“Беш тапандын” бир тапаны, өзү айткандай, топтогу жигиттердин эң арыгы, чырайлуусу – Ильяз Иманалиев. “Күлкү иммунитетти көтөрөт” деген тамаша сөзгө таянсак, Ильяз мырзанын элдин “иммунитетине” кам көрүп келе жатканына 21 жыл болду.
– Ильяз мырза, “Беш тапан” тобуна кантип келип калгансың?
– Ошто кафеде музыкант болуп иштеп, клавишада ойночумун. Ырдап да калчумун. Ал кезде максатым – ырчы болуу эле. Ошол кафеден тамактанып жүргөн 2-3 бала бир күнү “биз куудулбуз, репетиция кылат элек, аппаратың менен ойноп бербейсиңби?” деп калышты. Барып ойноп бердим. Анан “Беш тапан” тобуна бала керек. Агайыбыз Рахман Разыков кастинг өткөрүп жатат, катышып көрбөйсүңбү?” деп калышты. Кастингге катышып, өтүп кеттим. Ошентип 2002-жылы 8-апрелде биринчи жолу сахнага чыкканбыз. Башында бир аз сүрдөдүм, бирок корккон жокмун. Кийин жеке концерт берерде “сатираларымды эл кандай кабыл алат” деп корктум. “Корксо да коён өлөт, коркпосо да коён өлөт” деп белди бекем бууп, 2 жолу Бишкекте жеке концерт бердим. Учурда Токтогулда Каныбек Разыков экөөбүз гастролдоп жүрөбүз.
– Учурунда “Беш тапан” концертти армансыз эле бердиңер окшойт...
– Бизге атактуулук 2007-жылы келди. Анда 24 жашта элем. Концерттерибиз аншлаг менен өтүп жатса эле, “концерт койсок эл дайым ушинтип агылып келе берет” деп туура эмес ойлончу экенбиз. Ошентип биртке жалкоолоно түшүп күйөрмандарды жоготтук. Кайра эсибизге келип аракет кыла баштаганбыз. Гастролдоп жүрүп Кыргызстандын элинин жарымын таанып калмак болдук окшойт (күлүп).
– Кесибиң боюнча кимсиң? Куудулдукка келгиче ЖОЖдо билим алган экенсиң...
– Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде 2 жыл окугам. Анан окууну “асып” коюп, “Беш тапан” менен гастролго кетип калгам. Окуу ошол асылган боюнча калды.
Мектепте деле орто окугам. Оюнкараак, шок элем. Уйкучулук жайым азыркыга чейин бар. Мал кайтарып жүрүп уктап калып, анан аларды издеп эле басып жүрчүмүн.
– Ырчы болом деп жүрүп куудулдукка өтүп кетипсиң да. Сенин оюңча, ырчылык жол жеңилби же куудулдукпу?
– Куудулдук ырчылыктан кыйын. Мисалы, бир жакшы чыккан ырды ырдай берсең ал ыр хит болот. Ал эми жакшы тамаша, сатира биринчи жолу айтылганда гана күлкүлүү болот. Андан кийин кызыгы кетет. Андыктан куудул тынбай иштеши керек. Бир ирет Рахман агай менен ырчылык, куудулдук тууралуу сүйлөшүп калганыбызда ал “ырчыларга караганда куудулдуктун өмүрү узун болот” деген эле. Ошентип өмүрүн узартууга аракет кылып жүрөм. Ырчылардан айырмаланып, биз чындыкты чыркырата айта алабыз. Рахман агай “сатира – бул коомдун ооруп жаткан жерин көрсөтүп туруучу курал” дечү. Куудулдар, анын ичинде мен да ошол куралды алып жүрөбүз. Куудул ырдаса, бийлесе, актёр болсо да жараша берет.
– Убакыттын өтүшү менен элдин юморго карата табити өзгөрдүбү?
– Куудулдук коомго, коомдогу окуяларга жараша өнүгөт окшойт. Биздин азыркы тамашаларга, мисалы, 10 жылдан кийин эл күлбөй калышы мүмкүн.
– Чыгармачылыктагы атаңар Рахман Разыковдун көзү өтүп кетти. Анын барында куудулдар жогору жактагылардын жоруктарын бетке айтышчу. Азыркы куудулдарда дале эрк, дымак барбы?
– Бар. Улуу куудулдар, Рахман атабыз куудулдукту бизге таштап кеткенден кийин мындан аркысына биз жооп беребиз. Жоопкерчиликти жон терибиз менен сезебиз. Буюрса, курч идея, сатиралар менен иштей беребиз. Бирок улуу куудул агаларыбыз жасагандай реформаларды жасай алабызбы-жокпу, мезгил көрсөтөт.
– Куудулдун жашоосу кандай анан? Ушул кесиптин арты менен үй-бүлө бакса болобу?
– Куудулдук – мөмөсүн кеч берүүчү кесип. Андыктан тапканыма жараша жашайм. Бирде хандай, бирде кедейдей...
– Бир учурда сахнадан көрүнбөй кеткен элең?
– 2005-жылы Нүрбү деген аксылык кызга үйлөнгөм. Үйлөнгөндөн кийин 2 жылдай сахнадан алыстап кеттим. Бойдок кезде качан келдиң, кайда барасың деген сурактар жок болчу да. Үй-бүлөлүү болгондон кийин карым-катнаш көбөйүп, жоопкерчилик өсөт экен. Ошентип үй-бүлөмдү, өзүмдү да калыпка келтиргиче 2 жыл өттү. Анан сахнага кайттым. Учурда 2 уул, 1 кызым бар. Улуу балам мектепти бүтүп, аскерге барууга даярдык көрүп жатат.
– Сени айрымдар ачуусу чукул адамдай элестетишет экен...
– Жылдыз белгим эгиздер. Эгиздердин ичинде 2 адам жашайт экен. Андыктан бир туруп күндөй “жарк” этип, бир туруп чагылгандай “чарт” этип өзгөрүп кетмейим бар. Көңүлдөнүп бир ишке киришсем аягына чыгарам. Ойлогон оюм ордунан чыкпай калганда кээде чүнчүп баштайм. Чыр-чатакты жактыра бербейм, ага энергия короткуча тил табышып алып, маселени чечүүнү баалайм.
Менин экинчи куралым – сөөгү жок кызыл тилим. Адамдар менен бат мамиле куруп, иш-чараларды мыкты уюштурууга жөндөмүм бар. Сындын кабыл алчусун кабыл алам, айрымдарын кабыл алгым келбей талаша кетем.
– Япондордо “бир өмүрдү 2 жолу жаша” деген накыл кеп бар. Бул “өмүр өткүчө эки кесипти аркалап иштеп көр” дегени. Сенде кесипти өзгөртүү ою барбы?
– Андай оюм жок. Сыягы, мен өмүрдү бир эле жолу жашайт окшойм (күлүп).
– Тойлордо тамада болуп да жүрөсүң. Жан дүйнөңө той жакынбы же концертпи?
– Концерт жакын. Үйдөгүлөргө болсо той жагат. Анткени тойдон кийин үйгө кешик көтөрүп барасың да. Той – киреше, ал эми концерт коюла элек жатып чыгымдарды талап кылат.
– Сахнада көбүнчө алсыз, арык адамдын, мастын ролун ойнойсуң. Арыктыгыңдын себеби эмнеде?
– Ойчулдар “акылды курсак башкарып калганда ичиң чыгат. Денени акыл башкарганда гана семирбейсиң” дешет го. Андыктан мени курсак эмес, акыл башкарат го дейм. Мени досторум “уктаганда тебинбеген, канча жесе да семирбеген” деп тамашалашат.
– Чыгармачылыгың өркүндөй берсин!
Канымжан Усупбекова