Студенттик күндөрдүн биринде бою узун, келишимдүү, көз айнек тагынган корей кинолорундагы жигиттерге окшош бир мырза менен таанышып калдым. Сүйлөшүп, тамашалашып жүрүп, кантип ортобузда жылуу мамиле жаралып, жакын болуп кеткенибизди байкабай калдым. Экөөбүз тең студентпиз, жатаканада жашайбыз. Чогуу кызыктуу, эсте кала турган күндөрдү өткөрдүк. Ал мага кам көрөт, мен ага аяр мамиле жасайм. Ал Оштон, мен Ысык-Көлдүн кызымын. Бирок мамилебизди олуттуу деңгээлге чыгаруу тууралуу сүйлөшөйүн десем эле, жигитим бул темадан кача берчү. “Эмнеге Бишкекте жашаган жакын эжең менен тааныштырбайсың?” деген суроом да жоопсуз калчу. Бир күнү ал “ата-энем Ысык-Көлдүн кыздары бизге чыдабайт, өзүбүз жактан караштыр деп жатат” деп башын жерге салып шылкыйды. Жүрөгүм тыз этти, эч кимге арнабаган бүтүндөй сезимимди, жүрөгүмдү бир адамдын колуна тапшырууга даяр болуп турганымда ал адамдын коркоктук кылып, эки анжы болуп турганы капалантты. “Жигиттик сапат кана? Өзүңдүн жеке оюң жокпу? Ошентип айтышса эле багынып каласыңбы? Сезимиң үчүн күрөшүүгө алың жетпейби?” деп кыйкырып айткым келди, бирок унчукпадым. “Көрөсүң, кийин өкүнөсүң” дедим да басып кеттим.
Мамилебиз ошол бойдон үзүлөт го дегем, болбоду, бир пайда болот, кайра жоголот. Мени сүйөрүн айтат. Бир күнү суукка урунуп калыптырмын, кенебей жүрүп дартым өтүшүп кетип катуу ооруп калдым. Үйдөгүлөр келип мени айылга алып кетишти. Жанагы жигитим артымдан келет го деп күткөм, бирок келбеди. Достору жемелеп, “ушундай сүйүүңдү колдон чыгарасыңбы? Бир нерсе кылсаң боло” дегенине ал суз гана “кана эми, менин колумда мүмкүнчүлүк болсо, баары башкача болбойт беле. Мен аны менен бул дүйнөдө эле эмес, аркы дүйнөдө да чогуу болгум келет” деп жооп бериптир. Анын мындай сөзүн укканда же кубанарымды, же ыйларымды билбей кызыктай абалда калдым. Учур чагында бактысын кармай албаган, кайдагы боло элек нерсеге үмүт артканы – бул жөн эле жаш баланын кыялы эмеспи, ээ? Акыл-эси тетик, өзүнө бекем адам жок дегенде өз бактысы үчүн аракет кылып күрөшмөк да? Көп убакыт чайналып жүргөндөн, ортодогу белгисиздиктен чарчадым да, болгон кийимдеримди чемоданга салыштырып, чет өлкөгө биротоло жашоо үчүн учуп кеттим...
Миргүл