ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ БИЙИК ИМАРАТТАР

БУРЖ-ХАЛИФА

Дүйнөдөгү эң бийик турак жай Дубайдагы Бурж-Халифа экенин көпчүлүк эле билет. Бул курулуштун бийиктиги 828 метрге жетет жана имараттагы кабаттардын саны 163. Бурдж-Халифа көпчүлүккө эшигин 2010-жылдын 4-январында ачкан. Курулуштун жалпы баасы – 1,5 миллиард долларды түзөт.

МЕРДЕКА-118

Бийик имараттардын тизмесине Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында жайгашкан Мердека-118 курулушу кирет. Бийиктиги 678,9 метрди түзөт. Имарат толугу менен курулуп бүтө элек. Андыктан анын бийиктик көрсөткүчү дагы өзгөрүшү мүмкүн. Имараттын “Merdeka” аталышы “көз карандысыз” деген маанини түшүндүрөт.

ШАНХАЙ МУНАРАСЫ

Кытайдагы Шанхай мунарасынын бийиктиги 632 метр, ал эми жалпы аянты 380 миң чарчы метр. Курулушу 2015-жылы аяктаган мунара дүйнөдөгү эң бийик имараттардын катарында. Курулушу 2,4 миллиард доллардан 4,5 миллиард долларга чейин бааланат.

АБРАЖ-АЛЬ-БЕЙТ

Сауд Арабиясынын Мекке шаарында имараттардын топтомунан турган Абраж-аль-Бейт (Падышалык саат мунарасы аталышын да алып жүрөт) мунарасы бар. Салмагы жагынан дүйнөдөгү эң оор курулушка кирген мунаранын бийиктиги 601 метр. Имарат 120 кабаттан турат, 96 лифт иштейт, жалпы аянты 1,5 миллион чарчы метр.

ПИНАНЬ ЭЛ АРАЛЫК КАРЖЫ БОРБОРУ

599 метр бийиктиктеги имараттардын топтомунда 115 кабат (жер алдында дагы 5 кабат) бар. Пинань эл аралык каржы борбору аталып, асман тиреген курулуш Кытайдын Шэньчжэнь шаарында жайгашкан. Жалпы аянты – 468 600 чарчы метр. Азыркы 599 бийиктикке дагы 60 метрди түзгөн антенна орнотулуп, имарат Кытайдагы эң бийик курулуш аталмак. Бирок авиация жолдоруна тоскоолдук жаратат делип, антенна орнотулбай калган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан