ОСМОН ИМПЕРИЯСЫНЫН АЛГАЧКЫ БОРБОРУ ЖАЙГАШКАН БИЛЕЖИККЕ САЯКАТ

Осмон империясынын тарыхы тууралуу түрк сериалдары аркылуу кенен таанышып келебиз. Бүгүн дал ошол атактуу Осмон империясынын алгачкы борбор шаары болгон Сөгүт шаарчасына, Билежик аймагына саякаттайбыз. Аймактын бир нече тарыхый жерлери тууралуу баяндайбыз.


Билежик аймагы

Билежик – Түркия Республикасындагы тоо коюнунда жайгашкан кичинекей жашыл шаар. Калкы болжол менен 75 миңге жакын (2021-жыл). Климаты Борбордук Анадолу аймагынын континенттик климаты менен Мрамор деңизинин аймагынын мелүүн климаты аралашкан, жайы ысык жана кургакчыл, жаз жана күз көбүнчө жаан-чачындуу болот.

Бул шаар 1302-жылга чейин Византия империясына, 1302-жылдан баштап Осмон империясына караган. Ал Сакария дарыясынын бир куймасынын өрөөнүндө, Сөгүт шаарчасынан 22 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан. Дал ушул Сөгүт шаарчасында 1231-1243-жылдары Осмон бийлиги жаралган, кийин ал Осмон империясына айланган. Билежик шаарынан көптөгөн тарыхый инсандардын мүрзөсүн, мавзолейин, музейлерин жолуктурууга болот.

Эртугрул Газинин мүрзөсү

Эртугрул Гази Осмон империясын түзгөн Осмон Газинин атасы. Эртугрул Осмон империясынын негизи болгон кайы уруусунун башчысы болгон. Ал Византия императорлорунун түрктөрдү Анадолудан сүрүп чыгаруу аракетине жарым кылымга жакын туруктуу чеп болуп турган. Мүрзө Челеби Мехмет Iдин доорунда курулган. Кийин оңдоп-түзөөлөрдөн өтүп, мүрзөнүн айланасында жыл сайын кайылар Сөгүткө келишип, майрамдык салтанаттар өткөрүлгөн. Учурда да жыл сайын бул жерде Эртугрул Газиге арналган семинарлар, майрамдар өткөрүлөт. Мүрзөнү эки күзөтчү кайтарат. Алар маалы менен нөөмөт алмашып турушат.

Эртугрул Газинин этнографиялык музейи

Башында үч кабаттуу жыгач имарат 1900-жылдардын башында курулган Осмон амбулаториясы болгон. 2001-жылы оңдоп-түзөөдөн кийин имарат музей катары пайдаланууга берилген. Музейде Билежик көчмөндөрү тарабынан колдонулган көптөгөн этнографиялык буюмдар, шаймандар, эски кийимдер, килемдер, аспаптар, идиш-аяктар, туулар, курал-жарактар жана тыйын капчыктар, токуу жабдыктары бар. Рим империясынын карапа ашкана куралдары жана Рим, Византия жана Осмон мезгилине таандык тыйындар сыяктуу археологиялык экспонаттар да бар.

Билежик шаардык музейи

Музей 1794-жылы эки кабаттуу жандармериялык гарнизон катары курулуп, биринчи кабаты түрмө катары колдонулган. Баштапкы имарат 1921-1922-жылдардагы оккупация учурунда толугу менен күйүп кеткен. Кийин имарат кайра курулуп, биринчи кабаты кайрадан түрмө катары колдонулган. 1996-жылы имарат музей катары колдонуу үчүн Маданият жана туризм министрлигинин карамагына өткөн. Анда музейдин археологиялык жана этнографиялык коллекциялары көргөзмөгө коюлган. Экспонаттар хронологиялык тартипте жайгаштырылат. Биринчи үч бөлмөдө палеолит, неолит, коло, эллинизм доорлоруна, Рим, Византия империясына жана Осмон империясына таандык буюмдар коюлган. Калган он бөлмөдө Осмон дооруна таандык керамика, металл буюмдар, курал-жарактар, ашкана буюмдары, жасалгалар сыяктуу этнологиялык буюмдар, Билежик аймагынын кийим-кече жана архитектура үлгүлөрү көргөзмөгө коюлган.

Шейх Эдебалинин күмбөзү

Шейх Эдебали ислам теологу, Осмон мамлекетинин руханий негиздөөчүсү, ал Осмон Газинин насаатчысы жана кайнатасы болгон. Ал 1206-жылы туулуп, 1326-жылы каза болгон деген маалымат бар. Буга таянсак, ал 120 жыл жашаган. Ал Осмон империясынын биринчи кадиси болгон. Осмон Газинин аялы Рабия Бала Хатундун атасы. Күмбөз Орхан Гази тарабынан Эски Билежик шаары түптөлгөн өрөөндө кичинекей дөбөгө тургузулган. Шейх Эдебалинин кеңештери бүгүнкү күндө да эл арасында кеңири колдонулат. Шейх Эдебалинин күмбөзүнүн жанында анын аялы жана кызынын да күмбөзү бар.

Осмон султандарынын тарыхы камтылган музей

Кылымдар бою төрт континентте атагы чыккан Осмон империясынын тарыхына кызыккандар үчүн бул жер табылгыс булак. Бул жерден Осмон султандыгын башкарган ар бир инсандын тарыхын баштан-аяк окуп, портреттерин көрүп, алар курган тарыхый имараттар, катышкан согуштар тууралуу маалымат алууга болот. Музейди кооздоо үчүн композиттик продуктулар, айнек, керамика, топурак, мрамор таштары колдонулган. Муну курууга Түркиянын таланттуу художниктери катышкан. Музей ачык асман алдында кооз табиятка, гүлдөргө оролгон. Бул тарыхый тилке Шейх Эдебали күмбөзүнүн жанында жайгашкан. Музейдин узундугу 140 метрди түзүп, 36 султандын жашоосун баяндайт.

Саякатты уюштуруп берген Түркиянын Туризм министрлигине караштуу Туризмди өнүктүрүү агенттигине жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият кеңешчилигине ыраазычылык билдиребиз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан