(Башы өткөн сандарда)
– Көрдүм, эже...
– Менин бир сүрөтүмдө сенин Аскатыңдын башы жүрөт. Тааныдыңбы?
– Шапкесинен тааныдым.
– Шапкеси жер каймактагандагы шапке болсо, тааныйсың да.
– Ии, уят, эле. Маданияттын кишилерин өлтүрдүк.
– Экөөбүз маданияттуунун баарын ашмалтайын чыгарып ушактайт экенбиз. Нак маданиятсыз өзү бизбиз...
– Тарыхчыларды тааныбайбыз да кашайып, бир көрөт элек.
– Тааныганда эмне аларды? Баары бир тарыхты билбейбиз.
– Маданиятчыларды жайына коёт элек да.
– Маданиятты деле кыйратып билбейбиз. Билгенибиз эле Аскаттын шапкеси менен Ибрагимовдун папкеси экен.
– Шапкеси жок 40 градус суукта Москвага келгендин кадырын көтөрүп ыр жазгандар бар. Телегейи тегизди түрсүгү жоктой кылып кадырын түшүрүп ыр жазгандар бар. Сиз экөөбүз биринчиге киребиз. Шапкеси жок келгендерге шапке, папкеси жок келгендерге папке алпергендердин пейилине рахмат!
– Шапке-папке алперип эле өлсөк эмне? Артынан үч ай нааразычылыгын, ынжыганын укпадыкпы.
– Көрөм го Аскатты. Сиз барганда «40 градус ысыкта келиптир» деп сизге шляпа алып бергенин.
– Ой, алып бербесе мейли, алдырбаса эле болду.
ххх
– Ушул күндү күтүп жүргөм. Бирок бул күн мен күткөндөн эрте келди. Чоочун номурдан бирөө телефон чалып, андагы аялдын үнү «Артурду кандайча тааныйсың?» деп суроо узатты. Ким экенин дароо түшүндүм.
– Мен эки Артурду тааныйм, бири узун Артур, экинчиси кыска Артур. Сен кайсынысын сурап жатасың?- деп кара күчкө тирмиңдеген болдум. Болбосо колум калтырайт, жүрөгүм оозумда. Маектешүү кайсы жерге барат деп заматта ар нерсени ойлоп үлгүрдүм. «Кыска Артур» деди ал. «Күйөөсүнүн кыска экенин билет экен» дедим ичимден.
– Эки Артур тең мен иштеген кафенин кардарлары,- деп актандым.
– Сага кафенин бардык кардарлары чалып, СМС жазып турабы?
– Ооба. Качан келерин, канчада келерин, канча киши келерин, эмне тамак жей турганын айтып турат. Жазып да турат.
– Сен мени жинди деп ойлоп жатасыңбы?!- деди үнүн көтөрүңкү чыгарып. Мен аны эмес, өзүмдү жинди деп ойлоп, өзүмдү жинди көрсөтө турган убак экенин эске алып, «түшүнгөн жокмун» дедим. Биринчи суроосун укканда эле баарын түшүнгөм. Жинди боло калууга да акылым жетти. Бирок эмнеге кайра башынан ушул күндү көрүп, эмнеге ушул жашоону жашап жатканыма акылым жетпеди.
– Мен сенин мындай келжирек сөздөрүңө ишене турган аял болсом, сага чалмак эмесмин. Биз бир үй-бүлөбүз. Биздин беш жашар кызыбыз бар,- деди аял. Аялдардын бирөөсү жок дегенде башкача сүйлөсө, эмне болот десеңиз. Сүйлөшүп алгансып баары сөздөрүн «биз бир үй-бүлөбүз, биздин мынча балабыз бар» деп башташат. Биз ал нерселерди билебиз. Күйөөлөрү деле айтат. Өздөрүн эле эмес, ата-жотолоруна чейин билебиз. Биздин күнөөбүз – билгенибизде... Билип туруп, ошол жашоого кайыл болуп жашап жатканыбызда. Жарым аялдардын күнөөсү ошол. Андан ары мен буга чейин уккан эле сөздөр айтылып жатты. Угуп турдум. Мен ага «ооба, кызың бар, оорукчан кайнатаң бар, сен аны багасың. Артур сени менен ажыраша албайт, анткени өзүн сага милдеттүү деп эсептейт. Буларды сенсиз деле билем, күйөөң да айткан. Ал мени сүйөт, мен да аны сүйөм. Биз бир жылдан бери мамиле күтүп жүрөбүз» деп жоопбергим келди. Бирок анте албадым. Телефондун тигил учундагы аял менин жанымда күнөөсүздөй, мага суроо бергенге, талап койгонго акысы барбай көрүндү. «Артур – биздин кафенин кардары, мага чалып, жазып турат. Башка маселең болсо өзү менен сүйлөшүп ал» деп өчүрүп койдум. «Сен деле эртең турмушка чыга... туут... туут...» Сөзү жарым жолдон үзүлүп калды. «Тарбиялык саат» башталганда өчүрдүм. «Бирөөнүн уясын бузган болбойт, сен да турмушка чыгасың, сенин да балаң болот, бактың болот. Сенден ошол бактыңды башка бирөө талашса эмне кыласың?» деген сыяктуу сөздөрдү айткысы келди болуш керек. Баары болушу мүмкүн. Баары болот. Бирок мен күйөөмдүн көңүлдөшүнө эч качан телефон чалбайт болчумун. Өзүм да кемсинип, бирөөнү да кемсинтип отурбайт элем. Же башыма келбеген үчүн ушинтип ойлонуп жатамбы, билбейм. Телефон чалсаң эле баары жакшы жагына чечилип кетпейт да. Күйөөңдүн бирөөсү бар экенин билип калганың аз келгенсип, ошол бирөөнүн үнүн укканда эмне өзгөрөт? Атын укканда эмне өзгөрөт? Телефонду өчүрүп алып кайра чалат деп күтүп отурдум... Менин моюнга албасымды түшүндү окшойт. Кайра чалып же жазып тынчымды алган жок. Аялы акылдуу эркектер менен мамиле күтүш керек окшойт, эже. Анан Артур келди. «Кечирип кой, экинчи сенин тынчыңды албайт. Аял болгондон кийин кызганат да. Бирок бардык нерсени ачыкка чыгарып, анын маанайын деле, өзүбүздүн маанайыбызды деле бузбай эле коёлу. Мындан ары ушул телефон аркылуу байланышалы» деп мага жаңы телефон узатты.
ххх
– Боюмда болуп калганын билгенде сүйүнгөн жокпуз. Сүйүнө албадык. Тилек мени аяды. Мен корктум. Элден, Тилектин туугандарынан, апамдан корктум. «Алдырып салалы» деп мен биринчи айттым. Көнгөн жок. Ойлоп көрсөм, Тилек ошондо биринчи жолу мени коргоптур. Өзү байкадыбы-байкабадыбы билбейм, бирок коргоду. «Алдырбайбыз, төрөйсүң» деди. «Алдырабыз» деп көнсө эмне кылат элем, билбейм, бирок «алдырбайбыз» деген сөздү угуп ыйлап жибердим. Экөөбүз турмуш кургандан тартып ошондо биринчи жолу долуланып ыйладым окшойт. Коркуп, ичимдеги төрөлө элек баланы аяп ыйладым. Ушул күндү өзүмө-өзүм тилеп алганыма кейип ыйладым. Тагдырыма нааразы экенимди, деги эле бактылуу болбогонумду ошондо билдим. Кайненемдер талап кылган сеп буюмдарын жаттап бүткөм. Канча акча кетерин да эсептеп бүткөм. Анча септи жасаш үчүн мен дагы 2-3 жыл жебей-ичпей, баш көтөрбөй иштешим керек болчу. Балалуу болсок, иштей албай калам деп коркуп жүргөм. «Эрте» деп жүргөм. Ошого «бейубак боюмда болуп калды» деп өкүндүм. Эми мен уккан сөздөрдү балам кошо угарын элестеттим. Өпкөм өпкөмө батпай ыйладым. Ичимде таарынычым толтура экен. Тилекке, кайненеме, кайнежелериме, абысындарыма, апама, өзүмө... Балбалактап ыйлап да, сүйлөп да жаттым. Ичимдеги балага бир боорум ачыйт. Эми эмне болот? Өзүбүздүн абалыбыз бул болсо, бала кантип күн көрөт? Мен батпай жаткан үйгө бала кантип батат? Тилектен улам ушинтип сурап коём. Темир-тезекти чукулап күн өткөргөн, темир-тезекти жакшы түшүнгөн киши адамды сооротконду билбейт окшобойбу, далдайып эле отуруп калды. «Жаныңда мен турам, мен бармын го» дегенден башкага жараган жок. «Сен менин жанымда экениңе эки жыл болоюн деп калды, деги эле сенин жанымда экениңди сезген жокмун, сезе элекмин ушул күнгө чейин!» деп кыйкырдым. Биринчи жолу кыйкырдым. «Ыйлаба!» деген сайын күчөп ыйладым. Бозоруп, менден бетер бактысыз болуп мени кучактап отурду. Боюмда бар экенин ушинтип тосуп алдык. Кинодогудай болуп секирип кубанып, көзүбүзгө жаш алып, бири-бирибизди куттуктаган жокпуз... «Бейубак» дедик, бейубак экенин жашырган жокпуз...
Боюмда болгонун билген күндөн тартып, өзүмдү ар жерге алып барып коюп көрчү болдум, бирок өзүмдү дардайган ичим менен деги эле эч жерге батыра албай койдум. Кайнагамдын үйүнө деле, кайненемдин үйүнө деле, апамдын үйүнө деле... Элестетип алып эле батпайм. Тилек экөөбүздүн төрт чарчы бөлмөбүзгө дароо эле батпай калдым. Кетиш керек деген ой ошондо пайда болду. Баламды коргош үчүн кетишим керек деп ойлоно баштадым. Алыстарга, эч ким тааныбаган жактарга кетип калсам, балам ушунун баарын көрбөсө, төрөлгөндө ушул бүлөнүн баласы эмес, менин эле балам болуп төрөлсө деп ойлодум...
(Уландысы кийинки санда)