(Башы өткөн сандарда)
Казакстанда эл аралык масштабдуу фестиваль өтүп жатты. Кыргыздын желеги менен чыккан Айдайдын шакирттери өз өнөрлөрүн тартуулай баштады. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй дүк-дүк. Мындай фестивалга далай катышты Айдай. Бирок бул жолу ал уулун алып келгени үчүн өзгөчө толкунданды. Эмир сахнада! Болгондо да чоң сахнада. Чындыгында Айдай өз уулу экенин биле электе эле Эмирге көңүлү оогон. Андагы өзгөчө үндү дароо сезген. Тээ мурун Айдайдагы тубаса талантты устаты дароо сезгендей эле, Эмирдеги тубаса талантты да Айдай сезген. Өзү таптап минтип чоң сахнага алып чыкты. Эмир кооз авазы менен ырдап жатты. Анын үнүн укканда эле калыстар тобу бири-бирин таңдана карашып, зал жымжырт боло түштү. Эки колун көкүрөгүнө алып сахна четинде карап турган Айдайдын көздөрүндө он талаа жаш. Шакирттери акыркы ырды ырдап бүтүшкөнчө ушундай абалында катып турду. Менеджерлери ага таң кала берди. Анын мындай абалын көрүшкөн эмес. Эмир сахнанын аркасынан дароо аны карады. Көздөрү тушташа түшүп, экөө тең эмнегедир кучакташып калышты. Айдай ушул ирмем үчүн бүт өмүрүн бергенге даяр болчу. “Ыраазымын, Кудайым, мен сага ыраазымын” деп жатты ал жогору жакты карап. Эмир бир аз ыңгайсыздана түштү.
– Сиз бизге ишенбей турдуңуз окшойт, ээ?
– Ии, акыркы даярдыктарга келбей койдуң, кантер экен деп бир аз санааркадым,- деди көзүнүн жашын аарчыган Айдай.
– Мен баары жакшы болот деп ишендим. Өзүмө ишендим. Топтогу балдарга ишендим. Болбосо акыркы мүнөттө келбейт элем.
– Баса, эмне болуп келип калдың?
– Атам экөөбүз бир нерсеге мелдештик. Мен ага өзүмдүн талантымды далилдейм дедим. Ал дагы сөзүнө туруп, мен үчүн бир жакшылык кылат.
– Кандай жакшылык?
– Кийин айтайын...- деди Эмир башка балдар экөөнү карап турганын байкап. Айдай да башка шакирттери өзүнө келе албай туруп калганын байкады да, аларга утурлай басты.
– Азаматтарым! Баарыбызды куттуктайм! Силер мыктысыңар!
Бул эл аралык фестивалда Айдайдын шакирттери биринчи орунду камсыздап келишти. Бардык сайттар, гезиттер Айдай жана анын балдары тууралуу жазып жатып калышты. Муну Илим да көрдү. Айдайдын ийгиликке жетиши ал үчүн жаңылык эмес эле. Бирок бардык интервьюсунда ал Эмирди мактап, анын үнүн баса белгилеп жатканын байкады. Айдай мындай кадамга барбашы керек эле, абайлаш керек эле деп ойлоп жатты ичи уйгу-туйгу болуп. Ага кандай болсо да жолугуп сүйлөшкөнү оң.
ххх
Аэропорттон күтүп алгандардын арасында Эмил да, Илим да бар эле. Айдай ал экөөсүн көрүп эмне кыларын билбей калды. Кимисине эмне дешти да билбей апкаарый түштү. Экөө тең сынагансып тиктеп турушат. Эмир атасына барып саламдашып калды.
– Азаматсың!- деди атасы Эмирди кучагына кысып. Биринчи жолу ушундай ысык кучакташы бул адамдын. Бала таң кала атасын тиктеп калды.
– Мен айтпадым беле сизге, биринчилик биздики болот дедим беле?
– Ооба, айткансың.
– Демек, сөзүңүзгө турасыз...
– Бул жолу сага айткан сөздөрүмдүн баарына турам.
Эмир атасына ыраазы боло кучактады. Бул арада Айдай Илимдин жанына басып барды.
– Салам! Сени келет деп ойлогон эмес элем,- деди Айдай. Илимдин жүзүн тиктеп туруп бул адамды канчалык сагынганын байкады. Акылы менен дайыма “муну да көтөрөм” дегени менен, акыркы жылдары Илимге аябай байланып калган эле. Жүрөгү кусадан сызылып жатты. Мурункудай ээрчишип басып кете алса ээ азыр. Кайдан, көзү далысын теше тиктеп Эмил турат. Бир жаңылыш кадам жасаса...
Илим да аны кусалуу карады. Бирок таарынычы, ызасы да күчтүү эле.
– Тигиниң да бул жакка келерин билген эмесмин, болбосо келбейт элем. Сага кеңеш айтайын деп келгем. Эл алдына уулуңду өтө эле көп чыгарып жатасың. Бул сен үчүн, репутацияң үчүн...
– Бул мен өзүм чече турган маселе!- деп жиберди Айдай. Катуу айтканын байкабай калды.
– Хм, ошондой де.
– Ооба, ошондой.
– Сен азыр акыркы көпүрөбүздү өрттөп жатасың, билип жатасыңбы?- деди Илим.
Айдай эмне дээрин билбей калды. Эмилдин эки көзү далысынан өтүп турганын байкады.
– Кет, Илим. Мындан ары өз чечимдеримди өзүм кабыл алам.
Илим эмне дээрин билбей туруп калды. Ал бир нерсе дегиче Айдай шыпылдай басып Эмилдин жанына келди.
– Саламатсызбы?..
– Оо, Айдай, куттуктайм сизди дагы. Мен телевизордон көрүп отурдум. Шакирттериңиз мыкты!
– Рахмат.
Дагы башка тааныштар келип курчап алып, куттуктап жатышты. Айдай болсо Эмир кайда барат, эмне кылат көз жаздымынан чыгарган жок. Ал дароо сыртка чыгып шашылыш такси издей баштаганын байкады. Таксиге түшүп баратканын да көрдү. Курган бала кайда шашты мынча? Антип ойлогуча аркасынан Эмил келди.
– Апасына шашып жатат,- деди ал анын эмне ойлоп турганын байкап.
– Эмнеге, абалы оорбу?
– Бүгүн операция жасалат. Аман-соо чыгышы күмөн.
– Эмир “атам мага сөз берди” деди. Эмне сөз бердиң?
– Айттым го. Ажардын операциядан аман-соо чыгышы күмөн деп...
– Ии?
– “Эгерде фестивалга барып жеңип келсем апамды жайына кой, ажыраш” деди Эмир. Мен макул болдум. Бирок соо чыкпайт.
– Бул эмне деген сөз?
– Мен айттым го, кайнагам экөөбүздүн бизнесибиз бир деп. Ажар менен ажырашуу мүмкүн эмес соо болсо. Бирок аман калышы мүмкүн эмес. Мен сага жакшылык кылыш үчүн Эмирди алдадым.
– Демек, Ажар айыкса деле сен аны менен ажырашпайсың?
– Жок, мен кааласам да ажыраша албайм. Ажар дагы. Бул бизнес. Сен аны түшүнбөйсүң.
Айдай алдындагы адамды таң кала тиктеп турду. Мунун канча жүзү бар деги? Бир туруп жакшы адам экенине ишенип кетесиң, бир туруп шайтандын дал өзү...
– Бала сага ишенди да,- деди ал өкүнүчтүү. Эмил күлүп гана койду. Ажардын тагдырын чечип койгонсуп турганына Айдайдын жини келип кетти. Бирок акылы менен иш кылганы туура.
– Кана, кеттикпи?
– Тигичи?- деди ал Илимди көзү менен көрсөтүп.
– Сен аны менен бүтүр дегенсиң. Мен бүтүргөм. Ал башка адамды күтүп турат. Мага келген жок.
– Аа, андай болсо кеттик.
Айдайдын Эмил менен ээрчише чыгып бара жатканын Илим өрттөнө карап турду. Чындап эле жылдар бою билем деген бул аялды бирөө сыйкырдуу таякча менен алмаштырып койгондой эле.
ххх
Операция оор өттү. Бирок ийгиликтүү эле. Эмир үчүн бул сааттар оңойго турган жок. Акыры профессор өзү чыгып операция ийгиликтүү бүткөнүн, апасы эми айыга турганын айтканда жаш балача шолоктоп ыйлады. Ушундай болот деп ойлогон, Кудайга жалынган. Акыры тилеги орундалды.
ххх
Ажар эсине келип-келе электе эле колун кимдир бирөө кармап турганы сезди. Албетте, уулу. Көзүн акырын ачты.
– Мен тирүүмүнбү?- деди акырын гана.
Эмир апасынын колдорун өпкүлөп жиберди.
– Ооба, апа. Баары артта калды. Мына, көрдүңүзбү, баары жакшы болот деп айттым эле го сизге. Операция ийгиликтүү болду дешти. Бирок дагы жакшылап дарылануу керек.
– Өх, чын эле тирүүмүн, ээ?
Ажар ишенбегенсип өзүнчө кобурап койду. Балкып бактылуу болуп кетти. Жөн гана дем алып, тирүү калганы үчүн бактылуу эле...
(Уландысы кийинки санда)