Түрк сулуусу РАБИЯ СОЙТҮРК

“Сахна сулуулукту, жаштыкты сүйөт”. Жылдан жылга жаңы муун алмашып, кино, шоу-бизнес дүйнөсүндөгү жүздөр жаңыланып турат. Түрк кино дүйнөсүндө жылдызы жанып жаткан жаңы муундун катарына актриса Рабия Сойтүрк да кошулду.

Туулган жери: Түркия, Стамбул

Туулган жылы: 1996-жыл, 11-март

Жылдыз белгиси: балык

Бою: 166 сантиметр

Кесиби: медайым, архитектор, актриса, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: “Гүлпери”, “Менин атым Мелек”, “Альпарслан: Улуу Сельжуктар”, “Тыңда мени”, “Коштошуу каты” жана башка

КЕМПИР БАККАН КЫЗ

“Кемпир баккан кыздар кыйын болот” деген жакшы сөз бар эмеспи. Ошол кыйын кыздардын катарында Рабия Сойтүрк да бар. Балалыгы Стамбул шаарында, чоң ата-чоң энесинин колунда өткөн. Атасы азык-түлүк дүкөнүнөн чыкпаса, апасы сулуулук салонун өнүктүрүү менен алек болчу. Андыктан неберелерин тарбиялоо милдети чоң ата менен чоң энеге жүктөлгөн эле. “Мени карабай койгонсуңар деп ата-энеме эч качан таарынган эмесмин. Тескерисинче, менде эки ата, 2 апа болгонуна азыр да сүйүнөм, сыймыктанам” дейт Рабия. Мектеп жашында бийге кызыгып, чимирилип бийлеп калган. Энергияга бай, активдүү кыз болчу. Иш-чаралардын активдүү катышуучусу болуп, театралдык сценкаларда сахнага тайманбай чыгар эле. Кесип тандоодо багытын медицинага буруп, медициналык колледжге тапшырып, медайымдын билимин алды. Ооруканага жумушка орношуунун ордуна дагы бир жолу кесибин алмаштырууну чечип, бул ирет архитектура багытына кайрылган. Стамбул университетинен архитектор дипломун алган кыз бул жолу дагы билимине жараша кесипти аркалаган эмес. Тескерисинче, балалыгына кайрылып, эми өзүн кайрадан театрдан сынайм дейт...

СПОРТ

Бош убактысынын көпчүлүгүн спортко арнайт. “Спорт өзгөчө терс эмоцияларды сыртка чыгарууда жакшы жардам берет. Машыккан адам стресс, депрессия болбойт. Өзгөчө мага окшоп спорттун экстремалдык түрлөрүн тандасаңыз жаңылбайсыз”,- дейт сыртынан назик көрүнгөн сулуу. Рабиянын ою боюнча, актёрлук кесиптин оорчулугу деле жок, болгону сериалдын көп убакыт тартылганы тажатып жиберет. Эгер тасма талаасында спорт менен машыкканга шарт жок болсо, анда чемоданында дайыма китеп бар. Жумасына бир жолу үй-бүлө мүчөлөрү менен кезигип, чер жаза сүйлөшүп келгенге аракет кылат.

ЖАҢЫ МУУН

Театр, актрисалык Рабия үчүн кыял деле эмес эле. Болгону жаңы нерсени үйрөнүү, жаңычылдыкка умтулуу деген нерсе бар болчу кыздын мүнөзүндө. Бирок 2018-жылы белгилүү актриса Жансу Дере менен бирге “Инсан” сериалына тартылып, аябай таасирленип калган. Ошентип, 2018-жылы кино дүйнөсүнө Рабия Сойтүрк аттуу татынакай актриса кошулду. Рабияны түрк элине эле эмес, бир нече өлкөгө тааныткан “Альпарслан: Улуу Сельжуктар” тарыхый сериалы болду. Мейли, экинчи пландагы роль болсун, бирок актриса режиссёрлордун да көзүнө урунуп, баш каармандын ролуна чакыруу алган. Ал 2022-жылы көпчүлүк көргөн “Тыңда мени” сериалы болчу. Учурда болсо Рабиянын кезектеги сериалы экрандан жума сайын көрсөтүлүүдө. Драма жанрындагы “Коштошуу каты” сериалында Рабиядан сырткары түрктөрдүн алп актёр-актрисаларынын катарына кирген Нургүл Ешилчай, Селим Байрак да бар.

СУЛУУЛУК

Сулуулук жаатында жөнөкөйлүктү жана ыңгайлуулукту тандайт: “Бир жерге кычырап көйнөк кийип, бийик такалуу бут кийим менен барасың. Бирок бийик така ыңгайсыз, бир аз убакыттан кийин эле болгон жериң ооруп баштайт. Кечеге сөзсүз бийик така кийип барыш керек деген мыйзам жок да. Болгону өзүңө, кийген кийимиңе ишеним болушу керек. Сулуулук курмандыкты талап кылат дегенге көп кошулбайм. Адамды кийим эмес, спорт жана туура тамактануу сулуу кылат. Анан да жан дүйнөнүн сулуулугу деген болот. Баарынан жан дүйнөсү таза, сулуу адам бааланышы керек”.

Өзү жөнүндө кайсы туура эмес маалымат ызаландырат деген журналисттердин суроосуна жообу: “Менин кичинекей кездеги сүрөтүм менен азыркы сүрөтүмдү салыштырып, пластикалык операция жасаткан деген маалыматтарга кыжырым келет. Адам деген өзгөрөт, арыктайт-толот, боёнот дегендей. Мурдумдун сөөгү өркөч сыяктуу туура эмес формада болчу. Ошол өркөчтү алдырып, түздөтүп гана койгом. Ал операция деле мен атактуу болгонго чейин жасалган. Оозумдун формасы генден, үй-бүлөдө баарыбыз калың эриндүүбүз, ботокс же башканын кереги жок”.

ЖҮРӨГҮ БОШ...

“Менин атым Мелек” сериалынан кийин Рабиянын актёр Мустафа Мерт Көч менен кыз-жигит болгону маалым. Актёр кызды үй-бүлөсү менен тааныштырып, мамиле олуттуу өңүткө бараткан. Анан эле эмне болуп жаштар эки жакка кеткени белгисиз бойдон калды. “Тыңда менидеги” өнөктөшү Жанер Топчуга да “жабыштырышты”. Бирок атактуулар жакшы достордон гана экенин айтып, күйөрмандарынын шаабайын суутуп коюшту. Азыр эми “Коштошуу каты” долбоорунда актёр Эмре Кывылжым менен “химия” болуп жатышат. Иштин арты сүйүүгө айланабы же жумуш бойдон калабы, убакыт көрсөтөр.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Afrodita1993
2023-05-20 20:27:00
0
Afrodita1993
2023-05-20 20:27:00
Башын башкале денеге фотошоп кылып жасап койгонго окшош экен
0
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан