АДАМДАН БАШКА ДАГЫ ЭМНЕЛЕР ТҮШ КӨРӨТ?

Илимий маалыматтарга таянсак, чоң адамдарда түш көрүү узактыгы 1 мүнөттөн 80 мүнөткө чейин созулат. Адатта, адам 1 түндө 3-7 түш көрүшү мүмкүн. Бирок анын көбүн эстей албай калат. Түшкө адамдын өтмүшү, жакындары, тааныштары, оорусу жана башкалар кирет, түштө аян берген учурлар кездешет.

Тюмень мамлекеттик университетинин окутуучусу Николай Карповдун “башка сүт эмүүчүлөрдө да көргөн түшүн эстеп калуу жөндөмдүүлүгү бар болушу ыктымал. Мисалы, мышыктардын түшүндө курмандыгын кубалаганы же адамдан, жаныбардан коркуп качканы кирет” деп айтканы бар.

АКШда маймылдарга эксперимент жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, аларга “кол жаңсоолордун тили” (язык жестов) үйрөтүлгөн. Экспериментте алар уктап жатканда “макул”, “суу берчи” деген сыяктуу белгини билдирген кол жаңсоолорду колдонушканы аныкталып, ошондон улам “маймылдар түш көрөт” деп жыйынтык чыгарылган.

Америкалык зоологдор жөргөмүштөр да түш көрөбү деп байкоо жүргүзүшкөн. Анда жөргөмүштөрдүн уктап жатканда көздөрүнүн кыймылдаганы, буттарын бүктөгөнү жана курсактарын тартып бүрүшкөнү байкалган. Мындай факторлордон улам зоологдор алар да түш көрүшөт деген жыйынтыкка келишкен. Негизи эле окумуштуулар жылкы, ит, жапайы коёндор түш көрөт дешет.

Чикаго университетинин биологдору Эмиш Дэйв жана Даниэль Марголиаш амадин чымчыктарынын мээсинин уйкудагы жана кадимки учурдагы иштешин изилдеп көрүшкөн. Жыйынтыгында алар түш көрүшөт жана түшүндө сайрай турган кайрыктарын репетиция кылуулары мүмкүн деп айтышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Баткен
2023-05-09 01:24:00
"Адамдан башка дагы кайсы жаныбарлар түш көрөт" десеңер болмок экен темасын.
+1
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан