардан алыстай түшкөн эле. Бул туура эмес экенин сезип, азыр аларга жакын келди. Канчалык оор болсо да чыдашы керек. Анткени бул 4 шакиртинин да таланты, өз жолу бар. Бешинчиси Эмир болчу. Анын жок экени жеке Айдайды гана эмес, балдарды да ыңгайсыз абалга таштагандай.
– Баары жакшы болот. Ийгилик менен келебиз. Башыңарды бийик көтөргүлө!- деди Айдай балдардын көңүлүн көтөрмөккө.
– Менсиз деле ийгилик менен келесиңерби?- деди так кулак түбүнөн тааныш үн. Кылчайып карап, жанында гитарасын кармап Эмир турганын көрдү.
– Оо, Эмир келди!
– Бро, бизди орто жолго таштабайт деп ишенгем,- балдар кучакташып, кубанычтан ызы-чуу түшүп калышты. Айдай көзүнүн жашын сүртө башын көтөрдү. Так маңдайында Эмил турган экен. Демек, ал көндүрүп алып келди...
(Уландысы кийинки санда)