КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ичимдеги согуш кайрадан башталды. «Эркин бол» деди Артур кулагыма шыбырап. Бирок мен эркин боло албай койдум. Эркин болом деп ичкен вином жардам берген жок. Тарап кетти. Бул үйдө бизден башка эч ким жок болчу, эшиктин алдында аңдып турган жеңелер да жок эле, ага деле болгон жокмун. Мээм иштеп жатты. Денем түйүлүп, эртерээк баары өтүп кетсе экен деп тиледим. Эртең менен жүрөгүм оор ойгондум. Көзүмдүн жашы тамагыма келип тирелди. Тамактан өтсө эле ыйлачудаймын, бирок ыйлабаганга аракеттендим. Анткени эртең мененки тамак күтүп жатыптыр. Артур мага ашкана тараптан үн катты. Үнүн угуп, аны сүйөрүмдү эстедим. Ал чоочун эмес, мен жакшы көргөн адам го, эмнеге ыйлайын деп өзүмдү-өзүм соороттум. Анан бир нерсени эстеп кеттим. Ордумдан шарт туруп, жуурканды ачтым... Эч ким көрбөсүн деген ой келди. Эч ким көрбөсүн... Шейшепти шашылыш сыйрып алдым да, аны кир жуугуч машиненин ичине ыргыттым. Шейшеп менен кошо биздин каада-салтты, үрп-адатты, чоң энелердин тарбиясын, насааттарын, тилектерин кошо ыргыткандай болдум.

– Сенин ким менен мамиле күткөнүң өзүңө маанилүү болуш керек, башкаларга маанилүү эмес. Өкүнбө... Биз өз каалообуз менен «биздин каада-салтты, үрп-адатты, чоң энелердин тарбиясын, насааттарын, тилектерин» ыргыткан жокпуз. Аргасыз ошенттик. Адамдар азыр салтты деле керегине, ыңгайына жараша колдонуп, пайдасы болсо «салт», пайдасы болбосо «салтка туура келбейт» деп жашап калды. Салт көтөргөндү адамдар көтөрбөйт. Көтөрө албайт. Сен бир адамдын жеке «салтына, наркына» туура келбесең, бар эрежени карманып күйөөгө тийген күндө деле сени эч ким барктап, мактап жибербейт... Баары өзүнүн «кадыр-баркын» сактоо менен убара... Аны сакташ үчүн бирөөнүн кадыр-баркы тепсендиде калса, тагдыры талкаланса деле мейли, өздөрү аман калса болгону... Менин башымдан деле өтпөдүбү бул нерсе. Эмне таптым? «Бузулган, жеңил ойлуу, аягы суюк, намысы жок» деген атак таптым. Мен сага бул сөздөрдүн эң жумшак түрүн айтып жатам. Мындан орой, мындан жаман сөздөр айтылды. Башымды баштагыдай бийик көтөрүп жүрө албай калдым. «Туура эмес кылдым» деп ойлогонумдан эмес, элдин туура эмес кабылдаганынан ошентип калдым. Мени жакшы деп ойлогонго караганда, жаман деп ойлогондор көп экенин түшүндүм, көрдүм. Жакшы деп ойлосо эрден ажырашканыңды уккандан кийин эле ар экинчи эркек этегиңе асылып кирмек беле? Же «ой, адашыпсың, эриң менен эптеп чыдап жашай берсең болмок экен, дароо төрөй салбапсың да, кетире албайт болчу ошондо» деген сыяктуу сөздөрдү айтып, «шордуу, бактысыз болуп калган турбайсыңбы» деп аямак беле? Туугандар биринчи ушактап, туугандар биринчи намыстанмак беле? Тилектин туугандары мейли, башкача ойлоп, башкача түшүнө алмак эмес, кырдаал, шарт ошондой болчу, алардын ардана турган жөнү бар дейли. Бирок өзүмдүн туугандарымдын арасында деле ошол сөздү айтып, менден намыстанып, мендеп уялып жүргөндөрү толтура да. Жакшынакай жүрүп күйөөгө тийип деле бузулган атка конуш оңой эле. Сенден көз каранды эмес бул, сенин жаныңдагы адамдардан, алардын дүйнө таанымынан көз каранды. Айрыкча, бизде ошондой. Адамды актанууга мажбурлашат. Биз Тилек экөөбүз үйлөнгөндө анын жеңелери, туугандары чурулдап ырым-жырымын жасап жатып эле, кийин айрымдар мени «бузулган» десе, алар деле ошол сөздү кошулуп айтып жүрбөдүбү? Биринчи бул сөздү мага кайненем айтты. Тилек экөөбүз каттоодон өтүп, кайнагам туугандарды чакырып, тойчук берип бүткөндөн кийин айтты. Түз эле мага чалып, «мен сендей бузулган кызды келин кылып албайм, эсиң барында өзүң кетип кал!» деди. Каяша айта алган жокмун. «Бузулган кыз эмесмин» дей албадым. Анан баары айта баштады. Туугандар чогулганда эле менин бүлөм, менин себим, өзүм келип Тилекке тийип алганым кеп болот. Кудум ал эч нерсе кылбагансып, ал унчукпай турса эле мен чуркап келип тийип алгансып сүйлөшөт. Улуураак туугандары түз эле айтат, жашыраактары кыйытып, кычап айтат.

Кайнагам Москва облусунда кичинекей шаарда жашайт. Кайненемдин эки сиңдиси көп жылдардан бери ушул жакта, отурукташып калган бардар кишилер. Алардын үйү да облуста, кайнагамдын үйүнөн алыс эмес жерде. Мен дем алыш күндөрү атайын Москвадан келип, кайнагамдын үйүндө кызмат кылам. Дасторкон жаям, тамак жасайм, чай куям, улам идиш жууйм, анын арасында ошол сөздөрдү угам. Алардын үйүнө кирген күндөн тартып ошол эки эженин мени атымдан айтып чакырганын уккан жокмун. Атымды айтпай эле мени «эй!» деп чакырып алышты. Өтө ачууланып кетсе, кыраатын келтирип созуп «у-у-уй!» деп коюшат. Ошол үйдө «эй!» деле мен болуп калдым, «у-у-уй!» деле мен болуп калдым... Кептин баарын ошол эки кайнежем баштайт, урушту да ошол эки кайнежем баштайт. Мени көргөн жерде эле эжесин аяп кирет. Экөө тең кайнагамдын үйүнө тез-тез келет. Алар мени урушкусу келсе дароо жетип келип, чайымды ичип, өзүмдү урушуп кете берет. Мени тиктетип туруп Тилекке кыз издеп, мени тиктетип туруп аны үйлөнтүп кирген да ошолор. Кеп «ии, баланчанын супсулуу кызы бар экен, Тилекке беребиз деп жатыптыр» деп башталат. Анан ошол кыздын бүлөсү макталат, бериле турган себи, адеби, уруусу, айылы макталат... Себин кудум көргөнсүп айтат, эсептейт. Мен кайнагамдын үйүнө келбей калсам же алар келбей калса, бири болбосо, бири телефон чалып деле урушуп коёт. Аларды бир айда бир же эки жолу көрөм, андан көп эмес, бирок ошол аялдарды күндө көргөнсүп тажаганымчы... Бир эле кишиге күйөөгө тийбегенимди, деги эле кыргыздын аялдары бир эркекке эмес, бир бүлөгө күйөөгө тийерин ошондо түшүндүм. Бизде келинге эринен сырткары эр болуп, тескеп, тарбиялап, керек болсо урушуп койчулар, жууган табагына чейин карап, кемтик издегендер четтен чыгат экен. Анан канча тырышсаң болбой эле өзүңдөн-өзүң эле ката кетирип, өзүңдөн-өзүң эле чалына баштайт экенсиң. Мен чындап эле ошол үйгө батып кетсем экен деп аябай тилендим. Тилекти кыя албаганым үчүн ошентип тилендим, апамдан коркконум үчүн ошентип тилендим, элден уялганымдан ошентип тилендим, бирок такыр эле бата албай койдум. Чалынып эле туруп алдым. Ал бүлөнүн кылган кылыктары менин акылыма сыйган жок, менин жоругум алардын акылына сыйган жок. Актана албай калдым. Жанымда мени актап жиберген киши да болгон жок.

ххх

– «Тескери тонумду кийип» ойгондум. Эч нерсе жакпай жатат. Фейсбук, каттар, посттор, достор, жасалма мамилелер, акындар, ырлар, китептер... Айрыкча, жакшы китептер жакпай жатат... Мен эмнеге антип жакшы жаза албайм деп бир кейидим, мен жазчу нерсенин баары жазылып бүтүптүр деп эки кейидим. Уялбай баарын көр тириликке шылтап жатпаймынбы. Бирок өзүм акчадан кечип, чыгармачылыктын артынан кууп кете албадым да, же андан кечип, биротоло акчанын артынан кууп кете албадым. Жыйынтыгында экөөнөн тең жок отурам. «Бир соргок эки тойдон кур калат» деген ушул болсо керек. Бир жаңсыл жашоону жакшы көрчү элем, бир жаңсыл жашап жатам деп ойлочу элем, бирок ортодо, орто жолдо эле калыптырмын. Эми кайда басарымды билбей, эки жакты карап элеңдеп жатам. Ал аз келгенсип мигрант болуп жашагандан да тажадым, бирок азыр барчу болсом, Кыргызстанда да жашай албайм. Орто жолдо калганым ушул да... Өзүм минтип отурсам, бирөө мени белгилеп барагыма сүрөт илип кетиптир. Турам кыйшайып... Көрбөгөндүн көргөнү курусун... Акындар Москвага келип кеткенден бери жыл өттү. Эл ошондо түшкөн сүрөттөрдү дагы деле Фейсбукка илип бүтпөй жатат. Ой, кичине карап анан илбейби десең... өздөрү сулуу болсо эле иле берет экен. Башкалар тойтуюп калдыбы, кыйшайып калдыбы, талтайып калдыбы, иштери жок...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1064, 28-апрель - 4-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан