КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Мунара Алимжан кызы
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 17-декабрь
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Оргазган айылы
– Мунара, маектин башында минтип сурайын, эмне үчүн журналистиканы тандагансыз?
– Бала кезден журналистикага кызыгам. Үйүбүздө такай радионун үнү жаңырып турчу. Ал кезде диджей деген жаңы термин болчу, аны мен “киджей” деп угуп, “мен чоңойгондо киджей болом” десем, эжем күлүп “киджей эмес, диджей” деп сөзүмдү оңдогону эсимде. Оозума сала берген экен, мектепти аяктагандан кийин ЖОЖдун журналистика факультетине тапшырып окуп калдым. Бир жолу УТРКнын жанынан өтүп баратсам өзүн радионун кабарчысымын деп тааныштырган Эмил Чекиров деген жигит микрофон сунуп, ар кандай суроолорду узатып калды. Кызыгы, ошол жигиттин сурамжылоосуна жалпы 3 жолу катышып, тааныш болуп калдык. Андан “радиодо иштегим келет, кантип жумушка кирсе болот?” деп сурасам, “бизге тажрыйба топтоого келип, өзүңдү сынап көр” деди. 2008-жылы декабрда келдим, тушоом кесилди. Ошондон бери УТРКдамын. Жакында телеге автордук “Айтыш төр” долбоорумду чыгардым.
– Бир жерде узакка иштөөгө бекем эрк керек болуш керек. Башка жумушка которулууну ойлонуп көрдүңүз беле?
– “УТРКнын тузу оор” деп коюшат, бир жолу даамын таткандан кийин кете албай каласың, же кетсең кайра келесиң. Мен да кетип көргөм. Окуу борборлорунда, коомдук фонддордо иштеп жүрдүм. Тил үйрөнүп, изденип, өзүмдү өстүрүүнүн үстүнөн иштедим. Атүгүл чакан ишкерлик менен да алектенип көрдүм. Журналисттик кесип адамдар менен бат тил табышып, ишти жеңил алып кетүү жөндөмүңдү ачат. Кайсы тармакта иштебейин, ишти алып кете аларыма көзүм жетти. Акчанын артынан кууп, башка тармакта деле иштеп кетсем болмок, бирок жан дүйнөмдүн каалоосуна каршы чыга албай 3 жылдан кийин УТРКга кайтып келгем.
– Жасаган жумушуңуз канчалык деңгээлде купулуңузга толот?
– Канааттанган эфирлерге караганда канааттанбаган, өзүмдүн купулума толбой калган эфирлер арбын. Кээде Кудай оозуңа сөз салып, эфирде укмуштай ачылып сүйлөп, кызыктуу берүү алып барасың. Кээде тилиң чалыштап, оюң чачырап, буга чейин жасап жүргөн ишиңди тыңдап аткара албай чайналасың. Ошентсе да жоопкерчиликти эске алып өтө чоң каталарды кетирбөөгө аракет кылабыз.
Бир жолу майрамдык түз эфирде отургам. Коноктор жайгашып, микрофондор иштетилип, мына-мына эфир башталат деп жатканбыз. Анан эле тарактап жанымда отурган ырчы байке отургучу менен кошо чалкасынан кетип, аңтарылып түшсө болобу. Студияда андан башка да 3,4 ырчы бар эле, эфирге сүйлөгөнгө дарман жок, баарыбыз күлүп, тигил байкени тургузуп жүрөбүз. Эфирде эл менен учурашпай эле, бир нече мүнөт күлкү жаңырып турган. Пультта отурган экинчи алпаруучубуз да күлүп жатып микрофондорду өчүрүп коюуга алы келбей калган (күлүп).
– Кайсы атактуудан алган маегиңиз таасирлентип, эсиңизде калган?
– Журналистикада жүрүп көп адамдар менен баарлашып, көптөрдүн сырына, ырына ортоктош болдум. Ар бир каарманымдын жан дүйнөсүн окуганга, дилин ачып, сырын чечкенге аракет кылам. Ар бир каармандын жакшы жактарын өзүмө алууга умтулам. Өзгөчө эсимде калганы – 2013-жылы залкар акын Элмирбек Иманалиевден алган маегим. Ошол маектеги айрым суроолорум үчүн азыр уялам, бирок ага карабай каармандын өзү кызыктуу болгондуктан эфир мыкты болуп, бир нече жолу кайталанып берилген.
Дагы бир көңүлүмө жакканы – Түгөлбай Казаков агайдан алган интервьюм. Бул агай өтө билимдүү, маалыматка бай болгондуктан кимге маек бербесин кызыктуу жана таасирдүү сүйлөп берет эмеспи.
– Жакшы атанын жаман кызымын деп айтканыңыз бар. Мындай дегениңизге караганда атаңыздын эрке кызысыз го...
– Атам мен үчүн бүтпөгөн чоң тема. Ал сөз кадырлаган адам, кыргыздын салттуу өнөрлөрүн абдан жакшы көрүп, айтыштарды, терме-санат, дастан, күүлөрдү көп угар эле. Атам дегенде жайлоодо өткөн бактылуу учурлар эске түшөт, бизге элдик уламыштарды, жомокторду, илгеркиден калган таасирдүү окуяларды айтып берчү. Боз үйдүн түндүгүнөн жылдыздарды санап жомок угуп уктаган күндөр... Кээде айтыштарды, кенже эпосторду көркөм окуп берчү, үнү абдан уккулуктуу эле. Менин журналист болуп калышыма атам себепкер деп ойлойм. Ал киши ошол учурдагы жашоо шартка байланыштуу 2-класска чейин эле окуп, андан ары окуусун уланта албай калган экен. Ага карабай ички интеллекти бийик, китепти көп окуган адам болчу. Балалык кылып көп нерсени аңдабай калдым. Атам абдан терең адам болгонун эми аңдап түшүнүп жатам.
– Демек, атаңыз сиздин чыгармачылык жолду тандаганыңызга кубанса керек?
– Ооба, эфирге биринчи жолу чыгарда атама сүйүнчүлөгөм. Алгачкы эфиримден тарта өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин мени укту. 2012-жылдын 29-апрель күнү саат 23:30га чейин түз эфирде болгом. Аягында угармандарга бейпил түн каалап, коштошуп жатып атам менен да биротоло коштошуп жатканымды билбептирмин. Атам ошол эфирди угуптур да, неберелерине “мына, эжеңер сүйлөп бүттү, эми уктайлы” деп радиону өчүрүптүр. Анан жарым сааттын ичинде уйку-соонун ортосунда жүрөгү кармап кете бериптир (көзүнө жаш алып). Айыл эли урматтап-сыйлаган, колунан келген жакшылыгын элден аябаган жакшы адам эле. Ошол үчүн өзүмдү “жакшы атанын жаман кызымын” деп жүрөм.
– Кайсы жердин кызысыз?
– Биздин айыл Өзгөндүн эң четки айылы, Көк-Арт, Ак-Талаа, Тогуз-Торо аймактары менен чектешет. Төрт тарабы тоолор менен курчалган, чөбү киши боюнан бийик өскөн мал чарбачылыгына ыңгайлуу жер – Оргазган деген айылдын кызымын.
– Кеп соңунда жеке жашооңуз тууралуу да сүйлөшсөк...
– Жеке жашоом азырынча жеке бойдон турат. Кудай буюрган күндү күтөлү. Карьера жасайм деп турмушка чыкпай жаткан жерим жок, болгону азырынча өзүмдүн адамымды жолуктура элекмин.
Турсунай Алымкулова